"Equality Now" жана "Бир Дуйно Кыргызстандын" билдирүүсү

Окт 07.2025

 Кыргызстан жетишкен ийгиликтерин сактап, өлүм жазасынан баш тартышы керек.

Биз Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдарына өлүм жазасын кайтарууну караган өзгөртүүлөрдү даярдоо жөнүндөгү буйругуна терең тынчсыздануу билдиребиз.

Жашы жете элек Айсулуунун зордукталып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүшү баарыбызды таң калтырды. Бул ишке байланыштуу коомдун кайгысын түшүнүп, тең бөлүшөбүз.  Балдарга жана аялдарга карата сексуалдык зомбулук кылмыштын эң оор жана травмалуу түрлөрүнүн бири болуп саналат. Бул кылмыштар курман болгондорго, алардын үй-бүлөлөрүнө жана бүтүндөй коомго орду толгус зыян келтирүүдө. Биз мамлекет башчысына коомчулуктун кайгысына жана тынчсыздануусуна жооп берүүгө даярдыгы үчүн, ошондой эле аялдарды жана балдарды коргоону күчөтүү боюнча жасап жаткан кадамдары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз үчүн мамлекет бул көйгөйдүн тереңдигин түшүнүп, аны чечүүнүн жолдорун издөөгө даяр экенин билдиргени маанилүү.

Ошол эле учурда өлүм жазасын кайтаруу көйгөйдү чечүү жолу эмес экенине ынандык. Эмне үчүн өлүм жазасы чечим эмес? 

Кыргызстан алдыга маанилүү кадам таштады.     2007-жылы өлүм жазасынын жоюлушу адам укуктары жана жашоого болгон укуктун эң жогорку баалуулук катары таанылышы жаатындагы тарыхый жетишкендик болгон. Андан тышкары, Кыргызстан 2010-жылы Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын өлүм жазасын алып салууну караган Экинчи Факультативдик протоколуна кошулган. Бул жаза чарасына кайтып келүү артка кадам болуп, Конституцияга жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет.

ООН дун позициясы:

Бириккен Улуттар Уюму бардык жагдайларда өлүм жазасын колдонууга каршы. Бүткүл дүйнөлүк деңгээлде өлүм жазасын алып салуу адамдын кадыр-баркын сактоо жана адам укуктарынын прогрессивдүү өнүгүшү үчүн маанилүү. Өлүм жазасын бүтүндөй алып салууга карата консенсус көбүрөөк өсүүдө.… Өлүм жазасы дагы эле аз сандагы өлкөлөрдө колдонулат, бул негизинен кылмыштуулуктун алдын алат деген уламыштан улам170ке жакын өлкө өлүм жазасын жокко чыгарды же мыйзамда же практикада колдонууга мораторий киргизди".

Өлүм жазасы кылмыштуулукту токтото албайт. Эл аралык тажрыйба жана изилдөөлөр жазанын катаалдыгы гана сексуалдык зомбулуктун деңгээлин төмөндөтпөй турганын тастыктайт. Маселе жазалардын жеңилдигинде эмес, тергөөнүн натыйжасыздыгында, сот адилеттигине жетүүдөгү тоскоолдуктар жана системалуу профилактиканын жоктугунда.  Сексуалдык зомбулуктун тамыры бийликти кыянаттык менен пайдалануу жана гендердик теңсиздик, аялдардын тең укуктуулугун жана бирдей укуктарын тааныбоо жана урматтоо, унчукпай коюу жана тыюу салуулар, ошондой эле аныктоонун жана жооп кайтаруунун натыйжалуу механизминин жоктугунан келип чыгат. Жазалар кылмыштын оордугуна пропорционалдуу болуп, жазасыз калууга жол бербөө керек болсо да, өлүм жазасын кайра киргизүү негизги түпкү көйгөйлөрдү чечпейт.

Эл аралык органдар башка чараларды сунушташат. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети, БУУнун Кыйноого каршы комитети, БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитети жана башка адам укуктары боюнча эл аралык механизмдер Кыргызстанды өзүнүн мыйзамдарын жакшыртууга, тергөөнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле жабырлануучулардын сот адилеттигине жана колдоолорго жетүүсүн камсыздоого бир нече жолу кайрылышкан.

Мындан тышкары, биз сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү адилеттүүлүктүн максаттарына шайкеш келбейт жана кылмышкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга алып келиши күмөн деп эсептейбиз. Тескерисинче, ал сот адилеттиги системаларын далилдөөнүн өтө катуу жана оор стандарттарын колдонууга мажбурлоо коркунучу жогору, айрыкча зордуктоо иштери боюнча.  Өлүм жазасы акыркы чара катары сот адилеттигин жокко чыгаруу коркунучун күчөтөт, ошондуктан соттор жана прокурорлор четке кагылгыс далилдерди талап кылууга жакын болушат - айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна алуу же түздөн-түз буюм далилдери - сексуалдык мүнөздөгү зомбулук учурларында жабырлануучунун көрсөтмөлөрү көбүнчө жалгыз негизги далил болуп саналат.   Натыйжада мындай иштердин соттук териштирүүгө жетиши азыраак, бул жазасыздыктын деңгээлин жогорулатат.

Чындыгында эмне керек

Биз сексуалдык зомбулукка каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн мамлекет төмөнкүлөргө милдеттүү экенине ишенебиз:

  • Мыйзам чыгаруу жана укук коргоо органдарын реформалоо. Кылмыш-жаза кодексин жана Жазык-процесстик кодексти эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү: зордуктоону аныктоонун негизги элементи катары макулдукту бекитүү, басмырлоочу жана эскирген жоболорду жоюу.
  • Натыйжалуу аныктоо. Жабырлануучулар укук коргоо органдары менен байланышууга ыңгайлуу жана алар жардам жана коргоо ала тургандыгына ишене турган системаны түзүү.
  • Натыйжалуу тергөө жана адилеттүүлүк. Тергөөчүлөрдү, прокурорлорду жана судьяларды даярдоону күчөтүү; атайын методикалык сунуштарды иштеп чыгуу; процесстердин бардык этаптарында жабырлануучулардын таламдарын эсепке алуу практикасын ишке ашыруу.

            Сот адилеттигине жетүү жана жабырлануучуларды коргоо. Юридикалык,             медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү;             жабырлануучулардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын жана             кыздардын муктаждыктарын жекече баалоо механизмдерин түзүү.

            Зомбулуктун алдын алуу. Алдын алуу аракеттерин, анын ичинде билим             берүү, коомчулук менен байланышуу жана жаштар жана эркектер үчүн             программаларды күчөтүү.

Биздин чакырык

Биз мамлекеттин калкынын аялуу катмарын коргоону күчөтүү боюнча милдеттенмесин тең бөлүшөбүз жана бул маселеге көңүл бургандыгы үчүн Президентке ыраазычылык билдиребиз. Ошол эле учурда биз Кыргызстан жетишилген прогрессти сактап, өлүм жазасын калыбына келтирүүдөн баш тартууга тийиш деп ишенебиз.

Биз бийликти аялдардын жана балдардын коопсуздугун чындап камсыз кыла турган, эл аралык органдардын сунуштарын ишке ашыра турган жана элдин сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдей турган реформаларга багыттоого чакырабыз.

Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо адамдын башка фундаменталдык укуктарына зыян келтире албайт. Кыргызстан үчүн өз жарандарын чындап коргоого жөндөмдүү адилеттүү жана гумандуу системаны куруу менен алдыга умтулууну улантуусу зарыл.

Биз мамлекеттик органдар менен кызматташууга жана зарыл реформаларды иштеп чыгууга, эл аралык сунуштарды ишке ашырууга, аялдарды жана балдарды сексуалдык зомбулуктан коргоо системасын өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө даяр экенибизди билдиребиз.

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg