Фестиваль 2024: “Адилет дүйнө үчүн, Эркиндик жана жарандардын тең укуктары үчүн”

Апр 02.2024

“Бир Дүйнө-Кыргызстан” КБ "Бир Дүйнө – Кыргызстан 2023" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык XVIII  фестивалына катышууга табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгын, кабыл алуу 2024-жылдын 3-апрелинен 30-майына чейин жүргүзүлө тургандыгын жарыялайт. 

Уюштуруу комитетинин чечими менен, кийинки "Бир Дүйнө – Кыргызстан 2023" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык XVIII  фестивалы адам укуктарынын ажырагыстыгы жана универсалдуулугу жөнүндө билимдерди тереңдетүүгө, ошондой эле, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, гендердик теңчилик, инклюзивдүүлүк жана басмырлабастык боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган “Адилет дүйнө үчүн, Эркиндик үчүн жана жарандардын тең укуктары үчүн” темасына арналат.

Маалымат үчүн: Адам укуктары жаатындагы даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери келе жаткан өзгөрүүдөгү дүйнөдөгү Адам Укуктары жана Эркиндиктери өзөктүү темаларын көтөрүп келген кеңири горизонталдык катышуудагы Жарандык Платформа болуп саналат.  

Фестиваль адам укуктары жөнүндөгү мыкты тасмаларды бирдиктүү программага топтойт, бул көрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, эл аралык конвенциялар жана адам укуктарынын жалпы декларациясы менен бекитилген адам укуктарын коргоо нормаларын жана стандарттарын камтыган тасмаларды көрүүгө жана талкуулоого уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Фестиваль укук коргоочулардын өнөктөштүк тармагы, ар кыл өлкөлөрдөгү аялдар жана экологиялык уюмдары менен өнөктөштүктө, ошондой эле, балдарды жана жаштарды тартуу менен өткөрүлөт. 

Фестивалга катышуу үчүн табыштаманы:

birduino.festival@gmail.com жана birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук даректерине калтырыңыз.

Табыштаманын формасы шилтемеде: https://docs.google.com/document/d/1phToIDXbgD9yzDcMWM6nrO6lPpOg5Y0D/edit?usp=sharing&ouid=114720251913301271756&rtpof=true&sd=true

Бардык суроолор боюнча төмөндөгү контактылар аркылуу байланышыңыз:

 

+996 (500) 626- 221 

+ 996 (772) 163-229

 

 Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720000, Сыдыков коч, 258, тел/факс: (+996 312) 317671, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com

Кыргызская Республика, 720000, г. Бишкек, Сыдыкова 258, тел/факс: (+996 312) 317671, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com 258

Sydykova str., Bishkek, Kyrgyz Republic, 720000, tel/fax: (+996 312) 317671, e-mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com www.birduino.kg

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg