«Бир Дүйнө-Кыргызстан» коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомуна (чет элдик өкүлдөр жөнүндө) административдик доосу Бишкек шаарынын Административдик сотунда

Янв 16.2025

2024-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) 2024-жылдын 27-августунда чет элдик өкүлдүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын реестрин киргизүү тартиби жана «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жөнүндө (мындан ары – БӨУ жөнүндө мыйзам) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүү Жобосун (мындан ары - жобо) бекиткен №518 Токтомун чыгарган (мындан ары – Токтом).

Жобо коммерциялык эмес уюмдарды (БӨУ) БӨУ-чет элдик өкүлдөр (БӨУ-ЖИ) реестрине киргизүү процедурасын, финансылык аудиттерди милдеттүү түрдө өткөрүүнү жана БӨУ-ЖИ мамлекеттик текшерүү тартибин жана башка талаптарды бекитет.

Уюмдун эксперттери Жобону карап чыгып, Министрлер Кабинети тарабынан аны чыгарууда төмөндөгү нормативдик-укуктук актылар сакталбагандыгы жана бузулгандыгы жөнүндө тыянакка келишти.

1)     Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)     ЕККУ ДИЖАУБнун биригүүлөр эркиндиги боюнча жетектөөчү принциптери;

3)      «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамы;

4)      «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндө мыйзамы.

Буга байланыштуу 2024-жылдын 26-сентябрында «Бир Дүйнө - Кыргызстан» КБ Бишкек ш. Административдик сотуна жогоруда көрсөтүлгөн Токтомду жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доо келтирген.

Административдик доо келтирүүгө төмөнкү бузуулар негизги жүйө болгон:

Биринчиси, Министрлер Кабинетинин Токтому менен бекитилген Жобо аркылуу БӨУ жөнүндө Мыйзамдын чегинен чыккан жаңы укук нормалар (укуктук нормалар) бекитилген. Атап айтканда: 1) Жобонун 8-пунктунда БӨУ жөнүндө мыйзамда каралбаган маалыматты берүү жөнүндө талап каралган; 2) Жобонун 31-пунктунун 2-абзацы БӨУ-ЖИ Юстиция министрлигине жумушчуларды кабыл алуу же бошотуу жөнүндө 7 календарлык күн аралыгында маалымдоону тапшырат.

Экинчиси, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесинин, ЕККУ ДИЖАУБнун биригүүлөр эркиндиги боюнча 106 жетектөөчү принциптеринин, 32 пунктунун бузулушу – Министрлер Кабинети (http://www.koomtalkuu.gov.kg) Бирдиктүү порталында коомдук талкууга долбоорду жарыялаган эмес.  Ошону менен катар БӨУ өкүлдөрү жана жарандык коомчулук менен эч кандай талкуулар, консультациялар өткөрүлгөн эмес. Бул нормаларды түзүүчү процессти бузуу болуп саналат.

Үчүнчүдөн, Токтом менен бекитилген Жобо БӨУ-ЖИ текшерүү боюнча мамлекеттик ыйгарым өкүлчүлүктүү органдардын тизмесин кеңейткен. БӨУ жөнүндө мыйзам (17-1-беренелер) БӨУ «ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүүгө» укук жападан жалгыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (аталган жагдайда – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине) жүктөйт. Анткени менен, Министрлер Кабинети БӨУ-ЖИни текшерүү үчүн ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин кеңейткен. Жобонун 37-пунктуна ылайык, ошондой эле текшерүүнү: 1) салык органдары; 2) КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; 3) прокуратура органдары; 4) жана башка БӨУ ишмердүүлүгүнүн негизги түрлөрүнө ишмердүүлүк чөйрөсү жана компентенциясы тийиштүү болгон мамлекеттик органдар жүргүзө алышат.

Төртүнчү, Жобо (36-пункт) БӨУна мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын же жалпыга маалымдоо каражаттарынын, ал тургай БӨУ жөнүндө мыйзамдын БӨУ тарабынан мүмкүн болгон бузулушу жөнүндө же БӨУ ишмердүүлүгүнүн уставдык максаттарына шайкеш келбегендиги жөнүндө оозеки билдирүүлөрдүн негизинде да текшерүү жүргүзүүгө уруксат берет. Ошону менен бирге негизсиз же өзүмбилемдик менен жасалган билдирүүлөрдөн БӨУну коргой турган так механизмдер жок. БӨУ-ЖИни түздөн түз текшерүү алдында келип түшкөн маалыматтын тактыгын алдын ала текшерүү каралган эмес, бул бийлик органдары тараптан, ошол эле кезде башка кызыкдар тараптардын кыянатчылыгына мүмкүнчүлүк түзүп берет.   

Бешинчи, Жобо ошондой эле, БӨУ-ЖИ текшерүү процессине тийиштүү так жана конкреттүү процедураларды камтыбайт. Биринчи кезекте, текшерүүлөрдүн узактыгы, мөөнөттөрү жана жыштыгына байланыштуу, ошондой эле, бийлик органдары БӨУнун саясий ишмердүүлүккө жана Жободо каралган башка маселелер боюнча тартылышына байкоо жүргүзүү жана баалоо ыкмалары жана критерийлери каралган эмес. Бул маанилүү нормалардын жана процедуралардын жоктугу укуктук аныкталбагандыкты пайда кылат жана БӨУ-ЖИ ишмердүүлүгүн объективдүү жана адилет баалоодо алардын укугуна коркунуч келтирет.

Алтынчы, ЕККУ ДИЖАУБнун биригүүлөр эркиндиги боюнча жетектөөчү принциптердин «…биригүүлөргө тийиштүү укуктук жоболор жакшы иштелип чыгышы керек. Алар ачык, так жана талашсыз болушу зарыл.Мындантышкары, мыйзамдын мазмуну бардык кызыкдар тараптардын колдоосуна ээ болушуна кепилдик берүү үчүн мындай жоболорду кабыл алуу процесси бардык кызыкдар тараптардын катышуусуна негизделген жана бардыгы үчүн ачык жана жеткиликтүү болушу керек» деп айтылган 22-пункту четке кагылган.  

28-октябрда саат 11:00дө Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 64 дарегинде судья Ч.М.Досмамбетованын төрагалыгы алдында алдын ала угуу болуп өттү. Угууга: доогердин, жоопкердин (КР Министрлер Кабинетинин), үчүнчү тараптардын: (прокуратуранын) жана Омбудсмен (Акыйкатчы) Институтунун  өкүлдөрү келишти. Тилекке каршы, Омбудсмен (Акыйкатчы) өкүлү ишти кароого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө билдирди. Анткени менен, биздин пикирибиз боюнча, Кыргызстандагы адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого парламенттик көзөмөл жүргүзүү функциясы болуп саналган аталган институт жарандар тарабынан укуктарды жана ар бир укукту, биринчи кезекте, биригүүлөргө, мамлекеттеги жана коомдогу иштерди башкарууга катышууда жарандардын укуктарын эркин жүзөгө ашырууга жолтоо болгон нормативдик укуктук актыларга каршы чыгууга кызыкдар болушу керек. Андан ары ошондой эле, прокуратура органдары иш боюнча соттун отурумун тоготпостон, процесске катышышкан жок.    

2024-жылдын 20-ноябрында сот доогердин Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын (Демократия үчүн Укук аркылуу Европалык Комиссия) 2024-жылдын 14-октябрындагы Страсбург CDL - AD (2024) 033 Корутундусун иштин материалдарына тиркөө жөнүндө өтүнүчүн канааттандырган. Англис тилинен орус тилине которуу доогердин демилгеси менен дипломдуу кесипкөй котормочу тарабынан жүзөгө ашырылган.

Мурда 2024-жылдын 9-декабрында  болуп өткөн отурумга Министрлер Кабинетинин жана КР Юстиция министрлигинин өкүлдөрү себептерин түшүндүрбөстөн келишкен эмес, ошентсе да, андан мурда болуп өткөн отурумда МинКабдын өкүлү кезектеги процессти дайындоо жөнүндө кабарлоого кол койгон.

2025-жылдын 14-январында саат 14:00дө соттун кезектеги отуруму болуп, иш маңызынан каралды. Ошол эле күнү тараптардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын карап чыккан соң, сот – "Бир Дүйнө - Кыргызстан" коомдук бирикмесинин административдик доосун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Азыркы учурда биздин уюм иш боюнча соттун жазуу жүзүндөгү жүйөлөштүрүлгөн чечимин күтүүдө. Антсе да, бул убакытка чейин өткөн процесстин жүрүшүндө аныкталган кийинки учурларды жана суроолорду алдын ала белгилеп кетүү маанилүү деп эсептейбиз:

1)     Жоопкердин өкүлү Жобого ылайык суралган маалымат тийиштүү органдарга (Юстиция министрлигине, салык жана статистика мекемелерине) берилип жаткандыгын жана тиешелүү түрдө, кезектеги маалыматтын берилиши дубликация жана БӨУга кош милдеттенме болуп саналарын тааныды;

2)     Юстиция министрлигинин өкүлү чогултулган маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн («Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамдын 21-беренесине ылайык) жетишерлик чаралар көрүлөбү – деген суроого түшүндүрмө бере алган жок;

3)     БӨУну текшерип баштоого ал тургай оозеки билдирүү дагы негиз болушу мүмкүн, анткени, Жободо арызды жазуу формасында берүү жөнүндө талап жок;

4)     Министрлер Кабинетинин өкүлүнүн айтымында – текшерүүлөрдүн саны (анын ичинде бир жолку) чектөөсүз болушу мүмкүн;

5)     БӨУ текшерүү үчүн чет тилиндеги документтерди суратууда кыргыз жана орус тилдерине которууга милдеттүүбү – деген суроо аныкталбаган боюнча калды.

 

"Бир Дүйнө - Кыргызстан" КБ Бишкек шаарынын Административдик сотунун жүйөлөштүрүлгөн жазуу жүзүндөгү чечимин алгандан кийин уюм мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылууга ниеттенет.

 

Бардык суроолор боюнча юристке 0770 341 720 номери же birduinokyrgyzstan@gmail.comemail дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот. 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg