«Бир Дүйнө Кыргызстандан” акысыз юридикалык жардам боюнча кызуу байланыш ишин улантууда.
Апр 12.2021«Бир Дүйнө Кыргызстандан” акысыз юридикалык жардам боюнча кызуу байланыш ишин улантууда.
Телефон номур: 0705 09 05 45
Эске салсак, ал былтыр сентябрда ишке кое берилип, башкы максаты коронавирус маалында укук бузууларга кабылган жарандарга жардам берүү болчу.
Бирок бүгүнкү күндө арыздар бардык суроолор боюнча кабыл алынууда.
Жарандар көпчүлүк учурда келишимдердин талаптары бузулуп жатканына, мурас маселелерине, алименттерди чегерүүгө, мүлктү бөлүштүрүү жана биргелешкен балдардын жашоо жерин аныктоо боюнча даттанууда.
Мындан тышкары, сотко кайрылуу тартиби, сот чечимдерине даттануу, көз боёмоочулук жана муниципалдык, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине же таасир этпегенине карата арыздар түшүүдө.
Акысыз юридикалык жардам боюнча кызуу байланыш быйылкы жылдын май айына чейин иштейт.