Кыйноолорго каршы Улуттук борбордун кызматкерлери Универсалдык мезгилдик обзордун (УМО) 3-циклинин алкагында орто мөөнөттөгү отчетту даярдоо боюнча практикалык семинарга катышышты.
Кыргызстан биринчи жолу УМОнун 3-циклинде алган сунуштамаларды сактоо боюнча орто мөөнөттөгү отчетун бериши керек. Мурда өлкө 232 сунуштама алган, алардын 193ү кароого алынган.
2020-жылдын 1-сентябрында 78 мамлекет жана 36 улуттук укук коргоо уюмдары жана бейөкмөттөрү (26 өлкөдөн коалиция менен биргеликте, ошондой эле жеке) ыктыярдуу негизде аралыктагы отчетторун беришкен.
Орто мөөнөттөгү отчетторду иштеп чыгуу демейде бардык деңгээлдеги: улуттук, регионалдык, мамлекеттик жана жергиликтүү консультациялар менен коштолот.
Аралыктагы отчеттор сунуштамаларды аткаруу боюнча кийинки аракеттер катары көрсөтүлүшү мүмкүн, алар ошондой эле, көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, адам укуктары жаатындагы айрым темаларга көңүл бурдурат.
Алар БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары тарабынан колдоого алынган ыктыярдуу “алдыңкы практкалардан” болуп саналышат, ошондой эле, БУУ өнөктөштөрүнө жана бөлүмчөлөрүнө жөнөтүлөт.
Сунуштамаларды аткаруунун деңгээлине аралыктан баалоо жүргүзүү оң жетишкендиктер жана сакталып келген тоскоолдуктар, көйгөйлөр жөнүндө маалымат алууну жогорулатууга жардам берет.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун борбордук аппаратынын кызматкерлери жана аймактык кызматкерлери үч күндүк семинарда УМО боюнча орто мөөнөттөгү докладды даярдоону өздөштүрүштү. Алар орто мөөнөттөгү отчеттун стратегиялык адвокациясы жана алдыңкы практикалар жөнүндө маалымат алышты.
Тематикалык топтордогу практикалык жумуштар, эксперттер тарабынан айтылган пикирлер жана талкуу драфт отчетту даярдоого көмөкчү болду.
Назира Абакированын Нарын облусу боюнча аймактык өкүлчүлүктүн жетекчи болуп иштегенине бир жылга айланды. “Мен УМО жөнүндө биринчи жолу билдим. Отчетту даярдоо боюнча жумуш абдан пайдалуу болду. Бул, айрыкча, формулировкаларды тактоого байланыштуу. Аймактардагы кесиптештерим менен тыгыз иштешүү мага жардам берди, эксперттер бизди кубаттап турушту. Мен укук коргоо ишиндеги гендердик мамиленин маанилүүлүгүн эстеп калдым” – дейт Н.Абакирова.
Гендер боюнча эксперт, «Энсан Диамонд» фондунун жетекчиси Джамиля Капарова белгилегендей, көптөгөн отчеттордо гендердик фактор эске алынган эмес. «Орто мөөнөттөгү отчетто аялдардын, эркектердин жана балдардын статистикасын гана чагылдырбастан, алардын таасирин, аялдар менен балдардын муктаждыктарын дагы камтышы керек. Жабык жайлардагы аялдарга оор, алардын медициналык тейлөөгө, санитарияга жана гигиенага муктаждыктары өзгөчө. Мына ушуга көңүл буруу зарыл».
«Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Толекан Исмаилова аймактык эксперттердин катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Көйгөйлөрдү талкуулоодо, аларды чечүү жолдорун издөөдө, кызматташтыкты күчөтүү үчүн аймактагы адамдардын добуштары мааинлүү. Мамлекеттик укук коргоо институтун өнүктүрүү жана колдоонун мындан аркы стратегиясын талкуулоо зарыл».
Иш-чара «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы тарабынан Кыйноолорго каршы Улуттук борбор менен өнөктөштүктө UPR info колдоосу менен уюштурулган.