Убактылуу тергөө изоляторлорун кыдыруу боюнча брифингдин жыйынтыгы
Мар 31.2021ПРЕСС-РЕЛИЗ
16-март 2021 ж
Укук коргоочулар Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча убактылуу тергөө изоляторлорун кыдыруунун жыйынтыгын мамлекеттик органдар менен бирге талкуулашты
Брифинг Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору, ИИМ, Акыйкатчы институту, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Генпрокуратура, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана башка эксперттер менен 16-мартта өттү.
Укук коргоочулар белгилеп кеткендей, 2020-жылдын декабрына чейин УТИлерде коронавирус жана эки тараптуу пневмонияны дарылоо үчүн стационарлар жок болчу. МЖАКнын №21 мекемеси азыркыга чейин тергөө алдындагы камакка алынгандарды жада калса CV-19ге терс анализ бар болгон учурда дагы кабыл алуудан баш тартууда. Натыйжада алар УТИлерде бир нече жумадан бир нече айга чейин кармалууда. УТИлерде адамдар жык толуп, айрымдары жерде жатууга аргасыз. Инфекциялык ооруларга, анын ичинде, коронавируска кабылуу коркунучу өсүүдө. Маселен, оорулуулардын эн көп саны Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгында катталган (66 адамда эки тараптуу пневмония, 11де коронавирус тастыкталган). Мындан тышкары, дээрлик бардык УТИлерде медкызматкерлердин штаты жок, ал эми Бишкек шаарынын ИИББда жалгыз фельдшер өзү он тараптуу пневмонияга кабылып, бирок эч кандай жөлөк пул алган эмес.
Дээрлик бардык УТИлерде кармалгандардын шарттарын катаал мамилеге, ал эми айрым учурларда кыйноолорго тенөөгө болот: ичерге суунун тартыштыгы, жуунууга суунун жоктугу, эски матрацтар жана жууркандар, Панфилов районунун УТИсинде тамак өтө аз берилип жатканына даттануулар болгон (күнүнө бир маал), кээ бир камактагылардын тамак алып келүүгө туугандары жок болуп, ачка калууда.
Эске салсак,«Бир Дүйнө Кыргызстан» укуктук кыймылынан тартылган эксперттер Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору менен бирге Чүй облусундагы жана Бишкектеги УТИлерди 2021-жылдын 11-февралынан 19-февралына чейин кыдырышкан.
Өткөрүлгөн иш-чаралар АКШ элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасынын колдоосунда жүзөгө ашырылган “Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде келечек коркунучуна натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн мониторинг жүргүзүү, коргоо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу аркылуу короновирустун кесепеттеринин таасиринин деңгээлин төмөндөтүүгө көмөкчү болуу” долбоорунун алкагында уюштурулган.
Брифингге бардык катышкандарга ыраазычылык билдиребиз жана көйгөйлүү суроолорду конструктивдүү талкуулап, жакшы тарапка жылыштар үчүн сунуштарды иштеп чыгуу аракетине ыраазычылык билиребиз.