Экинчи вебинар "Аялдардын шайлоого катышуудагы укуктук аспектилери"
Ноя 01.20242024-жылдын 24-октябрында Ош, Баткен, Нарын жана Иссыкөл обл, ошондой
эле башка аймактардан тренингге катышкан аялдар үчүн "Аялдардын
шайлоого катышуудагы укуктук аспектилери" боюнча экинчи вебинар өттү.
Иш-чара онлайн форматта өтүп, жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуу
мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызыккан эксперттер менен активдүү
аялдарды чогултту. Вебинардын максаты - дистанциялык добуш берүүнүн
өзгөчөлүктөрүн, аял талапкерлердин укуктарын коргоо үчүн укуктук
механизмдерди талкуулоо жана Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү
кеңештердин депутаттарынын ийгиликтүү окуялары жана жетишкендиктери
менен бөлүшүү болду.
Иш-чаранын спикерлери катары эксперт Искендер Байназаров, Кыргыз
Республикасынын БШКнын Граждандык билим берүү жана шайлоо
технологиялары борборунун директору Айсулуу Букамбаева жана гендер
боюнча эксперт Жамийла Капарова чыгышты.
Экинчи вебинарда катышуучулар дагы бир жолу аялдардын жергиликтүү
шайлоолорго катышуусунун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун талкуулап,
депутаттык мандаттын аялдарга берген мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.
Вебинарда жергиликтүү кеңештердин депутаты болуп иштеген 5 аялдын
тажрыйбалары жөнүндө презентация жасалып, алар аялдардын жана
кыздардын укуктарын илгерилетүү, экономикалык жактан колдоо жана
социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы ийгиликтүү
иш-тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Мындан тышкары, аял-депутаттардын алдында турган тоскоолдуктар жана
аларды кантип жеңүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча көптөгөн суроолор жана
талкуулар болду.
Вебинар соңунда катышуучулар жергиликтүү шайлоолордо аял талапкерлерди
колдоонун маанилүүлүгүн жана алардын активдүү катышуусу үчүн жагымдуу
шарттарды түзүүнү баса белгилешти.
Уюштуруучулар: Бир Дуйно - Кыргызстан коомдук бирикмеси Friedrich
Ebert Foundation Kyrgyzstan жана Women's Learning Partnership (WLP).