«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы жыл сайын «Бир Дүйнө – Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалын өткөрөт.
Авг 29.2016«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы жыл сайын «Бир Дүйнө – Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалын өткөрөт.
Фестивалдын максаты – маданият жана искусство – даректүү кино аркылуу адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү. Реалдуу окуялардын мисалында көрүүчүлөр социалдык-экономикалык жана дүйнөдөгү саясий маселелерди терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Фестивалдын слоганы - «Бир Дүйнө-Кыргызстан – бул бардыгына орун бар фестиваль!» - иш-чаранын жынысынан, улутунан, жаш курагынан жана социалдык статусунан көз карандысыз болбостон, бардыгы үчүн ачык жана жеткиликтүү экендигин түшүндүрөт. Ушундан улам ал калктын бардык категориядагы өкүлдөрүнө, айрыкча, аярлуу катмарына – мигранттарга, жаштарга, балдарга, улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө акыйкаттык, коррупция, адилет башкаруу, жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу талкууга тартылууга жана бийлик менен өз ара аракет этүү маданиятын калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет.
Фестиваль адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын чехиялык “Бир дүйнө” фестивалынын - Европадагы бүткүл дүйнө жүзүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого таасир эткен танапташ уюму болуп саналат. Борбордук Азияда фестиваль адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын жападан жалгыз фестивалы болуп эсептелет. Ал эл аралык деңгээлде өкмөттүн, эл аралык жана жарандык коомдун, эксперттердин жана режиссерлордун, маданий жана искусство ишмерлеринин, ЖМК өкүлдөрүнүн, укук коргоочулардын жана жалпы эле фестиваль сүйүүчүлөрдүн катышуусунда өткөрүлөт.
Бүгүнкү күндө «Бир Дүйнө – Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалынын форматында жарандык активисттер, жаш режиссёрлор жана дүйнөгө таанымал режиссерлор кирген бир пикирлештердин уникалдуу коомчулугу түзүлдү. Аларды адам укуктары жана эркиндиктеринин фундаменталдык баалуулуктары, татыктуу жашоого жана активдүү жарандык катышууга умтулуу бириктирет. Адам укуктары боюнча тасмалар Кыргызстандын борборуна гана эмес, аймактардагы алыскы айылдарга чейин жетти. Мектептердин жана университеттердин ыктыярчылары, мугалимдер жана ЖОЖдордун окутуучулары даректүү тасмаларды окуу программасында камтышууда. Кыргызстандыктардын аң-сезимдери барган сайын өзгөрүүдө жана алардын жарандык катышуусу жогорулоодо, жылдан жылга көрүүчүлөрдүн саны көбөйүп жатат.
2016-жылдын 1-5-ноябрында адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын X эл аралык фестивалы өтмөкчү. Фестиваль 2007-жылдан бери эл аралык деңгээлде өкмөттүн өкүлдөрүнүн, эл аралык жана жарандык коомчулуктун, эксперттердин жана режиссерлордун, маданий жана искусство ишмерлеринин, ЖМК өкүлдөрүнүн, укук коргоочулардын жана жалпы эле фестиваль сүйүүчүлөрдүн катьышуусунда өткөрүлөт.
2016-жылдын 25-29-июль күндөрү Фестивалдын долбоорунун жумушчу тобу бекиткен Акыйкатчы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгы, Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар Мектеби, ЕККУ жана Жаштарды өнүктүрүү институту курамына кирген комиссия фестивалга тасмаларды тандоо максатында аларды көрүү үчүн жолугушту.
Фестивалда АКШ, Түштүк Африка, Мьянма, Кытай, Афганистан, Сенегал, Иран, Индия, Россия, Грузия, Борбордук Азиядан – Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт. Тасмалардын ар бир көрсөтүлүп бүткөндөн кийин салттуу түрдө даректүү тасмалар авторлору жана алдыңкы эксперттердин катышуусунда көрүүчүлөр менен бирге талкуулар жүрөт. Азыркы тапта курамына ар кыл өлкөлөрдөн эксперттер кирген Фестивалдын калыстар тобу түзүлүүдө. Фестивалдын уюштуруучулары фестивалдын өтүүчү ордун издөө менен алектенип жатышкандыктан, бул тууралуу кошумча кабарланат.
2016-жылдын 22-23-августунда уюм Алма-Ата шаарында «АРГО» жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан өткөрүлгөн Борбордук Азияда жарандык коомду өнүктүрүү боюнча Пилоттук инновациялык лабораториянын ишине катышып келишти. Борбордук Азия өлкөлөрү тарабынан сунушталган башка инновациялардын катарында «Бир Дүйнө-Кыргызстан» УК адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы жөнүндө өз инновациясын лабораториянын катышуучуларына көрсөттү. Лабораториянын катышуучулары фестивалдын масштабдык жана эл аралык мүнөзүн белгилешти. Ошондой эле, фестиваль жарандык активдүүлүктү өнүктүрүүдө инновациялык өбөлгө жана адамдардын ар кыл топторунун социалдык маселелерин талкуулоо үчүн аянтча болуп санала турганы белгиленди.