“Бир Дүйнө Кыргызстан” уюмунун өлүм жазасы кайтарылган өлкөлөрдүн терс тажрыйбасы жана КР үчүн кейиштүү кесепеттери жөнүндө укуктук талдоосу (анализ) “Кыргызстан өлүмдү эмес, өмүрдү тандаган
24-октябрь, 2025
“Бир Дүйнө Кыргызстан” уюмунун өлүм жазасы кайтарылган өлкөлөрдүн терс тажрыйбасы жана КР үчүн кейиштүү кесепеттери жөнүндө укуктук талдоосу (анализ)
“Кыргызстан өлүмдү эмес, өмүрдү тандаган өлкө бойдон калуусу керек”
“Бир Дүйнө Кыргызстан” командасы жарандык тилектештик тарамы - Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH), Women Learning Partnership (WLP) жана ЕККУ алдындагы Жарандык тилектештик платформасы (CSP) менен биргеликте өлүм жазасын кайтарууга багытталган демилгелерге байланыштуу Кыргызстандын жогорку жетекчилигине терең тынчсыздануу менен кайрылат. Биз мындай кадам адам укуктарынын фундаменталдык принциптерине, ошону менен катар биздин мамлекетибиз тарабынан ыктыярдуу түрдө кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келген жол берилгис жана кооптуу прецедент болот деген ишенимдебиз.
Жазалоонун бул чарасына кайтуу Кыргызстан катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, анын ичинде Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 6-беренесин жана Экономикалык, социалдык жана өлүм жазасынан толук баш тартууга багытталган маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколун түздөн түз бузуу болушу күтүлөт. Мындай кадам ошондой эле адам укуктары боюнча БУУ Советинин, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алкагындагы Кыргызстандын милдеттенмелерине каршы келет.
Кыргызстан юридикалык жактан өлүм жазасын кайтара албайт. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколун (1989-ж.) ратификациялаганда жазалоонун жогорку чарасы катары «өлүм жазасына» ишенимдүү чекит коюп, аталган эл аралык келишимге ылайык кайтарылгыс милдеттенмелерди өзүнө алган.
Атап айтканда, 1-беренеде: «Аталган протоколдун катышуучусу болгон мамлекеттин юрисдикциясындагы бир дагы адам өлүм жазасына тартылбайт» - деп көрсөтүлгөн (1-б.).
Аталган Протокол денонсация жөнүндө, чыгуу жөнүндө жоболорду же жөнөкөйлөтүп айтканда, келишим боюнча өз милдеттенмелеринен баш тартууга мүмкүндүк берген жоболорду камтыбайт. Кыргызстан 1997-жылдан бери мүчө болуп келе жаткан эл аралык келишимдер жөнүндө Вена конвенциясынын 56-беренесине ылайык, эгерде келишимде келишимден чыгуу мүмкүнчүлүгү каралбаса, анда мамлекет эгерде бардык катышуучулар макул болбосо, аны денонсация кыла албайт.
Анткени менен, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бир дагы мамлекет бул протоколду денонсация кыла элек.
Аны менен катар 1969-жылдагы ошол эле Вена конвенциясынын 26-беренесине ылайык, «Pacta sunt servanda», аракеттеги ар бир келишим анын катышуучулары үчүн милдеттүү жана алар тарабынан ак ниеттүүлүк менен аткарылууга тийиш, ал эми ушул эле Конвенциянын 27-беренеси катышуучу мамлекетке эл аралык милдеттенмелерди аткарбоо үчүн актануу катары өзүнүн «ички укуктук жоболоруна шилтеме келтирүүгө» мүмкүндүк бербейт.
Ошону менен катар, Кыргызстандын Конституциясынын 6-беренесине ылайык:
«Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат».
Ошентип, өлүм жазасын киргизүү укуктук жактан алганда туура эмес, себеби бул Кыргызстан тарабынан эл аралык укуктарды, демек, улуттук мыйзам ченемдерин одоно түрдө бузуу дегенди түшүндүрөт.
Натыйжада, өлүм жазасынан баш тартууга багытталган эл аралык келишимдерди четке кагуу же кандайдыр бир кайрадан кароо аракеттери эл аралык укуктун негиз салуучу принциптерине карама-каршы келет жана Кыргызстандын укуктук кадыр-баркына доо келтирет.
Психологиялык көз караштан алганда өлүм жазасы превентивдик функцияны аткарбайт жана кылмыштарды алдын ала албайт. Адам оор кылмышты жасап жаткан учурда өз аракеттеринин кесепеттерин ойлонбойт жана жазалоо, анын ичинде өлүм жазасы жөнүндө да ойлонбойт. Мындай кылмыштардын көпчүлүгү күчтүү эмоциялык чыңалуу абалында, алкологолдук ичимдиктердин, баңгизаттарынын же психикалык жабыркоонун таасири менен жасалат. Көбүнчө мындай бузууларга туш келген адамдар өлүм жазасына эмес, дарылоого жана реабилитациялоого муктаж болушат.
Ошентип, өлүм жазасы кылмышты болтурбай кое албайт, ал болгону зомбулуктардын циклин жаратып, гумандуу сот адилеттигине ишенимди жоготот. Мамлекет өлүмгө өлүм менен жооп бергенде, ал алдын алышы керек болгон зомбулуктун катышуучусу болуп калат. Мындай карама-каршылык сот адилеттигинин моралдык беделин жок кылып, гумандуу мамлекет идеясынын өзүн жоготот.
Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы өлүм жазасын кайтаруу же активдүү колдонуу адам укуктарына байланыштуу кырдаалдын начарлашына жана мыйзам үстөмдүгүнүн алсыздашына алып келип жаткандыгын ынанымдуу көрсөтүп турат.
● Пакистанда 2014-жылы мораторий алынып салынгандан кийин көбүнчө адилеттүү сот стандарттарынын бузулушу менен өлүм жазасы массалык түрдө колдонула баштаган. 2025-жылдын февраль айында гана 46 соттон тышкаркы өлүм менен жазалоо учурлары катталган (Amnesty International, Human Rights Watch маалыматтары).
● Египетте 2013-жылдан баштап өлүм жазасына алып келген массалык өкүмдөр саясий репрессиялардын куралына айланган, камактагыларды өлтүрүүлөрдү кошкондо 100дөн ашуун соттон тышкаркы өлүм менен жазалоо учурлары катталган.
● Индонезияда бангизаттарына байланыштуу кылмыштар үчүн өлүм жазасын калыбына келтирүү айыпталуучулардын укуктарынын бузулушунан жана жоопко тартылбай калууларынан улам эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.
● Сауд Аравиясында эл алдында өлүм жазасыа тартуунун санынын өсүшү цензуранын күчөшү жана укук коргоочуларды куугунтуктоо менен коштолгон.
● Иранда нааразылыктарга катышуу жана саясий көз караштар үчүн өлүм жазасына массалык тартуулар кыйноолор жана көз карандысыз соттордун жоктугу менен коштолот.
Бул мисалдардын баарысы өлүм жазасы укук тартибин бекемдебестен, тескерисинче, өзүм билемдикти, коркунучту жана зомбулукту күчөтөрүн көрсөтүп турат. Антсе дагы, ал тургай жогоруда саналган өлкөлөрдүн өлүм жазасынан баш тартуусуна байланыштуу эл аралык милдеттенмелери болгон эмес, себеби, алар Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколунун катышуучусу болуп эсептелишкен эмес.
Өлүм жазасын кайтаруу сот системасы Кыргызстандагыдай жеткилең боло элек кезде баштагыдан дагы коркунучтуу болмокчу, анткени, соттук жаңылыштык ыктымалдыгы дайыма күтүлөт, ал эми өлүм жазасын колдонуу учурунда мындай жаңылыштыктар – кайра түзөлбөйт. Анан калса, айрыкча, өлкөдө мурдагыдай эле жабык мекемелердеги соттон тышкаркы өлүм менен жазалоо учурларына, кыйноолорго, басмырлоого, укук коргоочуларга кысым көрсөтүүгө, даттануунун натыйжалуу механизмдеринин жоктугуна жана системалуу жоопко тартылбай калуу фактылары катталган олуттуу маселелер сакталып турган кезде тандалмалуу сот адилеттиги тобокелдигин жаратат.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматтарына караганда, акыркы үч жылдын ичинде өлкөнүн түзөтүү мекемелеринде 151 адам көз жумган, алардын ичинен 19 адам өзүн өзү өлтүрүүгө барган. Бул окуялар кармалгандардын оор шарттарына, медициналык жардамдын жоктугуна жана укуктук коргоого жеткиликтүүлүктүн чектелгендигине бай ланыштуу. Мындай инциденттерди иликтөө тийиштүү мекемелердин жабыктыгы жана айкындуулуктун жоктугу менен татаалдашып келет. Бул фактылар өмүргө жана адамдык кадыр-баркка укуктун системалуу бузулушун күбөлөндүрөт, андыктан, өлүм жазасын кайтаруу жөнүндө сөздөр моралдык жактан туура келбейт жана юридикалык жактан карама-каршылыктуу болуп чыгат.
Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган, анын ичинде кыйноолордон жабыркагандар үчүн аткаминерлердин системалуу жоопко тартылбай калышы жарандардын мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө ишенимин жоготот, ага мисал, абийир туткуну, белгилүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү.
“Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму кылмыш сот адилеттигин гумандаштыруу маселелери, кылмыш мыйзам ченемдерин жакшыртуу, ошондой эле, мамлекеттин зомбулук жана кылмыштуулук менен күрөшүү потенциалын бекемдөө жаатында мамлекеттик органдар жана жарандык коом институттары менен өз ара аракет этишүүгө даярдыгын билдирет.
Биз кыйноолорду, катаал, ырайымсыз жана кадыр-баркты кемсинткен мамилелерди же жазалоону алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин өнүктүрүүгө, ошондой эле, сексуалдык зомбулукка каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө жана мындай кылмыштардан жабыркагандарды коргоону камсыз кылууга багытталган биргелешкен демилгелерди колдоого даярбыз.
Бардык суроолор боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан» командасына, актаруучу директору Мурат Карыповго: birduinokyrgyzstan@gmail.com , m.karypov@gmail.com эл. даректери жана +996555422222 тел. аркылуу, «Бир Дүйнө Ош» кеңсесинин директору Хусанбай Салиевге: salievkhusanbay@gmail.com эл. дареги аркылуу байланышууну өтүнөбүз.





