«Бир Дүйнө Кыргызстан» уюму WLP менен биргеликтe шайлоо мыйзамдары боюнча ыкчам консультация линиясын ишке киргизип, шайлоонун гендердик аспектилерине өзгөчө көңүл бурду
«Бир Дүйнө Кыргызстан» уюму WLP менен биргеликтe шайлоо мыйзамдары боюнча ыкчам консультация линиясын ишке киргизип, шайлоонун гендердик аспектилерине өзгөчө көңүл бурду. Иш-чаранын негизги максаты — жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, аялдардын саясий процесстерге катышуусун кеңейтүү жана шайлоо маалында объективдүү маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо болду.
Ыкчам консультация линиясы 2025-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейин иштеп, төмөнкү багыттар боюнча суроолорду кабыл алды:
- Шайлоочунун өзүн тизмеден текшерүүсү жана тиешелүү УИКти аныктоо тартиби;
- Көчмө добуш берүүнүн шарттары;
- Үгүт жүргүзүүнүн, анын ичинде онлайн үгүт жүргүзүүнүн токтотулушунун мыйзамдуу мөөнөтү;
- Талапкерлер тарабынан байкоочуларды дайындоо жана агитаторлордун добуш берүү күнүндө байкоочу боло алышы;
- Чет өлкөдө жүргөн жарандардын добуш берүү тартиби;
- 2025-жылдагы шайлоодо алгач ирет колдонулган аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү;
- Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу процедурасы;
- УИКте добуш берүү тартиби жана бюллетендеги талапкерлерди белгилөөнүн чектөөлөрү;
- Мыйзам бузуу фактылары катталса, кайсы органга кайрылуу керектиги;
- 10. Добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоо натыйжаларына даттануу тартиби.
Шайлоо жана негизги статистика
КР Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Мыйзамга ылайык, 30 көп мандаттуу округдан жалпы 90 депутат шайланууга тийиш (ар бир округдан 3төн депутат).
Шайлоочулар
Жалпы шайлоочулар — 4 294 243 адам
эркектер: 2 081 514 (48,5%)
аялдар: 2 212 729 (51,5%)
жаштар 18–35 жашта: 1 811 073 (42%), алардын 103 744ү биринчи жолу добуш берген.
Талапкерлер
Талапкерлигин коюу этабында: 589 талапкер
365 эркек
224 аял
Катталганы: 470 талапкер
271 эркек
191 аял
«Ынтымак» партиясынан — 9 талапкер (6 эркек, 3 аял)
Өз алдынча — 461 талапкер
Катышуудан баш тарткан — 63
Каттоодон баш тартылган — 56
Каттоосу жокко чыгарылган — 10
Жыйынтыгында шайлоого катышкан: 460 талапкер
эркектер: 271 (58,91%)
аялдар: 189 (41,09%)
Аял талапкерлердин активдүүлүгү
- 8 округда 3–4 аял талапкер
- 14 округда 5–7 аял талапкер
- 4 округда 8–9 аял талапкер
- 4 округда 10–11 аял талапкер
Жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар
— 25–35 жаш: 50 талапкер (35 эркек, 15 аял)
— МЧЖ бар талапкерлер: 16 адам (I–II топ — 12; III топ — 4)
Аралыктан добуш берүү жана чет өлкөдөгү участкалар
Жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу үчүн 34 өлкөдө, 89 шаарда 100 шайлоо участогу ачылды:
Россия — 40; Түркия — 8; Казакстан — 7; АКШ — 6; Корея — 4; Италия — 3; Германия, Кытай, БАЭ, Сауд Аравиясы — ар биринде 2ден; калган 24 өлкөдө — 1ден.
Республика ичинде — 2492 УИК,
Аралыктан добуш берүү үчүн — 27 атайын участок.
Эл аралык мониторинг — 58 өлкөдөн 788 байкоочу.
Алдын ала жыйынтык
Добуш бергендердин жалпы саны: 1 584 446 (36,9%)
Аралыктан добуш бергендер: 190 030 (12%)
90 мандаттын бөлүштүрүлүшү (алдын ала):
60 эркек
30 аял
Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы жыйынтыктарды 2025-жылдын 14-декабрына чейин жарыялайт.
Абалды талдоо
Шайлоо мыйзамга эки ай калган учурда өзгөртүүлөр киргизилген шартта өттү. Бул талапкерлерге жана шайлоочуларга жаңы нормаларды кеңири түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүктү азайтты.
30-ноябрдагы добуш берүү күнү олуттуу мыйзам бузуу фактылары катталган жок. Үгүт иштери мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө токтотулду. Айрым участоктордо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүүлүк боюнча техникалык мүчүлүштүктөр болду.
2015-жылдан бери колдонулуп келе жаткан биометрикалык идентификация жана автоматтык урналар ачыктыкты камсыз кылганы менен, бейөкмөт уюмдарына коюлган чектөөлөр (2024-жыл, «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам) коомдук мониторинг жүргүзүүгө тоскоолдук жаратты. Бул өз кезегинде шайлоого болгон ишенимге терс таасирин тийгизди.
Шайлоо участокторунан тышкаркы добуш сатып алуу көрүнүштөрүн так аныктоо мүмкүн эмес. Милиция тарабынан бир нече факты иликтенип жатат; эки аял талапкер жарыштан чыкты.
Төмөнкү шайлоочулардын активдүүлүгү — жарандардын күмөн саноосун көрсөтөт. Бул 2021-жылдагы конституциялык реформадан кийинки парламенттин ыйгарым укуктарынын кыскаруусу жана аткаруу бийлигинин күчөшү, ошондой эле Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын өзүн өзү таркатуу чечими менен да байланыштуу.
Жаңы парламентти бир катар саясий маселелер күтүп турат, алардын ичинде:
Конституциянын 25-беренесин өлүм жазасы боюнча кайра кароо;
Президентке Конституцияны өзгөртүүнү парламентсиз референдумга алып чыгуу укугун берүү демилгеси.





