ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ РЕЗОЛЮЦИЯСЫ “Аялдардын укуктары жана гендердик инклюзивдүүлүк үчүн” жарандык форуму

04-март, 2025
“Белладжио”бизнес борбору, Бишкек ш.
ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
“Аялдардын укуктары жана гендердик инклюзивдүүлүк үчүн”
жарандык форуму
Биз, 2025-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында өткөн Жарандык форумдун катышуучулары Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери, Парламенттин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Омбудсмен институту, коомдук уюмдар, бизнес өкүлчүлүктөрү, медиа жана активисттер менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы аялдар лидерлигин илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерге даярдыгыбыз жана тилектештигибиз жөнүндө билдиребиз.[i]
Аялдардын социалдык адилеттүүлүктү жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууда өзөктүү ролун терең аңдап, гендердик адилеттүүлүккө жана гендердик теңчиликке жетишүү боюнча кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук стратегиясында бекитилген гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын коргоо принцибин кармана турганыбызды тастыктайбыз.
Биз аялдардын бардык деңгээлдерде - жергиликтүүдөн глобалдыкка чейин гендердик инклюзивдүүлүк принциптери менен жамааттардын лидерлерин, активисттерди камтуу жана БУУ аялдары жана КР Жогорку Кеңешинин депутат айымдарынын колдоосу менен өткөн[ii] Биринчи Улуттук форумдун жыйынтыктарын локализациялоо, КР “Бир Дүйнө” [iii] [iv] онлайн мектебинин сунуштамалары аркылуу чечимдерди кабыл алуу процесстерине аялдарды кошуу маанилүүлүгүн тааныйбыз.
Кыргызстан БУУ Коопсуздук кеңешинин 1325 резолюциясын ишке ашыруу, анын ичинде аялдардын чечимдерди кабыл алууга катышуусун кеңейтүүгө, гендердик зомбулукту болтурбоого жана аларды коргоону күчөтүүгө улуттук программаларды иштеп чыгуу боюнча чараларды көрүүдө. Ошентсе да, аялдарды тынчтыкты орнотуу процесстерине[v] тартуу механизмдерин бекемдөө жана локализациялоо зарылдыгына, ведомство аралык өз ара аракет этишүүгө, каржылоонун жетишсиздигине байланышкан маселелер чечилбеген бойдон калууда.[vi]
2023-жылдын апрелиндеги «Аялдар лидерлиги: жаңы доорго кадам» биринчи улуттук форумунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажкистандын чек арасында болуп өткөн каргашалуу окуялардан кийин кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча коомдук уюмдардын Глобалдык тарамынын (GNDR) [1] жаңы стандарттарын эске алуу менен каатчылыктардан кийинки тынчтыкты орнотуу боюнча, кырсыктарды жана тобокелдиктерди алдын алуу жаатында негизги сунуштамалар кабыл алынды жана «Алдыңкыдан көз караш» (View from the Frontline)[2] изилдөөсүнүн методологиясынын негизинде Кыргызстанда кабыл алынган улуттук иш-чаралардын пландарынын[3] алкагында жергиликтүүдөн глобалдыкка чейинки демилгелерди локализациялоонун маанилүүлүгүнүн негизинде аялдар лидерлигинин онлайн мектеби түзүлдү. Тобокелдиктерди, чыр-чатактарды жана каргашаларды алдын алуу – бул бүтүндөй туруктуу өнүгүү үчүн позитивдүү өзгөрүүлөргө инклюзивдүү так индикаторлору менен стратегиялык маанилүү биргелешкен ишмердүүлүк.
Эмгек укуктарын коргоодо жана илгерилетүүдө аялдардын ролуна өзгөчө көңүл бурулат, бул экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушул өңүттөн алганда биз 2025–2027-жылдарга карата адам укуктары жана ишкердик ишмердүүлүк боюнча БУУ Жетектөөчү принциптеринин Программасын ишке ашырууну колдойбуз жана мамлекеттик органдарды, эл аралык уюмдар менен жарандык коомчулукту аталган максаттарга жетишүүдө активдүү кызматташтыкка чакырабыз.
2024-жыл Кыргызстандагы аялдарга эки маанилүү укуктук жаңылыкты алып келди: май айында Кыргызстан «Эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө» №190 ЭЭУ Конвенциясын ратификациялады, декабрь айында Жогорку Кеңеш кош бойлуулар жана эмчек сүтүн эмизген аялдар үчүн гана жумушка тыюу салуу түрүндө чектөөнү калтыруу менен жаңы Эмгек кодексин кабыл алды.
Жарандык Форумду өткөрүү чыр-чатак зоналарында жашаган аялдар менен кыздарга карата зомбулук деңгээлинин өсүшү, коомдук уюмдар үчүн жарандык мейкиндиктин кыскарышы менен мүнөздөлгөн дүйнөлүк кырсык тобокелдиктеринен натыйжалуу коргоо үчүн жарандардын фундаменталдык укуктарын коргоо боюнча андан аркы иш-аракеттердин пландарын жана стратегияларын түзүүдө маанилүү мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Жарандык форумдун жыйынтыктоочу Резолюциясы биргелешкен аракеттерге жана тилектештикке глобалдык чакырык жасайт жана биздин глобалдык кыймылыбызды тынчтыкты, экологиялык адилеттүүлүктү жана ар бир адамдын кадыр-баркын урматтоону камсыз кылууга багытталган чечимдерге бурган ачык инклюзивдүү диалогго чакырат.
Жогоруда көрсөтүлгөн демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында Жарандык Форумдун катышуучулары:
- Жергиликтүүдөн глобалдык деңгээлдерге чейин инклюзивдик мамиле форматында тобокелдиктерди, чыр-чатактарды жана кырсыктарды алдын алууну камтуу менен лидер аялдар жана жергиликтүү жамааттардын активисттери үчүн жарандык мейкиндик Онлайн Академиясын өткөрүү аркылуу жергиликтүүдөн глобалдыкка чейин принциби боюнча аялдар лидерлигин илгерилетүү үчүн мамлекеттик түзүмдөр, жарандык коомчулук жана эл аралык өнөктөштөрдүн ортосунда көп тараптуу инклюзивдик диалогду жана сектор аралык кызматташтыкты күчөтүү;
- КР өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларга аялдардын укуктарын камсыз кылуу жаатында, асыресе, эмгек жана жумушка орноштуруу чөйрөсүндө, өзгөчө тобокелдиктер жана кырсыктар шарттарында жашаган жергиликтүү жамааттарга[vii] таза жана сергек айлана-чөйрөнүн жеткиликтүү болушуна укуктарды жана жашоо сапатынын бийик стандарттарынын негизинде жагымдуу шарттарды түзүү менен кошумча чараларды киргизүү;
3. “Бизнес жана адам укуктары”[4] БУУ Жетектөөчү принциптеринин негизинде билим берүү, кесиптик даярдык аркылуу аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча демилгелерди колдоо жана аймактагы социалдык жактан маанилүү маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттардын лидерлеринин катышуусунда форумдарды тутумдуу өткөрүү үчүн мейкиндикти кеңейтүү;
4. Бизнес коомчулугу менен биргеликте жарандык мейкиндикти жана көз карандысыз кесип бирликтерин өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен аялдардын тең укуктуулугуна басым жасоо аркылуу корпоративдик социалдык жоопкерчилик принциптерин локализациялоо боюнча иш-аракеттердин биргелешкен пландарын даярдоо;
5. Универсалдуу мезгилдик обзордун (УМО)[5] алкагында эмгек укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик чөйрөсүндө улуттук жана эл аралык документтердин, жарандык мейкиндик боюнча Венеция комиссиясынын корутундусунун[6], туруктуулук үчүн Хельсински баалуулуктарына[7] кайтууга баарына дем жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген Европарламенттин миссиясынын жыйынтыгы боюнча сунуштамалардын, ТӨМ-2030 максаттарына жетишүү үчүн гендердик инклюзивдүүлүктү илгерилетүү[8] алкагында Кыргызстандын милдеттенмелерин аткарышы боюнча мониторинг жана отчеттуулук механизмдерин өнүктүрүүнү колдоо;
6. Өнүгүү боюнча улуттук стратегияларды ишке ашырууда чыр-чатактарды жөнгө салууда жана чыр-чатактардан кийинки калыбына келтирүүдө аялдардын ролу жөнүндө БУУ Коопсуздук кеңешинин 1325 Резолюциясын [9] илгерилетүү маанилүүлүгүн, ошондой эле, Резолюцияны локализациялоо жана тынчтыкты орнотууда жана коопсуздукту сактоо процесстерине аялдарды тартууну[10], анын ичинде өнүгүү боюнча банктарга мониторинг кылууну камтуу менен эске алууну;
7. Жергиликтүүдөн глобалдык деңгээлдерге чейин жаңы тобокелдиктерди жана кырсыктарды эске алуу менен «Мөңгүлөр жөнүндө» мыйзамын, «Теңчилик жөнүндө» мыйзамын лоббирлөөнү (сүрөмөлөө) колдоону, эл аралык принциптердин жана стандарттардын негизинде «Үй-бүлө жана Балдар жөнүндө» жаңы мыйзамын талкуулоого жана кабыл алууга көмөктөшүүнү. Тең өнөктөштүккө жетишүү үчүн жарандык мейкиндикке жагымдуу шарттарды камсыз кылуу менен БӨУга каршы, масс медиага каршы ж.б. мыйзамдарды КР Конституциясына шайкеш келтирүүнү[11] зарыл деп эсептешет.
Биз биргелешкен күч-аракеттер менен гана Кыргызстандагы аялдардын укуктарын коргоодо жана аялдар лидерлигин илгерилетүүдө реалдуу өзгөрүүлөргө жетише алабыз деп ишенебиз. Аталган резолюция биздин теңчиликке жана адилеттүүлүккө жетишүү үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого жана бул багытта иштөөдө жамааттык милдеттенмебиз болуп саналат.
Жарандык Форумдун катышуучулары
4-март, 2025-жыл, Бишкек ш.
[3] https://birduino.kg/pressaru/press-reliz-o-nachale-realizaczii-proekta-«onlajn-shkola-dlya-zhenshhin-aktivistok-so-vsex-regionov-kyirgyizstana»
[i] https://mkk.gov.kg/ru/wp-content/uploads/2024/09/%D0%A3%D0%BA%D0%B0%D0%B7-%D0%9F%D1%80%D0%B5%D0%B7%D0%B8%D0%B4%D0%B5%D0%BD%D1%82%D0%B0-%D0%9A%D0%A0-%D0%BE%D1%82-7-%D0%BC%D0%B0%D1%80%D1%82%D0%B0-2024-%D0%B3%D0%BE%D0%B4%D0%B0-%D0%A3%D0%9F-%E2%84%96-62.htm.pdf
[v] https://kyrgyzstan.un.org/sites/default/files/2022-10/UN%20Women%20CO.%202020.%20UNSC%20Resolution%201325%20and%20its%20Implementation%20in%20Kyrgyzstan%20%28NAP%201325%29_RUS.pdf