ЕККУ регионундагы аялдар жана гендердик маселелер боюнча Жарандык тилектештик платформасынын (CSP) жумушчу тобунун Россиянын Украинага басып кирүүсүнүн жылдыгына карата билдирүүсү

Фев 24.2026

ЕККУ регионундагы аялдар жана гендердик маселелер боюнча Жарандык тилектештик платформасынын (CSP) жумушчу тобу Россиянын Украинага басып кирүүсүнүн жылдыгына карата

Россиянын Украинага толук масштабдуу басып кирүүсүнүн бул жылдыгында ЕККУ регионунда аялдар жана гендердик реалийлер маселелери боюнча Жумушчу тобу аялдарга жигердүү тилектештигин билдирет. Биз алардын күчүн, алардын лидерлигин, күнүмдүк жашоо шарттарын жакшыртуудагы жамааттык аракеттерин жана көп учурда байкалбаган сабырдуулук менен коштолгон кайраттуулук көрүнүштөрүн урматтайбыз. Алардын туруктуулугу - кыйынчылыктарга болгон жөн гана реакция эмес, бул – ар-намыстын, үмүттүн жана терең аныкталбаган олку-солку мезгилдерде да коомду сактап калууда аялдардын орду алмашкыс экендигинин айкын көрүнүшү. CSP тармагы жана башка уюштуруучулук форматтар адамдык байланыштарды сактоо үчүн өтө маанилүү. Дал ушул нерсе биздин тынчтыкты орнотуудагы феминисттик ишмердүүлүгүбүздүн негизин түзөт.

Согуш илгери болуп өткөн окуя эмес, күнүмдүк чындык: жакындардан ажыроо, кыйраган үйлөр, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы жана сөздүн кеңири маанисинде, күн сайын коопсуздукту издөө болгон миллиондогон украиндерге биз тилектештигибизди билдиребиз. Жалпы Украина боюнча жамааттар олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болушту, бирок анын эли укмуштай күч менен каармандыгын көрсөтүшүүдө. Жергиликтүү деңгээлдеги тилектештик сезими дем-күч берет.  Узакка созулган сыноолорго карабастан көптөгөн аялдардын ар-намысты, иденттүүлүгүн жана үмүттү сактап калуудагы чечкиндүүлүктөрү адамдын духу түгөнгүс дараметке ээ экендигин эске салып турат.

Биз ошондой эле сөз эркиндиги үчүн куугунтукка кабылышкан жана согушка каршы билдирүүлөрү үчүн абакка кесилүү коркунучунда турган Россиядагы аялдарга тилектешпиз. ЕККУ регионундагы адам өмүрүн коргогон, сөз эркиндигин жана демократиялык эркиндиктерди жактаган, асыресе, укуктар олуттуу бузулган, жарандык мейкиндик радикалдуу чектелген диктатордук, репрессивдик жана патриархалдык режимдердин шарттарында иш алып барышкан бардык аялдарга тилектештигибизди билдиребиз. Биз маалыматка жетүүдөгү чектөөлөргө, пропагандага жана жалган жаңылыктарга, ошондой эле алардын жер-жерлердеги тынчтыкты орнотуу иштеринин дискредитацияланышына туш болуп жатышкан аялдарды колдойбуз. Алар ажырымга бөлүү саясатына каршы туруп, ырааттуу түрдө жамааттык аракеттерге умтулуп келишет.

Бул согуштун масштабынын артында оор жеке тагдырлар турат: ата-энелер өз балдарын, өздөрүнүн уулдарын мажбурланган мобилизациялоодон коргоого умтулушууда; үй-бүлөлөр үйүнөн алыс жерлерде жашоону кайрадан курууга мажбур болушууда; улуу муун жашоосу күтпөгөн жерден өзгөрүп кеткенине кайгырууда. Согушту башынан өткөргөндөр үчүн ал эч качан абстракттуу эмес, анын кесепеттери терең адамзаттык мүнөзгө ээ жана көп учурда дене-бой зомбулугуна жана психологиялык жабыркоого түздөн-түз байланыштуу. Мындай шарттарда аялдар жамааттарды бириктиргенүй-бүлөлөрүнө кам көргөн, жер которгон адамдарды колдогон, эң зарыл учурларда лидерликти колго алган жана жакын коңшуларына ыкчам жардам көрсөтүшкөн туруктуу күч болуп келишкен жана болуп кала беришет.  

Бизди бардык өз ара сүйлөшүү процесстерине адамдык өлчөмдү киргизүүгө умтулуубуз бириктирет. Ошол эле убакта эркек саясатчылардын көпчүлүгү негизинен геостратегия, чек аралар жана аймактар, ресурстар жана бийлик жөнүндө сүйлөшсө, аялдар коркпой жашоо жана (тынчтык) процесстерине канткенде үзүрлүү катыша алыша тургандыгы жөнүндө сүйлөшөт. Калыбына келтирүүгө арналган (эл аралык) каражаттар ири долбоорлорго артыкчылыктуу багытталса, ошол эле убакта социалдык-экономикалык жана репродуктивдик кам көрүү жаатындагы чакан масштабдагы жана децентралдаштырылган долбоорлор  негизинен аялдар тарабынан камсыздалып, көп учурда олуттуу мааниге ээ деп эсептелбейт.

Биз ЕККУнун муундардын бейпилдигине коркунуч туудурган жана узак мөөнөттүү жабыркоону жараткан жек көрүү менен кастык риторикасынын андан ары күчөшүн алдын алуунун жалгыз ыкмасы катары негиздөөчү принцибинин жана «жалпы коопсуздук» түшүнүгүнүн баалуулугуна ишенебиз. ЕККУ туруктуу тынчтык, демократия жана адилеттүүлүк үчүн негиз түзүү менен социалдык байланыштарды калыбына келтирүүгө көмөкчү болууга жана диалог үчүн мейкиндикти кеңейтүүгө үч өлчөмдүн ар биринде жана алардын кесилишинде натыйжалуу коргоо, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук механизмдерин камсыз кылууга тийиш жана муну ишке ашыра алат. Биз, жумушчу топ катары, гендердик реалийлер жөнүндө практикалык тажрыйбабызга жана атайын билимдерибизге таянуу менен кызматташтыкка умтулабыз жана буга даярбыз.

Бул согуш дүйнөнүн башка жактарында уланып жаткан чыр-чатактар менен катар баарыбыздан эң маанилүү нерсени: зомбулукка көнбөөнү, убакыт өткөн сайын жапакечтиктин өчүп калышына жол бербөөнү жана адамдын башына түшкөн кайгыны сөзсүз болчу көрүнүш катары кабыл албоону талап кылат. Тынчтык качан болбосун динамикалуу жана морт нерсе. Дал ошондуктан биз сергек болууга, тынчтык процессин коргоого жана аны жактоого милдеттүүбүз. Натыйжада баардыгыбыздын тапкан олжобуз ушул.

Ал тургай согуш шарттарында да адам баласы өз ара тилектештиги, камкордугу жана кайдыгер карабагандыгы аркылуу боорукерлик жөндомүн жоготпошу керек. Тынчтыкты орнотуудагы алгачкы жайбаракат кадамдар мына ушундан башталат.

www.civicsolidarity.org/work-group/women-and-gender-realities-in-the-osce-region/contact                                жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан кол коюлган,
координатору Хайди Майнзольт – meinzolt@wilpf.de                                                                                          экинчи координатору Толекан Исмаилова, ОО “Бир Дуйно Кыргызстан” - birduinotia@gmail.com               

                                                                                                                                           birduinokyrgyzstan@gmail.com

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg