«Бир Дүйнө – Кыргызстан 2025» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XIX эл аралык фестивалынын

Дек 11.2025

Тема: «Каатчылык мезгилиндеги туруктуулук»

Фестиваль Бириккен Улуттар Уюмунун 80 жылдыгына жана

Хельсинки корутунду актысынын кол коюлушунун 50 жылдыгына арналат.

Бишкек шаарында 2025-жылдын 12-декабрынан 16-декабрына чейин «Бир Дүйнө – Кыргызстан 2025» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XIX эл аралык фестивалы өткөрүлөт. 

Фестиваль салттуу түрдө Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн режиссёрлордун, укук коргоочулардын, эксперттердин, маданий ишмерлердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн баштарын бириктирүү менен документалдык чындык менен адам укуктарын илгерилетүү үчүн ачык аянтча катары кызмат өтөйт.

 Ал 2025-жылы кинону, коомдук диалогду жана жарандык катышуунун чыгармачыл формаларын бириктирип, «Адам укуктары искусство аркылуу» (Human Rights through Art) инновациялык  форматын өнүктүрүүнү улантат.

2025-жылдагы фестиваль Бириккен Улуттар Уюмунун 80 жылдыгына жана адам укуктарын урматтоонун жана эл аралык кызматташтыктын символу болгон 1975-жылдагы  Хельсинки корутунду актысынын мааракесине арналат. Бүгүн, 50 жылдан кийин да анын негизги принциптерин – тынчтыкты, адамдык ар-намысты, демократияны жана элдердин кызматташтыгын колдоону кайрадан тастыктоо маанилүү.    

100дөн ашуун бейөкмөт уюмдарды бириктирген ЕККУ алдындагы Жарандык тилектештик Платформасы Хельсинки актысынын 50 жылдыгына карата Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) түзүмдөрүн жана катышуучу мамлекеттерди Хельсинки принциптерин жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарга чакырган жана бул процессте активдүү жарандык коомдун негизги ролун белгилеген «Жарандык коом манифестин» кабыл алды.
2025-Фестивалы жаңы климаттык, гуманитардык, социалдык чакырыктардын, теңсиздиктин өсүшүнүн жана демократиялык институттарга келтирилген коркунучтардын шарттарында аталган принциптердин актуалдуулугуна көңүл бурууга басым жасайт.
Фестивалдын программасы  өз ичине Кыргызстандан, Өзбекстандан, Канададан, Индиядан, Грузиядан, Швейцариядан, Германиядан, Чехиядан, АКШдан жана Жаңы Зеландиядан тартылган 22 тасманы камтыйт. Тасмалардын каармандары - социалдык, климаттык жана саясий чакырыктардын алдында эрктүүлүгүн жана ар-намысын сактаган адамдар. Тасмаларда аялдардын жана балдардын укуктары, өзүн билдирүү эркиндиги, билим берүү жана теңчилик үчүн күрөш, эс-тутумду жана маданий мурастарды коргоо, адамдын жаратылыш менен мамилеси жөнүндө баяндалат.   

 Фестивалдын программасы даректүү тасма чындыкты гана чагылдырбастан, өзгөрүүлөргө шыктандырган азыркы мезгилдин күзгүсү болмокчу.

Фестиваль кино аркылуу өзгөрүүлөр жөнүндө ачык айтып, коомчулукту шыктандырууга жөндөмдүү режиссёрлордун жаңы муунун өнүктүрүүгө багытталган жана жаш авторлорго жана студенттерге өз документалдуу тасмаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген «Жирөө» жаштар программасын камтыйт.

Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мырзанын колдоосун, фестивалды уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошуп, Баткен облусунун Акташ айылынан 20 футболист кыз-келинди – тасманын каармандарын фестивалга катыштырууга көмөкчү болгондугун баса белгилей кетсек. Каармандар футбол ойноп жатып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, тартылышкан «Kickoff» даректүү тасмасын көрсөтүүнү коштошот. Тасма 15-декабрда Технопарктын Flutter залында көрсөтүлөт. Баса белгилей кетсек, тасманын каармандары Бишкек шаарына биринчи жолу келишмекчи. Тасмаларды көрсөтүүдөн тышкары адам укуктарын коргоо боюнча биргелешкен сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн практикалык идеялар жана материалдар менен алмашуу үчүн дискуссиялык лабораториялар, тегерек үстөлдөр, окуу семинарлары жана консультациялык аянтчалар өткөрүлөт.

 Фестиваль адам укуктары үчүн эл аралык Федерация (FIDH), анын өнөктөштүк тарамдары, аялдар жана экологиялык уюмдар, укук коргоочулар, документалисттер, сүрөтчүлөр жана маданий коомдун өкүлдөрү менен кызматташтыкта өткөрүлөт. Фестивалдын биргелешкен уюштуруучусу - Кыргыз Республикасынын Омбудсмен (Акыйкатчы) Аппараты.

 «Бир Дүйнө Кыргызстан» фестивалы — коммерциялык эмес жана саясий эмес демилге. Бардык көрсөтүүлөр жана чыгармачыл жолугушуулар кеңири коомчулук үчүн ачык жана кайтарымсыз негизде өткөрүлөт.

Кошумча маалыматтар https://www.birduino.kg./festival/сайтында жеткиликтүү.

Өнөктөштөрдөн сунуштар жана колдоо үчүн билдирүүлөр: birduino.festival@gmail.com, birduinokyrgyzstan@gmail.com даректери боюнча кабыл алынат.

Фестиваль-2025 жаатында байланышуу үчүн:
Лира Асылбек, тел.: 0551 08 90 99
Накинай Айдакеева, тел.: 0500 62 62 21

 

Коопсуздук, мурастарды урматтоо жана келечекке даярдык үчүн – биргеликте!

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg