«Эмгекчилердин татыктуу иштөөгө укугу» локалдуудан глобалдыкка чейин жергиликтүү жамааттар үчүн Жарандык мейкиндик академиясынын биринчи сессиясынын жыйынтыктары жөнүндө пресс-релизи

Апр 24.2025

2025-жылдын 17-апрелинде “Бир Дүйнө Кыргызстан” Азия Форуму менен биргеликте локалдуудан глобалдыкка чейин жергиликтүү жамааттар үчүн Жарандык мейкиндик онлайн академиясын ишке киргизди. Биринчи сессия жамааттардын лидерлерин жана активисттерди эл аралык жана улуттук укуктук коргоо механизмдеринин новеллалары жана эмгек укуктарын илгерилетүү, талаштарды жана чыр-чатактарды чечүүдө медиациянын ролу жөнүндө маалымат берүү үчүн «Эмгекчилердин татыктуу иштөөгө укугу» темасынаарналган.       

Жарандык мейкиндик онлайн академиясынын максаттары Кумтөрдөн жабыр тарткандарга, эксперттерге жана стратегиялык чечимдерди кабыл алган тараптарга багытталган, себеби, Кумтөр улутташтырылгандан кийин Ысык-Көл облусунун жашоочулары менен жабырлануучулардын уран калдыктары көмүлгөн 92 жайдын экологиялык коопсуздугу[1]жөнүндө маалыматтарга жеткиликтүүлүгү чектелген, кырсыктарды жана тобокелдиктерди алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Улуттук планы жеткиликтүү болбогондуктан, калдыктар көмүлгөн жайлардын айланасындагы топурак жана ичилүүчү суу жеткиликтүү болбой калган.    

Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн бузулушу жана эриши жашоочулардын жана 1998-жылдын 20-майында авариядан[2]жабыркагандардын тынчсыздануусун жаратат, экс-президент А.Атамбаев вето койгон, Парламент жана Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алуу демилгеленген КР Мөңгүлөр жөнүндө мыйзамына байданыштуу маселе мурдагыдай эле чечилбеген бойдон турат. Бир Дүйнө тарабынан беш айылдагы жамааттар тарамы жана кырсыктар жана тобокелдиктер зоналарында жашашкан жергиликтүү жамааттардын лидерлери менен биргеликте БУУ Атайын докладчысына отчеттор менен бирге кайрылуу жөнөтүлгөн, анткени менен, КР бийлигинен жооп кайтарылган эмес. 

 Академиянын үчүнчү максаты Кумтөр улутташтырылгандан кийин иштеген аялдардын эмгек укуктарына байланыштуу кырдаалга арналган. Академиянын чакырылган эксперттери Фидана Алиева жана Асель Сартпаева стратегиялык маанилүү маселелерди көтөрүп чыгышты:

  • КР тоо-кен тармагында эмгектенүүгө татыктуу шарттарды түзүү жана камсыз кылуу жөн гана юридикалык норма эмес, ал жарандардын байгерчилигине жана коопсуздугуна, ошону менен катар бүтүндөй эле өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө түздөн түз таасир этүүчү адамдын фундаменталдык укугу болуп саналат[3];

Медиациянын ролу коррупцияны төмөндөтүү үчүн мейкиндикти жана эмгек чөйрөсүндө кырсыктар менен тобокелдиктерди алдын алууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн жумушчулар менен жумуш берүүчүлөрдүн, чечимдерди кабыл алуучу негизги адамдардын ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө көмөкчү болот;

 

  • Медиация жөнүндө жобону жумушчулардын эмгек келишимдерине камтуунун маанилүүлүгү жөнүндө Фидана Алиеванын маанилүү сунуштамасы.

Жарандык мейкиндик онлайн академиясы Ысык-Көл облусунун жергиликтүү жамааттарынын активисттерине жана лидерлерине багытталган.  

 “Бир Дүйнө Кыргызстан” “Азия Форуму” эл аралык ассоциациясы менен өнөктөтүктө 2019-жылдан 2024-жылга чейинки аралыкта Кумтөр тоо-кен  өндүрүүчү жайында 1998-жылы цианиддин куюлушунан[4] жабыркаган беш айылдын жашоочуларынын катышуусу менен 2 улуттук жана 4 регионалдык форум өткөрүлгөн. Барскоон айылынын жергиликтүү жамаатынын лидери Бүбүкан Ормонованын кырсыктар жана тобокелдиктер боюнча БУУ эл аралык форумуна катышуусуна жана БУУ өнүгүүгө укук боюнча атайын баяндамачысы Сурья Дэва менен жолугушуусуна түрткү болгон.     

“Бир Дүйнө” “Алдыңкыдан көз караш ” (View from the frontline) изилдөөсү[5] 2018-жылы Кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча Глобалдык Ассоциация менен биргеликте (GNDR)[6] кырсыктар жана тобокелдиктер шарттарында жашаган жергиликтүү жамааттар менен бийликтин ортосундагы ажырымды төмөндөтүү максатында Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы негизги кырсыктар жана тобокелдиктер зоналарында жүргүзүлгөн[7].

Эл аралык эксперт Фидана Алиева белгилегендей, «Медиация – бул коммуникацияны жөнгө салуу, керектүү суроолорду берүү жөндөмү. Медиация бийликтин бардык деңгээлдеринде системалуу коррупция тобокелдиктерин төмөндөтөт. Медиатордун ролу кимдики туура, ким күнөөлүү экенин териштирүү эмес, кырдаалды жөнгө салууда укуктук жардам көрсөтүүдө. Медиациянын жыйынтыгы КР аракеттеги мыйзам ченемдеринин нормаларына карама-каршы келбеши мааниге ээ.  

Эксперт: “Ошондой эле, бул жеке ири компаниялар тарабынан инклюзивдүү диалогду жана БУУнун “Бизнес жана адам укуктары”[8] жетектөөчү принциптерин биргелешип натыйжалуу илгерилетүү жана жергиликтүү жамааттардын көпчүлүгү болушкан жумушчулардын ортосундагы чыр-чатактарды алдын алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бере турганын” – баса белгиледи.  

Глобалдык кырсыктар жана тобокелдиктер чакырыктарынын, орун алган социалдык-экономикалык чакырыктардын шарттарында татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу юридикалык норма гана эмес, жарандардын бакубатчылыгына жана бүтүндө    й коомдун туруктуулугуна түздөн-түз таасир этүүчү фундаменталдык адам укугу болуп эсептелет.

КР кесип бирликтер Федерациясынын жаштар кеңешинин төрайымы Асель Сартпаеванын кесип бирликтеринин жаңы шарттардагы ишмердүүлүгү жана ролу жөнүндө саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлери сыяктуу аярлуу топтордун укуктарына басым жасоо менен сунушталган презентациясы жарандык коомдогу аталган институттун эмгек укуктарын коргоодогу ролунун маанилүүлүгүн күбөлөп турат.  

Татыктуу эмгектенүүгө укук адилеттүү маянаны жана коопсуз эмгек шарттарын гана камтыбастан, өз ичине кызматкерди ар-намысын урматтоо, басмырлоонун жоктугун жана кесипкөй өнүгүү мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Моббинг, конфиденциалдуу маалыматтын чыгып кетиши, өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү жана кадрлардын токтобогондугу сыяктуу эмгек укуктарынын бузулушу айрым жумушчулар үчүн гана эмес, өзгөчө жарандык мейкиндиктин кыскарган шарттарында бүтүндөй экономика үчүн олуттуу түрдө тескери кесепетин тийгизет[9].

Эмгек чөйрөсүндө ратификацияланган эл аралык конвенцияларды, ЭЭУ кошумча жети коншвенциясын ратификациялоо боюнча жаңы демилгелерди илгерилетүү жана аткаруу боюнча Кесип бирликтер федерациясынын ишинин жаңы инновациялык ыкмалары эл аралык стандарттарды улуттук мыйзам ченемдерге жана практикага имплементациялоо жолунда маанилүү кадам болуп саналат.

 Катышуучулар майыптуулугу бар адамдардын эмгек укуктарынын корголушу, алыскы аймактарда медиаторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгү, ошондой эле, сот органдарында медиаторлордун катышуусунда чыр-чатактарды жөнгө салуунун спецификасы боюнча кызыккан суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Катышуучулар тарабынан Кесип бирликтер федерациясына Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жашаган жана формалдуу эмес сектордо эмгектенишкен аялдар үчүн эмгек укуктары боюнча кошумча окутуучу иш-чараларды өткөрүү сунушталды.  

***

"Жергиликтүү жамааттар үчүн локалдуудан глобалдыкка чейин Civic Space Онлайн Академиясы" билимдерди өз ара алмашууга, алдыңкы практикаларды талкуулоого жана актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди биргелешип издөөгө уникалдуу платформа болуп саналат. Онлайн Академиянын кийинки сессиясы кырсыктар жана тобокелдиктер шарттарында жашаган жергиликтүү жамааттарга климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык таасиринин шарттарында “Мөңгүлөр жөнүндө” КР мыйзамынын демилгеленишинин жана кабыл алынышынын маанилүүлүгүн талкуулоого, Азия Форуму эксперттери менен биргеликте Атайын докладчыга индивидуалдуу даттанууларды даярдоого арналат.

Фидана Алиева - Бишкектеги «Медиация жана сүйлөшүүлөр борборунун» эксперти, медиация жаатында жана жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдерде талаштарды чечүү боюнча он жылдан ашуун тажрыйбасы бар адис, анын ичинде 200дөн ашуун талаштарды чечүүгө катышкан, АӨБ жана Дүйнөлүк банктын тобунда медиатор болуп иштеген, Weinstein JAMS эл аралык стипендиясын алган, 2014-жылы Кыргызстанда медиация боюнча ачылган алгачкы борборлордун бирин негиздеген, ошондой эле, медиация жана сүйлөшүүлөр боюнча абройлуу эл аралык сынактарга тренер жана судья катары активдүү катышып келет.

Асель Сартпаева - Кыргызстан кесип бирликтер Федерациясынын жаштар кеңешинин төрайымы, Эмгек укуктары боюнча эксперт.

Кийинки сессияларга катышууга байланыштуу бардык суроолор боюнча “Бир Дүйнө Кыргызстан” командасына 0772 163229 телефону жана birduinokyrgyzstan@gmail.com. электрондук почтасы аркылуу кайрылыңыз.



[1] https://cabar.asia/ru/kyrgyzstan-rekultivatsiya-uranovyh-hvostohranilishh-bespokoit-mestnyh-zhitelej#:~:text=Всего%20в%20Кыргызстане%20насчитывается%2092,пород%2C%20тяжелые%20металлы%20и%20цианид.     

[2] https://rus.azattyk.org/a/30782997.html

[3] https://www.un.org/sustainabledevelopment/

[4] https://forum-asia.org/wp-content/uploads/2022/11/Justice-in-Waiting-_-Report-_-EN.pdf

[5] https://www.gndr.org/project/views-from-the-frontline/

[6] https://www.gndr.org/resources/

[7] https://forum-asia.org/wp-content/uploads/2023/12/OYL-Kyrgyzstan.pdf

[8] https://www.undp.org/ru/kyrgyzstan/stories/rukovodyaschie-principy-oon-predprinimatelskoy-deyatelnosti-v-aspekte-prav-cheloveka

[9] https://birduino.kg/pressaru/bishkekskij-gorodskoj-sud-i-verxovnyij-sud-kr-otkazyivayutsya-rassmatrivat-zhalobyi-na-nezakonnyie-dejstviya-pervomajskoj-municzipalnoj-rajadministraczii

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg