Пресс-релиз: семинардын негизги жыйынтыгы Жергиликтүү жашоочулардын добуштары эң жогорку жакта угулушу маанилүү

Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарды эрте алдын алууга арналган үч күндүк улуттук семинар өз ишин жыйынтыктады. Себеби, глобалдык жылуулук Борбор Азия регионун, анын ичинде Кыргызстанга дагы таасирин тийгизүүдө. Селдер, жер көчкүлөр, кар көчкүлөр, таш кулоо, суу ташкындары, анын ичинде уран калдыктары менен алтын кендерин иштетүү сыяктуу жаратылыш стихиялары менен барган сайын көбүрөөк туш келе баштадык. Иш-чара жарандык активисттердин катышуусу, GNDR (Global Network of Civil Society Organizations for Disaster Reduction) эл аралык тарамы, Омбудсмен Институту мамлекеттик органдар, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, экологдор, бизнес-коомчулук жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө "Бир Дүйнө" тарабынан уюштурулду.
Катышуучулардын берген баасына жана пикирлерине караганда, Улуттук семинар бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы уникалдуу диалог аянтчасы, Кыргыз Республикасында кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү жана эрте эскертүү системасын локализациялоо боюнча инклюзивдүу өбөлгөнү илгерилетүүдөгү маанилүү кадам болду.
Уюштуруучулар өсүүдөгү климаттык жана социалдык чакырыктардын шарттарында укук коргоо жана экологиялык стандарттарды илгерилетүү, бардык деңгээлдерде координациялоону жакшыртуу, кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча стратегияларды биргелешип иштеп чыгуу жана локализациялоо үчүн GNDR, ЖКУ жана бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда диалогду өнүктүрүүнү семинардын максаты катары алып чыгышты.
Катышуучулар «Бир Дүйнө Кыргызстан», «Наш век» жана «Энсан Диамонд» коомдук уюмдары тарабынан GNDR менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасынын 2017–2019-жылдары Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тобокелдиктер зоналарында ишке ашырылган Views from the Frontline (VFL) эл аралык изилдөөсүнүн маанилүү жыйынтыктарын талкуулашты.
2022-2024-жылдары Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын жыйынтыгында кырсыктар жана тобокелдиктер зоналарында жашашкан жергиликтүү жамааттардагы 140 миң адам көчүрүлгөндүгүн, 100дөн кем эмес адам каза тапканын, 426дан ашуун үйлөр кыйраганын, ошол эле убакта ага кошумча 187 үй бузулуп, капиталдык реконструкциялоо талап кылынганын, 9 өкмөттүк имараттарга, 15 социалдык объектилерге, 323 чарбалык курулмаларга, 81 ишканага, ар кандай жабдууларга жана транспорт каражаттарына зыян келтирилгенин, потенциалдуу стихиялуу кырсыктар тобокелдигине 1 млн. ашуун бала туш келгенин, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында 311ден ашуун сел агындылары катталып, суу ташкындарынан келген материалдык зыян 1 млрд, 222 млн. 941,9 миң сомдон ашканын белгилей кетүү маанилүү. Үйрөтүлгөн иттердин жоктугунан улам ӨКМ бүтүндөй өлкөгө 4 гана ит болгон «Спасатель» жеке кинологиялык кызматына кайрылууга мажбур.
Улуттук семинардын программасынын маанилүү бөлүгүндө КР ӨКМ Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо бирдиктүү системасына айрыкча кырсыктар жана тобокелдиктер зоналарындагы эксперттердин жана жарандык активисттердин катышуусу менен SWOT-анализ жүргүзүлдү. Үч күн аралыгында улуттук деңгээлде локализациялоону кеңейтүү жана жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар сунушталды жана өз ара аракет этишүүгө жолтоо болгон негизги тоскоолдуктар ачыкталды.
Семинарга Омбудсмен Институтунун, Президенттик Администрациянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жаратылыш ресурстары министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, БУУ АУЖКБ, ПРООН, ЕБ эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.
«Экологиялык демократия жана Коопсуздук» блогун камтуу менен тематикалык сессияларга өзгөчө көңүл бурулду, анын алкагында эксперт Бермет Борубаева жана эколог Влад Ушаков экологиялык кырдаалга анализ жүргүзүштү жана КР жарандык мейкиндигинин абалы талкууланды. Далилдик медицинанын эксперти, Медицина кызматкерлеринин кеип бирликтеринин төрарйымы Бермет Барыктабасова «COVID-19» пандемиясы саламаттык сактоо системасы жана жалпы эле КР үчүн гана чакырык болбостон, эбегейсиз жүктөмгө, коргоо каражаттарынын жетишсиздигине, моралдык жана физикалык жабыркоого туш келген врачтардын укуктарынын жана ар-намысынын сакталышы жаатындагы кырдаал үчүн олуттуу сынак болгондугун, көптөгөн медкызматкерлер мамлекет тараптан дагы, коомчулуктан дагы тийиштүү колдоо албастан көз жумушкандыгын белгиледи. Дал ошол каатчылыктар жана кырсыктар маалында врачтар биригүүнүн канчалык маанилүү экендигин түшүнүштү, кесип бирликтери жүйөөсүз кысым көрсөтүүлөрдөн жана кызматтан бошотуулардан, айкындуулук жана кенемтелерди төлөп берүү маселелеринде врачтарды коргоо үчүн кесип бирликтери негизги ролду ойношту.
Улуттук семинардын атайын сессиясы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Ысык-Көл облусунун Барскоон жана Боконбаев - кырсыктар жана тобокелдиктер зоналарындагы жергиликтүү жамааттардын добуштарына арналды.
Топтук иштердин жүрүшүндө катышуучулар Улуттук иш-аракеттер пландарын локализациялоого, ЖӨБ, МАБ үчүн жаңы окутуу программаларына, жасалма интеллектке, спутниктик мониторингге, жергиликтүү деңгээлдеги лидерлер жана масс-медиага таянуу менен стихиялуу кырсыктарды эрте эскертүү системасын жакшыртуу, модернизациялоо жана натыйжалуулугу үчүн биргелешкен Жол картасын иштеп чыгышты, бул табият кырсыктарына натыйжалуу реакция кылуу үчүн жарандарга алдыда болуучу коркунучтар жөнүндө өз убагында маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк жана куткаруучу кызматтардын даярдыгын жогорулатууга жана кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүүгө түрткү берет.
КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо, мониторинг жүргүзүү Департаментинин директору Даурбек Сакыев белгилегендей, Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүүдө трансчекаралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн таануу менен, эрте эскертүү системасын өнүктүрүү боюнча регионалдык демилгелерге активдүү катышат.
Бул климаттык чакырыктарга региондун туруктуулуугун бекемдөө үчүн борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен тажрыйба жана инновациялар менен алмашууну камтыйт. Аталган чаралар Кыргызстан калкы, айрыкча, интенсивдүү өсүп жаткан жаратылыш кыйроолорунун шарттарында көбүрөөк коопсуз жана туруктуу чөйрөнү түзүүгө багытталган. Семинардын башкы жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын июнь айында Женевада өтүүчү «Кырсыктар жана тобокелдиктердин глобалдык платформасы» аталышындагы конференцияда сунушталуучу аракеттердин жол картасынын иштелип чыгышы болгондугун белгилеп кетүү зарыл.
Семинардын катышуучулары көйгөйлөр катары белгилешкендей, жамааттардын ортосундагы ажырымдар жарандардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышууга укугу, кызыкдар тараптар менен өз ара аракет этишүү жана маалыматка бирдей жеткиликтүү болуу менен тыгыз байланышкан. Кырсыктарды жана тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча иш-аракеттердин улуттук пландары же долбоорлор жөнүндө маалыматтардын жетишсиздиги, аларды алдын ала эскертүү жөнүндө айтпаганда да, социалдык чыңалуунун жана репрессиялардын жогорку тобокелдигин жаратат, алардын көйгөйлөрү четке кагылганда же алар четке кагылышканда жана түпкүлүктүү жамааттардын алдын ала жана аң-сезимдүү макулдугу (FPIC) сакталбаганда алар коопсуз жана аң-сезимдүү катыша алышпайт.
Коркуу атмосферасы каржыланган донорлор, долбоорлор боюнча банктар боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышууга жана жамаат тарабынан козголгон маселелер боюнча ой-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк бербейт. Бул өз кезегиде долбоорлордун жыйынтыктарынын бузулушуна алып келет жана белгиленген өнүгүү максаттарына жетишүүгө тоскоолдук жаратат. Мисалы, репрессиялар коркунучу масс медиага, жергиликтүү деңгээлдеги бийликке, активисттерге, укук коргоочуларга коррупциядан күмөн саноо же курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасир этүү жөнүндө кабарлоого тоскоолдук кылат, бул ТӨМ 17-бер. жетишүүнү өнүктүрүү боюнча бийликтин жана өнөктөштөрдүн ишмердүүлүгүнө түздөн түз таасир этет.
КР Омбудсменинин орун басары Жанибек Жоробаев бардык катышуучуларды «Эч кимди артта калтырбоо» инклюзивдик максатына жетишүү үчүн сектор аралык өнөктөштүктү камсыз кылуу менен олуттуу чакырыктарды чечүү, жергиликтүү, улуттук жана глобалдык деңгээлдерге басым жасоо менен эрте алдын алуу системасын күчөтүү үчүн Консорциумга биригүүгө чакырды.
Бардык суроолор боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан» Email: birduinokyrgyzstan@gmail.com жана тел.: +996772163329 аркылуу кайрылыңыздар.