“Биргеликте: Жарандардын чогулууга эркиндиги үчүн!”
Апр 18.202418-апрель,2024-ж.
Пресс-релиз
“Биргеликте: Жарандардын чогулууга эркиндиги үчүн!”
КР жаштарынын Инклюзивдик Лидерлигин илгерилетүү боюнча демилгечи топ активдүү жарандарды 2024-жылдын 21-апрелинде саат 10.00дөн 12.00гө чейин Горький атындагыскверде (Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде) өтүүчү Эмгекчилердин тилектештик күнүнө арналган жарандардын майрамдык чогулуусуна чакырат.
Майрамдык жыйындын катышуучуларынын назарында:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекемделген жарандардын эмгектенүүгө укугу;
- 2030-жылга чейинки мамлекеттик программанын алкагында[1] аялдардын жана жаштардын саясатка, өлкөнүн экономикалык жана коомдук турмушуна, ошондой эле, жергиликтүүдөн глобалдык деңгээлдерге чейин өзөктүү чечимдерди кабыл алууга алардын ролун калыптандырууга көмөктөшүүгө багытталган аялдар лидерлигин колдоо;
- Эмгек чөйрөсүндө зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүлөрдүн тамырын кыркууга багытталган Эмгек эл аралык уюмунун (МОТ) №190 Конвенциясынын принциптерин илгерилетүү.
Эмгектенүү эркиндиги мажбурлап эмгектенүүгө жана эмгек чөйрөсүндөгү басмырлоого тыюу салат, бул адамдын ар-намысын кадырлоого, коопсуздук жана гигиена талаптарына жооп берген эмгек шарттарын коргоого укук берет, ошондой эле, ар бир жумушчунун адилеттүү эмгек акысын жана сый акыны алуусуна укуктарын камсыздайт. (КР Конституциясынын 20.05.2021-ж. 42-беренеси)[2]
Катышууга байланыштуу суроолор боюнча: independentinitiativegroup2024@gmail.comэл.почтасы аркылуу кайрылыңыздар,
КР жаштарынын Инклюзивдик Лидерлигин илгерилетүү боюнча демилгечи топ
[1] https://www.kabar.kg/news/podpisan-ukaz-ob-utverzhdenii-gosprogrammy-po-podderzhke-zhenskogo-liderstva-do-2030-goda/
[2] https://www.gov.kg/ru/p/constitution