2020-2024-жылдарга Демократия жана Адам укуктары чөйрөсүндө ЕБ аракеттеринин планы боюнча демократия жана адам укуктары жаатындагы ЕБ артыкчылыктарын талкуулоо.

Мар 29.2021

29-март, 2021-ж.

Бишкек ш., Кыргыз Республикасы

 

2020-2024-жылдарга Демократия жана Адам укуктары чөйрөсүндө ЕБ аракеттеринин планы боюнча демократия жана адам укуктары жаатындагы ЕБ артыкчылыктарын талкуулоо 

“Бир Дүйнө-КР” укуктук кыймылынын командасы жана жамааттардан глобалдык деңгээлге чейинки шериктештик тармагы КРдагы ЕБ Делегациясына 2020-2024-жылдардагы Демократия жана Адам укуктары чөйрөсүндө ЕБ Аракеттеринин Планынын артыкчылыктарын талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө жана чакырууга ыраазычылык билдирет.

Баарыбыз билгендей, 2020-жылдын 25-мартында аракеттердин бул Планы менен Кеңеш бардыгы үчүн универсалдуу баалуулуктарды андан ары алдыга жылдыруу ишинде Европалык биримдиктин бекем жактай тургандыгын ырастайт. 2020-2024-жылдарга Демократия жана Адам укуктары чөйрөсүндөгү Аракеттердин жаңы планында тышкы байланыш жаатындагы кийинки беш жылдыкка конкреттүү ишмердүүлүк үчүн негизги артыкчылыктар баяндалган.    

Бир Дүйнө жана өнөктөштөр ЕБ жана ага мүчө мамлекеттердин адамдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана коргоо; демократиялык коомду, туруктуу жана инклюзивдүү чөйрөнү түзүү; демократия жана адам укуктары глобалдык тутумуна көмөктөшүү; жаңы технологияларга байланыштуу маселелерди чечүү жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу; ишмердүүлүктү биргелешип иштөө аркылуу жүзөгө ашыруу сыяктуу жалпы камтылган артыкчылыктарда ЕБ глобалдык лидерлигин дагы бекемдөөгө жана ыкылас коюуга тышкы ишмердүүлүккө тийиштүү бардык чөйрөлөрдө өз инструменттеринин жалпы спектрин пайдалана тургандыгын колдойт.  

ЕБ жана ага мүчө мамлекеттер аялдардын жана кыздардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтилиши жана гендердик теңчилик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүндөгү артыкчылык катары аялдар жана кыздардын укуктары толук көлөмдө жүзөгө ашырылышына көмөкчү болот. Көз карандысыз жарандык коом, жагымдуу жарандык мейкиндик жана укук коргоочуларды коргоо жана колдоо бул максаттарга жетүү үчүн артыкчылыктуу маанилүү элементтер болуп саналышат.

 

Тилекке каршы, КРда ЕБ Аракеттер Планынын бардык артыкчылыктары коркунуч алдында

1.Жарандардын аялуу топтору жашаган тобокелдик зоналарындагы каргашалар, коркунучтар жана тобокелдиктер.

Кыргызстанда өнүктүрүү программалары жана баарынан мурда уран калдыктарын рекультивациялоого багытталган долбоорлор (алар өлкө боюнча 92, булардын ичинен эң коркунучтуусу Майлуу-Суу дүйнө жүзүндөгү эң кооптуу 10дуктун ичине киргизилген) жергиликтүү коомчулуктун реалдуу муктаждыктарынан жана керектөөлөрүнөн алыс экендигин жана төмөнкү натыйжалуулугун көрсөттү, алардын жашоочулары эне тилинде маалыматка жеткиликтүү болбогондугуна байланыштуу документтердин мазмуну менен тааныша алышпайт жана алар жөнүндө билишпейт.

Эл аралык донорлор тарабынан колдоого алынган ар кандай улуттук долбоорлордун улуттук жумушчу топторуна (Адам ресурстарын башкаруу боюнча, аялдардын жана аярлуу катмардын укуктарын коргоо боюнча) киргизилген жарандык коом өкүлдөрү борбордук шаарларда жайгашкан жана жер-жерлердеги адамдар менен иш алып барышпайт.

 

ЕБ ДОЛБООРЛОРУН ЛОКАЛДАШТЫРУУ

Долбоорлорду гранттык каржылоонун алкагында жергиликтүүдөн тартып улуттук деңгээлге чейин долбоорлорду локалдаштырып баштоо мааниге ээ, анткени, мурдагы практика ири шаарлардын жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ажырымды  күчөтөт. ЕБ долбоорлору локалдаштырууда, жергиликтүү жамааттарды алдыга жылдырууда жаңы инновациялык өбөлгөлөрдү жүзөгө ашыруу жергиликтүү деңгээлден глобалдык деңгээлде чейин  реформаларга көмөктөшүү менен аймактардын добуштарын төмөндөн  жогору карай жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. ЕБке IT технологияларды колдонуу менен социалдык-экономикалык, саясий маселелер боюнча ЕБтин жүргүзгөн иштери боюнча жергиликтүү коомчулуктун маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу зарыл; Өнүгүү программалары жана долбоорлор биринчи кезекте  аймактар  менен өз  ара аракеттенүүгө багытталып, аны иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга алардын натыйжалуулугу жана айкындуулугу үчүн жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү менен эксперттер тартылышы керек.

 

БИЗНЕС ЖАНА АДАМ УКУКТАРЫ 

Эмне үчүн тоо кендерин өндүрүүнүн кесепетинен табият, тоолор, көлдөр бузулуп, баарынан мурда аялдардын, жаштардын жана аялуу топтордун укуктарына тескери таасир этет? Эмне үчүн адамдар стихиялуу миграциянын өсүшүн жогорулатуу менен качкындардын санын көбөйтүп, өз үйлөрүн таштап кетишет? Бизнес тарабынан адам укуктары жана эркиндиктери сакталбагандыктан, ажырым тереңдейт жана жарандардын акыйкат башкаруу принциптерине карата ишенбөөчүлүгү жаралат, анткени, адамдар трансулуттук коррупциянын өсүшүнө, аткаминерлердин жоопкерчиликке тартылбагандыгына, алардын көбүнчө БУУна мүчө өлкөлөрдө адам укуктары жана эркиндиктерин, демократиялык баалуулуктардын четке кагылганына күбө болушат. Коммерциялык ишканалардын таасиринин өсүшү бул субъектилердин адам укуктарына карата ролу жана жоопкерчилиги жөнүндө талаш-тартыштарды жаратып, БУУнун күн тартибине бизнес жана адам укуктары жөнүндө маселени камтууга алып келди.

Атайын өкүл адам укуктары аспектисинде ишкердик ишмердүүлүктүн жетектөөчү принциптерин иштеп чыккан, ал 2011-жылдын июнь айында адам укуктары боюнча кеңеш тарабынан бир добуштан колдоого алынган.  Бул Жетектөөчү принциптер адам укуктарына корпорациялардын ишмердүүлүгүнө терс таасир этүү коркунучун  алдын алууга жана болтурбоого багытталган жалпы стандартты  биринчи жолу аныкташты, ошондой эле, бул бизнес жана адам укуктары жаатында стандарттарды жана практикаларды  илгерилетүү үчүн эл аралык деңгээлде таанылган негиз бойдон улантылып калууда. Түпкүлүктүү элдердин жана азчылыктардын жамааттарынын алкагында  майыптуулугу бар адамдар сыяктуу маргиналдашкан топтор үчүн кошумча маанилүү, мисалы, веб-сайттар жеткиликтүүбү жана алар кошумча жардам берүүчү технологиялар менен шайкешпи? -  деген сыяктуу суроолор келип  чыгат.

Аларды аялдардын жана укук коргоо уюмдарынын катышуусу менен жамааттык деңгээлдерге чейин локалдаштыруу маанилүү. 

 

2. КРда адам укуктарын коргоочулар, блогерлер, журналисттер коркунучта

2008-жылы укук коргоочулар боюнча Европалык биримдиктин Колдонмосу иштелип чыккан, ошентсе дагы, азыркы убакка чейин Кыргызстанда анын жүзөгө ашырылышы формалдуу мүнөзгө гана ээ болуп келген, коркутуп-үркүтүүлөр жана куугунтуктоолор болгон оор учурларда укук коргоочулар жалгыз, ЕБ тарабынан реалдуу коргоосуз жана колдоосуз калышкан.

 Укук коргоочу Азимжан Аскаров эркиндикке жана акыйкаттыкка жетпей, адекваттуу медициналык жардам албай, абакта көз жумду. Бүгүнкү күнгө чейин бийлик анын өлүмүнүн себептерине ынандыраарлык корутунду бере элек жана таанымал абийир туткуну Азимжан Аскаровдун кейси боюнча (анын өлүмүнөн кийин) адам укуктары боюнча БУУ комитетинин түшүндүрмөлөрүн аткарууга кайтууга аракет кылган жок, антсе да, укук коргоочу, анын жубайы Хадича Аскарова  Бир Дүйнө адвокаттары менен бирге акыйкаттыкты калыбына келтирүүнү талап кылышууда.

 

БУУ КОМИТЕТИНИН ТАРАБЫНАН КЫЙНООЛОРДУН БАШКА КУРМАНДЫКТАРЫ БОЮНЧА ДАГЫ КР ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН АТКАРЫЛБАЙТ 

Камактагылардын аялуу топтору бар атайын мекемелерди жана жабык жайларды  реформалоо пандемиянын үчүнчү толкунунун болуу коркунучун күтүүнү камтуу менен азырынча көңүл буруусуз калууда. БУУ башчысы Гуттереш мырза өлкө башчыларына, БУУ мүчөлөрүнө гумандуу инструменттер аркылуу, Манделла принциптерин колдонуу менен катуу оорулуулардын, балалуу аялдардын, жашы жете электердин, улгайган жана майыптыгы бар адамдардын категориялары үчүн альтернативаларды берүү же бошотуу менен  абактагылардын санын кыскартуу боюнча бир нече жолу кайрылды.

 

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ МАСС-МЕДИА АРКЫЛУУ ГЕНДЕРДИК ЧЕНЕМДЕРДИ ЖАНА ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИКТИ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ ҮЧҮН ЖАҢЫ БИРГЕЛЕШКЕН КҮЧ-АРАКЕТТЕР

2020-2024-жылдарга адам укуктары жана демократия чөйрөсүндөгү талкууланган ЕБ аракеттер планы COVID-19 учурунда кабыл алынган, ошентсе дагы, адам укуктары жаатында бузуулар тобокелдиктерин, саясий мейкиндиктин кыскарышын, натыйжада регионалдык фундаментализмдин алдын алуу,  боюнча стратегиялык иш-чараларды камтыды. Пандемия бүт дүйнө жүзүнө, айрыкча, Кыргызстан сыяктуу Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен катар жайгашкан транзиттик өлкөлөрдөгү чечилбеген тутумдуу маселелерди ачып көрсөттү. Аялдар, жаштар жана жарандардын аялуу топтору үй-бүлөдөн баштап глобалдык деңгээлге чейин жаңы чакырыктарды, тобокелдиктерди жана коркунучтарды  болуп көрбөгөндөй сезип-туюшту. Негизги коркунуч аялдардын, жаштардын жана жарандардын аялуу топторунун, айрыкча, этникалык топтордун укуктары боюнча кырдаалдын начарлашы диний фундаментализмди өсүшү болуп саналат.

Динди же маданиятты актануу катары колдонуу менен консервативдүү топтоо аялдардын абалын начарлаткан жана кылмышкерлердин жазадан качышына жол берген реакциялык мыйзамдарды жана салттуу практиканы алдыга жылдырып жатышат. Этникалык жана диний азчылыктар, ошондой эле, ЛГБТ жамааттары консервативдүү топтордун башкы максаты болуп саналат. Консерваторлор жана улутчулдар өз таасирлерин канчалык тереңдеткендигине жараша мамлекет ошончолук авторитардык болуп баштайт,  өзгөчө пикир жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялоо мүмкүнчүлүгүн атайын азайтуу менен басмырлоо практикасына каршы тургандарга кол салуу жана коркутуп-үркүтүүлөрдү жүргүзүү менен милитаризм масштабы жана тереңдиги боюнча өсөт. Фундаменталисттик системалардын көз карашында адам укуктарынын универсалдуулугу жана тең укуктуулук принциптерин тануу жатат, аялдардын маданий укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн олуттуу мааниге ээ болгон, анын күчү менен бул принциптерди бекем коргоо укук коргоочу жооп берүүчү чараларды гендердик өңүттө эсепке алууга  негизделген баалоо критерийи болуп калат.  

Бул коопсуздук, тынчтык жана туруктуу өнүгүүгө реалдуу коркунуч, анткени, Биригүүлөр жана Ассоциациялар Эркиндигине жарандардын укуктарына жол келтирүү менен адам укуктары боюнча БУУнун декларациясынын архитектурасынын бузулушуна  коркунуч өсөт.  Бул көптөгөн өлкөлөрдүн 17 Туруктуу өнүгүү максаттарын аткаруудагы негизги жетишпестиктерден болуп саналат. 

БУУнун мүчө өлкөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүүгө, жер-жерлердеги укук коргоочу аялдарды  коргоого, колдоого негизги көңүлдү буруу менен  укук коргоочулардын укуктарын коргоо боюнча ЕККУнун, ЕБтин, БУУнун колдонмолорун аткарууга уникалдуу мезгил келип жетти.

 

СУНУШТАМАЛАР:

• ЕБ адам укуктарын бузган, БӨУ, көз карандысыз профсоюздардын жана журналисттердин, укук коргоочулардын, айрыкча, укук коргоочу аялдардын саясий мейкиндигин чектеген  адам укуктарын бузган өлкөлөргө карата таасир этүүнүн   GSP+ рычагын активдүү колдонуу зарыл;

• Пандемияга байланыштуу жаңы тобокелдиктерди жана чакырыктарды эске алуу менен саясий мейкиндиктин кыскарышын токтотуу жөнүндө, адам укуктарынын бузулушун, айрыкча, азчылыктардын жана аялуу топтордун укуктарынын бузулушун алдын алуу боюнча ЕБтин таасир этүү механизмдерин, стратегиясын чагылдырган кошумча документти кабыл алуу же берилген Аракеттер планына кошумча киргизүү.

• Өкмөттүн, башка мамлекеттик органдардын тышкы жардамдарды, короновирус жана башка каатчылыктар менен келечекте күрөшүүдө соопчулуктарын колдонуудагы иштеринин натыйжалуулугун жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттер менен өз ара таасир этүү механизмдерин пайдалануу;

• Жабык жайларда CV-19 таралышын алдын алуу жана Н.Мандела принциптерине ылайык соттолгондорду ыкчам бошотууну караган өзгөчө Пландарды иштеп чыгуу маселелер боюнча мамлекеттер менен ЕБ өз ара аракеттенүүсү;

• ЕБ БУУ жана  эл аралык уюмдардын короновирус пандемиясы мезгилинде абактагылардын жана  башка камакка алынгандардын санын бул чара коопсуз болуп саналгандарды мөөнөтүнөн мурда, алдын ала жана убактылуу кыскартуу жолу менен азайтуу боюнча    сунуштамаларын алдыга жылдыруу;

• Айрыкча, жабык, балдардын жана психиатриялык мекемелерде мажбурлап

 вакцинациялоого, короновирустан эмдөөнү камтуу менен жол бербөө боюнча мамлекеттердин өкмөттөрү менен бирге аракет кылуу, буга каршы жагдайда ал кыйноолорго жана катаал мамилеге теңдештирилет; мамлекеттер менен жабык мекемелерде адам укуктарынын бузулушун болтурбоо үчүн укук коргоочуларга, мониторинг органдарына (сырткы инспекцияларга)  түрмөгө жеткиликтүү болууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү;

• Пандемия мезгилинде жана ыктымал болуучу кийинки каатчылыктарда жана карантиндерде гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо боюнча жаңы, таасирдүү пландарды киргизүүгө көмөктөшүү; гендердик теңчилик же гендердик ченемдер  көз карандысыз масс медианын кеңири чагылдырылышында жана алардын катышуусу менен алдыга жылдырылышы керек;

• Пандемия мезгилинде дин ишениминдеги адамдарды, активисттерди жана блогерлерди куугунтукка алуу жана укуктарынын чектелишин болтурбоо максатында   экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө адам укуктарынын сакталышына  көңүл буруу;

• Пандемия, карантиндер мамлекет тарабынан көз карандысыз журналисттердин жана ЖМКнын ишмердүүлүгү жана сөз эркиндигин чектөө үчүн механизм катары колдонулбашы керек;

• Пандемия, карантиндер мамлекеттер тарабынан укук коргоо институттарынын, укук коргоочулардын ишмердүүлүгүн чектөөдө, асыресе, адам укуктарынын бузууларын алдын алуу үчүн жабык жайларга превентивдик баруударда, мониторинг жүргүзүүдө колдонулбашы керек;

• ЕБ жергиликтүү өкүлчүлүктөрү жарандык коом жана бийлик өкүлдөрү менен КР сыяктуу өлкөлөрдө укук коргоочулар боюнча ЕБ колдонмолорун адаптациялоо жанв укук коргоочулардын укуктарын коргоо боюнча иштерди талкуулоо жана алдыга жылдыруу үчүн системалуу түрдө жолугушуп жана өз ара аракеттенүүсү керек.

• Көз карандысыз масс медианын катышуусу менен гендердик теңчилик аркылуу жергиликтүүдөн глобалдыкка чейин ЕБ программаларын локалдаштыруу;  

• 2011-жылдын июнь айында адам укуктары боюнча Кеңеш тарабынан бир добуштан бекитилген адам укуктары жаатындагы ишкерлик ишмердүүлүк принциптеринин жетектөөчү принциптерин жергиликтүүдөн глобалдык деңгээлге чейин киргизүү;

• КРнын Акыйкатчы Институтунун, Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Улуттук Борбордун эл аралык Париж принциптерине ылайык ролун бекемдөө жана  статус берүү. 

 

«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы

Email: birduinokyrgyzstan@gmail.com  

www.birduino.kg

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg