«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы «Бир Дүйнө-Кыргызстан – 2020» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын ХIV эл аралык фестивалына кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.
Уюштуруу комитетинин чечими боюнча, адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын ХIV эл аралык фестивалы:
"Адамдар жанакырсыктар: тобокелдиктер кырсыктарга айланбашы үчүн кандай кылуу керек?" темасына арналат.
Кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү — бул кырсыкка туш болгон шарттарда жашап кетүү маселеси гана эмес, бул – жарандардын алардын чөйрөсү үчүн мүнөздүү болгон тобокелдиктерди аларды зыяндан коргой турган жана жашоо-турмушун жакшырта турган ыкма менен мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү.
2015–2030-жылдарга[1] карата кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча Сендай алкактык программасына бириккен мамлекеттер прогресс өз ичине негизги кызыкдар топторду, мунун ичинде аялдарды, майыптуулугу бар жактарды, балдарды жана жаштарды, улгайган адамдарды, этникалык топторду, жеке жактарды жана анын көп түрдүүлүгүндө бүтүндөй жарандык коомчулукту камтыган жалпы жарандардын мамилесинен көз каранды деп таанышат.
Быйылкы жылы “Бир Дүйнө-Кыргызстан” фестивалы "Адамдар жана кырсыктар: тобокелдиктер кырсыктарга айланбашы үчүн кандай кылуу керек?" темасына арналат жана онлайн режимде өткөрүлөт.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш өз баяндамаларынын биринде[2] глобалдык пандемиянын шарттарында дагы туруктуу өнүгүү курсун кармануунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Ушуга байланыштуу чеберканалар туруктуу өнүгүүнүн 8 максатына арналат жана онлайн режимде улуттук жана эл аралык эксперттердин катышуусунда өткөрүлөт.
3-максат: Чың ден соолук жана бейпилчилик
4-максат: Сапаттуу билим берүү
5-максат: Гендердик теңчилик
6-максат: Таза суу жана санитария
8-максат: Татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш
10-максат: тең укуксуздукту азайтуу
16-максат: Тынчтык, акыйкаттык жана натыйжалуу институттар
17-максат: туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында шериктештик
Катышууга табыштаманы (арыздарды) тапшыруу мөөнөтү – 2020-жылдын 9-апрелинен 15-июнга чейин.
Даректүү тасманын узактыгы 60 мүнөттөн ашпоосу керек.
Катышуу үчүн тиркелген форманы толтуруу зарыл: https://drive.google.com/file/d/17efQPQxPBvGes4pMP2ychOxOrS0w5PK4/view?usp=sharing
E-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com
Маалымат үчүн: Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө Адамдык Укуктары жана Эркиндиктери өзөктүү темаларын көтөргөн кеңири горизонталдык катышуудагы Жарандык Платформа болуп саналат.
[1] 2015–2030-жылдарга кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча Сендай алкактык программасы Бириккен Улуттар Уюмунун кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча 2015-жылдын 14−18-мартында Сендайда, Мияги префектурасы, Японияда өткөн үчүнчү бүткүл дүйнөлүк конференциясында кабыл алынган.