Ыкчам пресс релиз
КР Жогорку Сотунун коллегиясы бүгүн КР Конституциясына, адилеттүү соттун эл аралык принциптерине (АУНЭКК 6-беренеси, ЖСУЭП 14-беренеси) негизделген соттун бейтараптыгын жана көз карандысыздыгын, негиздүү мөөнөттөрүн камсыз кылууну талап кылган журналистка Махабат Тажибек кызынын ишин кароо үчүн талаптагыдай даярдык көрүү принцибин одоно бузду.
Натыйжалуу териштирүүлөргө даярдык көрүү төмөнкү негизги аспектилерди камтыйт: тараптардын теңчилиги, таймашуучулук, далилдерди ачуу, коллегиалдуулук жана тараптардын кызыкчылыктарынын теңдемдиги.
Иштерди даярдоодогу негизги конституциялык, эл аралык принциптер:
Алгылыктуу мөөнөттөр жана натыйжалуулук: Даярдык көрүү негизсиз кечиктирүүлөргө жол берилбестен, талаш-тартыштардын ыкчам чечилишине түрткү болушу керек.
Көз карандысыз журналисттер, активисттер, Махабаттын апасы, Болоттун апасы, КР Акыйкатчысынын өкүлү, масс медиа, кыйноолордон, мыйзамсыз камакка алуулардан жана куугунтуктоолордон жабыркагандар, эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин өкүлдөрү эртең мененки саат 10.00дон тарта КР ЖСда болуучу процессти күтүп жатышты. Соттор прокурорду, адвокаттарды атап өтүштү жана төрагалык кылуучулар коллегия мүчөлөрүн тааныштырбастан туруп, Махабаттын иши көп томдон тураарын жана алар материалдар менен таанышууга үлгүрүшпөсүн айтып, сот отурумун 03-март, саат 11:15ке дайындашты.
КР Бир Дүйнө кызматкерлери жүргүзгөн мониторинг КР адилеттүү жана көз карандысыз сотуна коомчулуктун ишенимин кайтарыш үчүн КР Жогорку соту тарабынан бийликтин каршылаштарын жана мыйзамсыз камалган активисттерди бошотууну талап кылган стратегиялык маанилүү иштерди ыкчам кароону жана аларды кароодогу системалуу бузуулар жөнүндө көрсөтөт.
КР Жогорку соту тарабынан Махабаттын ишин кароонун жылдырылышы соттор коллегиясынын өкүмзардыгынын фактысы жана совет мезгилинде түзүлгөндөн бери реформа жүргүзүлбөгөн абак системасынын жан чыдагыс шарттарында кармалып, адилетсиздиктен жана кыйноолордон жабыркагандарга андан ары көрсөтүлгөн кысым катары эсептейбиз.
1. Эмне үчүн КР Башкы прокуратурасы КР Жогорку сотундагы мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзбөйт?
2. Эмне үчүн КР Акыйкатчы Институтунун өкүлдөрү негиздүү мөөнөттөр жана натыйжалуулук принцибин бузуу менен КР Жогорку соту тарабынан негизсиз жылдыруудагы кыйноо курмандыктарынын укуктарынын бузулган учуруна жооп кайтарбайт?
Бир Дүйнө сын пикирлерин айткандыгы үчүн камалышкан көз карандысыз журналисттердин, акындардын, бийликтин каршылаштарынын баарысынын токтоосуз бошотулушун жана аларды системалуу кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге кабылтпоону талап кылат!
Махабатка боштондук!
Бардык суроолор боюнча тел.: 0501 156-390 жана имейл: birduinokyrgyzstan@gmail.com аркылуу кайрылыңыз.





