«Бир Дүйнө - Кыргызстан” кыймылы Кыйноолорду алдын алуу борбору менен жабык мекемелерди кыдыруунун акыркы этабын өткөрүүдө. Иш-чаралар Чүй облусунда жүрүп жатат.

Бул ирет укук коргоочулар Бишкектеги Бала үйүдө, Беловодскидеги балдар үчү психоневрологиялык интернатында, Дмитриев мектеп-интернатында, Красноречка психоневрологиялык мектеп-интернатында жана Панфилов мектеп-интернатында болууну пландоодо.
Эксперттер балдардын жана кызматкерлердин укуктарынын сакталышына, COVID-19га каршы коргоочу жана алдын алуу каражаттар менен камсыздалышына баа беришет. Мындан тышкары, былтыркы жылдан тарта коронавируска карата катаал мезгилде көрүлгөн иш-чаралар боюнча маалымат алышат.
Эске салсак, буга чейин “Бир Дүйнө - Кыргызстан” жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору мындай алдын алуу кыдырууларды убактылуу кармоо жайларында, психиатриялык ооруканаларда дагы эки ирет жүргүзгөн.
Ал боюнча отчет www.birduino.kg сайтында даярдалган.
Акыркы этаптын жыйынтыгы менен дагы отчет берилет.
Долбоор АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынып, улууттук укуктук институттар, бийлик органдары жана Жарандык коом уюмдары тармагы менен кызматташтыкта ишке ашырылууда.