«Бир Дүйнө - Кыргызстан» эмгек укуктарын коргойт!

«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы жана «Альтернатива» борбору эмгекти коргоо эл аралык күнүнө карата 2021-жылдын 29-апрелинен 5-майына чейин уюмдун Ош шаарындагы аймактык өкүлчүлүгүндө (дареги: Нурматов көчөсү, 70, вотсап номуру 0555161300) ачык эшиктер жумалыгын өткөрө тургандыгы жөнүндө жарыялайт.
Бир жума аралыгында юристтер бардык каалоочуларга Кыргызстанда жарандардын эмгек укуктарын коргоо жана сактоо маселелери, ошондой эле, жергиликтүү коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу максатында эмгек укуктарында мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоо ыкмалары жөнүндө, эмгек-укуктук мамилелери чөйрөсүндө басмырлоонун деңгээлин төмөндөтүү жана талаш кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча акысыз юридикалык кеңештерди беришет. Белгиленген иш-чаралар оор турмуштук кырдаалдарга кабылган жарандарга, жаштарга, калктын аз камсыз болгон катмарынын өкүлдөрүнө, аялдарга жана балдарга өзгөчө көңүл буруу менен эмгек укуктары боюнча кырдаалдарга оң даражада таасир этүүгө мүмкүндүк берет.
“Эмгек укуктарынын жумалыгы” маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгү эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө жана иштен мыйзамсыз бошотуу фактыларынын, жабырлануунун, айлык маяналардын төлөнбөй калышынын жана эмгек ишмердүүлүгүнө байланышкан басмырлоо жагдайларынын өсүшүнө коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырат. Белгиленген иш-чаралардын негизги милдети коомчулукту короновирус пандемиясынын кайталанышынан улам келип чыккан жаңы чакырыктарды жана тобокелдиктерди жана КРнын эмгек чөйрөсү үчүн көп сандаган кесепеттерин жеңүүгө даярдоо болмокчу.
Мындан тышкары, мерчемделген акциянын алкагында «Бир Дүйнө» укуктук кыймылынын алдындагы «Альтернатива» борборунун эксперттери жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, эксперттер менен биргеликте эмгек-укуктук мамилелеринин өтө курч маселелери боюнча консультацияларды жүргүзүп жана маалымат берүү үчүн Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жашаган калк менен көчмө жолугушууларды өткөрөт.
Бул иш-чаралар АРГО ассоциациясынын техникалык колдоосу жана "Ынтымак" Коомдук Аймактык Телерадиокомпаниясынын маалыматтык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.