Кыргызстан аялдарды жана балдарды жыныстык зомбулуктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды кабыл алышы керек

Мар 06.2026

2026-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталына зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү, ошондой эле 14 жаш куракка чейинки  балага же майыптыгы бар адамга карата жасалган зордуктоо үчүн бир гана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза киргизүү каралган мыйзам долбоору жарыяланган (долбоордун ID - 5783).
«Экволити Нау» жана «Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмдары мамлекет башчысынын жыныстык зомбулук көйгөйүнө карата көңүл буруусун жана аялдар менен балдарга коргоону күчөтүү үчүн кадамдарды жасоого даярдыгын колдойт. 
Аны менен катар биз жазалоону катаалдаштыруу зомбулуктун өзүнөн өзү төмөндөшүнө алып келбейт жана жабырлануучуларды натыйжалуу коргоону камсыздай албайт деп белгилейбиз.
Мындай кылмыштардын көпчүлүгү кайрылуу коркунучунан, стигмадан, сот адилеттигине жетүүдөгү тоскоолдуктардан жана изилдөөлөрдүн жетишсиздигинен улам латенттүү бойдон калууда.  
Жыныстык зомбулуктун деңгээлин реалдуу төмөндөтүүгө жетишүү үчүн комплекстүү мамиле: эрте аныктоо жана өз убагында реакция кылуу боюнча алдын алуу чаралары, кылмыш-жаза жана жазык-процессуалдык мыйзам ченемдерин жакшыртуу, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле, айрыкча балдар жана майыптыгы бар аялдар үчүн жеткиликтүү жана коопсуз жардам берүү механизмдерин түзүү зарыл.

 

Equality Now жана «Бир Дүйнө Кыргызстандын» билдирүүсү

 Кыргызстан аялдарды жана балдарды жыныстык зомбулуктан коргоо үчүн  комплекстүү чараларды кабыл алышы керек

Жыныстык зомбулукту токтотууга комплекстүү мамиле кылуу зарылдыгы жана мыйзам долбоорун баалоо

2026-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталына зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү, ошондой эле 14 жаш куракка чейинки  балага же майыптыгы бар адамга карата жасалган зордуктоо үчүн бир гана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза киргизүү каралган мыйзам долбоору жарыяланган (долбоордун ID - 5783).

Биз мамлекет башчысынын жыныстык зомбулук көйгөйүнө карата көңүл буруусун жана аялдар менен балдарга коргоону күчөтүү үчүн кадамдарды жасоого даярдыгын  кубаттайбыз.  Мамлекет бул кылмыштардын масштабын жана оордугун таанып, чечимдерди издөө жөнүндө ниетин жарыялагандыгы абдан маанилүү. Аны менен катар биз жазалоону катаалдаштыруу зомбулуктун өзүнөн өзү төмөндөшүнө алып келбейт жана жабырлануучуларды натыйжалуу коргоону камсыздай албайт деген ишенимдебиз. Долбоордун негиздеме-маалымкатында «бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мындай кылмыштардын көпчүлүгү латенттүү болуп жаткандыгы» белгиленет. Анткени менен эркиндиктен өмүр бою ажыратууну киргизүү латенттүүлүктүн себептерин жок кыла албайт жана кайрылуулар менен окуялардын ыктымалдыгын өзүнөн өзү азайтпайт.

Мындай кылмыштарды «көлөкөдөн» чыгарып гана тим болбостон, жыныстык зомбулуктун деңгээлин реалдуу төмөндөтүүгө жетишүү үчүн комплекстүү мамиле: эрте аныктоо жана өз убагында реакция кылуу боюнча алдын алуу чаралары, ошондой эле күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга жана натыйжалуу изилдөөгө тоскоолдук кылган кемчиликтерди болтурбоо үчүн КР Кылмыш-Жаза жана Жазык-процессуалдык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Айрыкча кошумча тоскоолдуктарга туш келишкен балдар жана майыптыгы бар аялдар үчүн колдоого ээ болуу жана жардам сурап кайрылуунун жеткиликтүү жана коопсуз механизмдерин камсыз кылуу абдан маанилүү.  

Маселе мыйзамда каралган жазалоонун катаалдыгында эмес, иш жүзүндө бул катаалдык изилдөөлөрдүн натыйжасыздыгынан, сот адилеттигине жетүүдөгү тоскоолдуктардан, адистештирилген кызмат көрсөтүүлөрдүн жоктугунан жана системалуу алдын алуунун болбогондугунан улам ишке ашпай, күнөөлүүлөрдүн көбүнчө жоопкерчиликтен кутулуп кетип жатышкандыгында болууда.

Жыныстык зомбулук бийликти кыянат пайдалануу, гендердик теңсиздик, стигма, жашырып айтпоо жана табу коюлган тема экендигине, ошондой эле ачыкка чыгаруу жана реакция кылуунун таасирдүү механизмдеринин жетишсиздигине байланыштуу. Аталган факторлор жоюлмайынча, ал тургай мыйзамда бекитилген формалдуу катаал санкциялар дагы жоопкерчиликтен кутулбастыкты камсыздай албайт жана реалдуу токтотуучу таасирге ээ боло албайт.

Адам укуктары боюнча эл аралык органдар Кыргыз Республикасына мыйзам ченемдерин жакшыртууну жана анын практикада колдонулушуна көңүл бурууну, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууну, ошондой эле жабырлануучулардын сот адилеттигине реалдуу жетишүүсүн жана керектүү колдоолорду алышын камсыздоону бир нече жолу сунушташкан.

Чындыгында эмне зарыл

Жыныстык зомбулук менен натыйжалуу күрөшүү үчүн комплекстүү, системалуу мамиле зарыл. Латенттүүлүктүн себептерин, сот адилеттигине жетүүдөгү тоскоолдуктарды жана изилдөөлөрдөгү жетишпегендиктерди жойбой туруп, жазалоону катаалдатуу ачыкка чыгарууларды жогорулатууга дагы, зомбулуктун реалдуу төмөндөшүнө дагы алып келбейт. Мамлекет кабыл алышы керек болгон негизги чаралар төмөндө келтирилди.

1. Эл аралык стандарттарга ылайык мыйзам ченемдерин реформалоо (КЖК жана ЖПК)

1.1. Эркин билдирилген макулдуктун жоктугунун негизинде зордуктоону аныктоо

Кыргызстанга  зордуктоо аныктамасын кылмыш курамынын негизги элементи катары эркин билдирилген макулдуктун жоктугун бекитүү (баарынан мурда КР Кылмыш-Жаза кодексинин 154-156-беренелеринде), ошондой эле басмырлоочу жана эскирген формаларды жоюу менен эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү.  Мындай өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын мурда Кыргызстанга карата өз сунуштамаларында Аялдарга карата басмырлоону жок кылуу боюнча БУУ Комитети көрсөткөн.

Кыргыз Республикасы аталган сунуштаманы соңку Универсалдык мезгилдик обзордун алкагында кабыл алган (колдогон). Асыресе, 140.69 сунуштамалар Кыргызстанды  «зордуктоону эркин билдирилген макулдуктун жоктугу менен жасалган катнаш катары так аныктама берип, Кылмыш-Жаза кодексине өзгөртүү киргизүүгө» чакырат (Исландиянын сунуштамасы) жана  Кыргызстан аны колдоого алган (2025-ж., август, A/HRC/60/4/Add.1).

1.2. Эмне үчүн бул маанилүү

Зордуктоону дене-бойлук зомбулук же аны колдоном деп коркутуу призмасы аркылуу аныктоого  багытталган аракеттеги норма кылмыштын курамын кыскартып, күнөөлүүлөрдүн көпчүлүгүнүн жоопкерчиликтен качышына мүмкүнчүлүк түзөт. Практикада макулдуктун жоктугу көбүнчө «классикалык» эмес, дене-бойлук – мисалы, психологиялык кысым көрсөтүү, көз карандылыкты, кадыр-баркын же ишенимди кыянат пайдалануу менен, жаш курактык, социалдык же кесиптик үстөмдүгү менен мажбурлоо аркылуу орун алат.  Бул бийликтин асимметриясы айкын көрүнгөн кырдаалдар үчүн (анын ичинде «мугалим–окуучу», «дарыгер–бейтап», үй-бүлөлүк зомбулукта  ж.б.) өзгөчө мүнөздүү.

Мажбурлоо жагдайларын эске алуу менен эркин макулдуктун жоктугуна негизделген аныктама толук кандуу коргоону камсыз кылып, укуктук нормаларды колдонуунун болжолдуулугун жогорулатат жана  Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерин АБЛК Комитетинин жана башка эл аралык механизмдердин сунуштамаларында чагылдырылган стандарттарга жакындаштырат.

1.3. Реформалардын реалисттик ырааттуулугу

КЖК жана ЖПКне өзгөртүүлөрдү киргизүү – убакытты талап кылган процесс экендигин биз түшүнөбүз.  Биринчи кадам катары Жогорку соттун түшүндүрмөлөрүнө (Пленумдун токтому) өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу укук колдонуу практикасын тактоо менен дагы баштоо мүмкүн. Биз мурда ушул жолду сунуш кылганбыз жана талкуулоого кайтып келүүгө даярбыз.

2. Натыйжалуу ачыктоо, кайрылуунун коопсуз механизмдери жана алдын алуу

Система постфактумда гана иштебестен, зомбулукту болтурбоосу жана жабыркагандарга (балдарды жана майыптыгы бар аялдарды камтуу менен)  өз убагында жардам берилишин камсыз кылуу үчүн, өз ичине төмөнкүлөрдү камтыган комплекстүү чаралар керек:

  • Жардам алуу үчүн кайрылуунун жеткиликтүү, коопсуз жана конфиденциалдуу каналдары;
  • Кысым көрсөтүүдөн, коркутуудан, стигмадан жана кайталанган  виктимизациядан коргоо кепилдиги;
  • Кайра багыттоонун так каттамдары жана ведомство аралык протоколдор (мектептер, соцкызматтар, медмекемелер, кризистик борборлор, укук коргоо органдары);
  • Тобокелдиктерди милдеттүү түрдө эрте аныктоо жана «сигналдарга» жооп кайтаруу (анын ичинде саламаттык сактоо жана билим берүү тутуму тарабынан), ошондой эле  жабык мекемелердеги (мисалы, психоневрологиялык интернаттарда), обочолонгон үй чарбаларында жана айыл жергесинде зомбулук учурларын ачыктоонун проактивдүү механизмдерин камтуу менен;
  • Теңчилик жана зомбулукка жол бербөө маселелери боюнча иштерди жана агартууну, зомбулукту колдогон нормаларды өзгөртүү боюнча жаштар жана эркектер үчүн программаларды, мындан тышкары, жардам алууга кайрылуу мүмкүн жана коопсуз болушу үчүн жыныстык зомбулуктун айланасындагы стигманы төмөндөтүү жана «табуну» бузуу боюнча чараларды камтуу менен тутумдуу алдын алуу.

3. Натыйжалуу изилдөө жана сот адилеттиги

3.1. Адистештирүү жана даярдык

Жыныстык зомбулук жөнүндө иштер боюнча тергөөчүлөрдү, прокурорлорду жана судьяларды даярдоону күчөтүү жана жабыркагандардын укуктарына багытталган практиканы жайылтуу зарыл. Андай болбогон учурда жабыркагандар коргоого кайрылуу менен ишенбөөчүлүккө, стигматизацияланган көрүнүштөргө жана кесипкөй эмес кайрылууларга туш боло беришет, бул кылмыштар жөнүндө маалымдоого даярдыкты төмөндөтүп, системага болгон ишенимге доо кетирет. Бул, асыресе, зордуктоо жөнүндө катталган арыздардын саны менен КРдеги кылмыш өндүрүшү козголгон иштердин санынын, айрыкча, айыптоо  өкүмү менен аяктаган иштердин ортосундагы сандардын олуттуу айырмачылыгынан көрүнөт.  

3.2. Методикалык стандарттар

Изилдөө боюнча атайын методикалык сунуштамаларды (анын ичинде далилдөөлөр, тобокелдиктерди баалоо, экинчи ирет жабыркоого жол бербөө иштерин камтуу менен) иштеп чыгуу жана жайылтуу кажет.

3.3. Equality Now-нун Кыргыз Республикасындагы өнөктөштөрү менен биргелешкен иши

2025-жылдын соңунда Equality Now Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңеши менен биргеликте жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар жөнүндө иштер боюнча, майыптыгы бар жабыркагандар менен иштерге  өзүнчө көңүл буруу менен аялдардын кызыкчылыктарын коргогон адвокаттар үчүн тренингдердин сериясын өткөрдүк. Алгач Бишкекте тренерлер үчүн тренинг болуп өттү, андан кийин КР адвокаттары үчүн  Жалал-Абадда, Балыкчыда, Бишкекте жана Ошто регионалдык тренингдер болду. Азыркы учурда КР Адвокаттар кеңеши менен биргеликте ушул тема боюнча адвокаттар үчүн колдонмону толук иштеп чыгуудабыз.

Мындан тышкары,  бизде укук коргоо органдары үчүн колдонмонун долбоору даярдалган. Биз анын мазмунун, жайылтуу боюнча мүмкүн болуучу кадамдарды, ошондой эле мамлекеттик органдар менен биргелешкен тренингдерди уюштурууну талкуулоого даярбыз.

4. Сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү жана комплекстүү жардам көрсөтүү, майыптыгы бар кыздарды жана аялдарды камтуу менен

Юридикалык, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу; майыптыгы бар кыздарды жана аялдарды камтуу менен жабыркагандардын муктаждыктарын жеке баалоо механизмдерин түзүү.

2025-жылдын аягында  “Адилеттикти издеп: Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы жыныстык зомбулук жөнүндөгү иштердеги кылмыш-жаза сот тутуму” бкаяндамасы жарыяланган,  анда КРда зордуктоодон жабыркаган майыптыгы бар аялдар канчалаган тоскоолдуктарга туш келип жаткандыгы көрсөтүлгөн. Баяндама ошондой эле Кыргыз Республикасында жабыркагандардын сот адилеттигине жетишүүдөгү укуктарын камсыздоо үчүн зарыл болгон укуктук жана программалык чараларга көңүл бурууну сунуштайт.  

Биздин чакырык

Биз мамлекеттин кыздардын жана аялдардын укуктарын бекемдөөгө умтулуусун бөлүшөбүз жана бул маселеге көңүл буруп жаткандыгы үчүн Президентке ыраазычылыгыбызды билдиребиз.  Биз бийликти аялдардын жана балдардын коопсуздугун чындыгында жогорулата турган, эл аралык органдардын сунуштамаларынын аткарылышын камсыздаган жана сот адилеттиги тутумуна коомчулуктун ишенимин бекемдеген комплекстүү реформаларды күчөтүүгө көңүл бурууга чакырабыз.

Биз мамлекеттик органдар менен кызматташууга даярбыз жана зарыл болгон реформаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, эл аралык сунуштамаларды аткарууда, жабыркагандардын натыйжалуу коргоого ээ болуп, адилеттикке жетиши үчүн жыныстык зомбулукту ачыктоо жана жооп кайтаруу, алдын алуу системасын жакшыртууга көмөкчү болууга даярбыз.

Website: www.equalitynow.org | Email: info@equalitynow.org | Phone: +1 (212) 586-0906

Registered Office: Church Street Station, PO Box 7160, New York, NY 10008-7160, USA

 

www.birduino.kg/email:birduinokyrgyzstan@gmail.com

ул. Сыдыкова 258, Бишкек, Кыргызстан

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg