«Бир дүйнө - Кыргызстан»: Ар бир бешинчи адам жакырчылыкта күн көрөт

Окт 23.2020

Майлуу-Суудагы уран калдыгы жер дүйнөдөгү эң кооптуу 10 аймактын ичинде.


«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы акыркы эки жылда өлкөнүн ар кайсы аймактарында жүргүзгөн иликтөөлөрүнүн негизинде өлкөдө ар бир бешинчи адам жакырчылыктын жеткен чегинде жашай турганын аныктаган. Бул тууралуу уюмдун 22-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусунда айтылат.

«Негизги маанилүү чакырыктар жана тобокелчиликтер катары башаламан миграция, жумушсуздуктун жеткен чеги, жарандардын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши, саясий коррупция, бизнес жана адам укугу жаатындагы кыйынчылыктар, кен иштетүү тармагындагы кооптуу жагдайлар жана чыр-чатактар, аткаминерлердин жазасыз калышы, 2010-жылдан бери адамдарды улутуна карап басмырлоонун күчөшү, аялдардын жана балдар укугунун бузулушу аныкталды. Аймактагы эл үчүн башкы маселе – жумушсуздук, 36% элдин иши жок. Экинчи орунда абанын булганышы (уран радиациясы) турат. Кыргызстанда уран калдыктары көмүлгөн 92 аймак бар, алардын ичинен Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыгы көмүлгөн жер дүйнө жүзүндөгү эң кооптуу деп саналган 10 аймактын ичинде», деп жазылган баяндамада.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдан бери «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы адамдын ден соолугу үчүн кооптуу аймактарда жашагандар менен иш алып барууда.

Уюм Кыргызстанда жакырчылыктын жана коркунучтардын алдын алуу багытында улуттук планды чогуу иштеп чыгууну Садыр Жапаровго сунуш кылып, ал үчүн саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана гуманитардык багыттарда иштөө зарыл экенин белгилеген. Бул маселелерди чечүүдө таасирдүү, билимдүү деп саналган бир катар эксперттерди сунуш кылган.

Мындан тышкары кооптуу аймактарда жашаган активисттер, тиешелүү бийлик өкүлдөрү, бардык саясий күчтөр эл аралык донорлордун жана эксперттер катышуучу «Үмүт, жаңы Кыргызстан, жаңы кадамдар!» аттуу улуттук диалогду уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүсүн Жапаровдон өтүнгөн.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы тараптын акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, саясий бийликтин алмашуусу менен аяктады. 2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда. (ZKo)

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg