Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» КРнын мыйзамы жана АӨБ ишмердүүлүгү үчүн тобокелдиктер
Май 08.2024Кимге: G7 өлкөлөрүндөгү Азия өнүктүрүү банктарынын (АӨБ) жетекчилерине
АӨБ Президенти Масацугу Асакавеге
АӨБ аткаруучу директорлоруна (АКШ, Япония, ЕБ)
«Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» КРнын мыйзамы жана АӨБ ишмердүүлүгү үчүн тобокелдиктер
1-май, 2024-ж.
2024-жылдын 2-апрелинде Кыргызстандын Президенти «Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» (расмий түрдө «Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы катары белгилүү) мыйзамына кол койду. Мыйзам толугу менен 2024-жылдын 15-майында Юстиция министрлиги мыйзам алдындагы актыларды бекиткенден кийин күчүнө кириши күтүлүүдө.
Мыйзам чет элден каржылоо алышкан жана аныктамасы так жазылбаган «саясий» ишмердүүлүк менен алектенишкен жарандык коом уюмдарын «чет элдик өкүлдөр» реестрине киргизүүнү жана өздөрүнүн басмаларын чет элдик өкүл тарабынан даярдалган катары белгиленишин талап кылып, ошону менен чет элдик көзөмөлдүн астында тургандай көрүнүш калтырып, куугунтукка учуратат. Ошондой эле, алар финансылык отчет берүү боюнча талаптарга жана жалпы мамлекеттик көзөмөлгө баш ийиши керек, БУУнун атайын баяндамачыларынын[1]айткандарына караганда, «дээрлик чектелбеген административдик көзөмөлгө барабар болушу мүмкүн».
Бийлик бузуулар үчүн коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн 6 айлык мөөнөткө чейин токтотуп, соттун чечимисиз эле алардын банктык эсептерин камакка алышы, андан кийин бул уюмдарды соттун чечимине чейин жаап коюушу мүмкүн. Чет элдик каржылоону токтотуу көз карандысыз жарандык коом уюмдарын коркунучка туш келтирет, анткени, чет элдик каржылоо Кыргызстандагы көптөгөн бейөкмөт уюмдар үчүн каржылоонун жападан жалгыз булагы болуп саналат. Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча ЕККУнун бюросунун ыкчам алдын ала корутундусунда, (БДИПЧ)[2] «бул мыйзам өлкөдө айтылган сындар жөнүндө үн катпоого мажбурлайт жана бүтүндөй эле коомго думуктурчу таасир калтырат» деп айтылган.
«Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» мыйзам АӨБнын №10 «Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттешүү жана маалыматты ачыктоо» (EES 10) кызыкдар тараптарга коопсуз, жеткиликтүү инклюзивдик каражаттарды берүүгө багытталган, репрессиялардан коркунучсуз даттанууларды жана көйгөйлөрдү, сунуштарды көтөрүп чыгууга мүмкүндүк берген социалдык-экономикалык стандартынын максатына карама-каршы келет. Ошого карабастан аталган мыйзам адамдарга, анын ичинде ЖКУга репрессия коркунучунан улам ачык сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей, чочулоо атмосферасын жаратат. Натыйжада бул АӨБнын кызыкдар тараптар менен коопсуз жана конструктивдүү өз ара аракеттешүүсүн жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүн олуттуу чектөөгө алып, АӨБ тарабынан каржыланган келечектеги долбоорлорду кооптонууга дуушар кылат. АӨБ Кыргызстанда жүзөгө ашырышы мүмкүн болгон учурдагы жана келечектеги долбоорлор чоң коррупциялык тобокелдикке туш келет, эгерде жарандык коом жок кылынса, демек, байкоочу менен коомдук отчеттуулукту камсыздаган негизги фактордун ролун ойнобой калат. Андан тышкары, потенциалдуу социалдык жана экологиялык келтирилген зыяндар байкалбаган бойдон кала бериши ыктымал, анткени, маалыматчылар, укук коргоочулар жана ЖКУ коркконунан улам үнчуга алышпайт. Бул өкмөткө инвестициялык долбоорлордун социалдык жана экологиялык кесепеттерин алдын алуу жана жумшартуу же отчеттулукту камсыз кылуу чараларына, ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүүгө азыраак көңүл буруу менен иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.
Биздин сиздерге кайрылып жатканыбыздын себеби, бул мыйзам уюмдун келечектеги ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү ишке ашышына олуттуу кооптонууну жараткандыктан, сиздердин уюм Кыргызстандын бийлигине кайрылып, бул жагдайда тынчсыздануусун билдирүү менен жарандык мейкиндиктин мындан аркы начарлашын алдын алууга жардам берет деген ниеттебиз. Биз АӨБдү:
- Аталган мыйзамдын репрессиялар коркунучунан жана коркутуулардан эркин атмосферада кызыкдар тараптар менен конструктивдүү өз ара аракеттешүүнү талап кылган АӨБдүн өзүнүн EES 10 стандартын киргизүү мүмкүнчүлүгүн чектей тургандыгын эске алуу менен «Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» мыйзам жана анын уюмдун ишмердүүлүгүнө тийчү кесепеттери жөнүндө өз пикирин эл алдында ачык билдирүүгө;
- Кыргызстандын бийлигине укук коргоочуларга, активисттерге жана журналисттерге карата кысмакка алууну, коркутуу жана зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча чараларды кабыл алуу өтүнүчү менен кайрылууга чакырат.
- Жарандык коом мейкиндигине жана ЖМК эркиндигине таасир этүүчү мыйзам ченемдерин жана саясатты анализдөө жана талкуулоо үчүн өкмөттүк аткаминерлер, эл аралык каржы уюмдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана ЖМКнын ортосунда үзгүлтүксуз түзүмдүк диалог түзүүнү өткөрүүнү сунуштоого. Буга семинарлар, тегерек үстөлдөр же консультативдик кеңешмелер көмөкчү болот.
- «Чет элдик өкүлдөр жөнүндө» мыйзам өлкөнү өнүктүрүүгө жардам берүүгө багытталган АӨБ программаларынын принциптерине жана максаттарына карама-каршы келе тургандыгын түшүндүрүүгө;
- Кыргыз Республикасында эл аралык укук коргоо органдарынын сунуштамаларына ылайык, жарандык коом жана көз карандысыз ЖМК үчүн ачык мейкиндикти сактоону камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө жарандык мейкиндиктин кыскарышы тууралуу тынчсызданууну билдирүүгө чакырабыз.
Урматтоо менен,
- Бир Дүйнө Кыргызстан, директору Толекан Исмаилова, birduinotia@gmail.com
- Теңчилик үчүн Коалициясы (Кыргызстандагы 30 ЖКУ), координатору Лира Асылбек
- “Бишкекский СМОГ+” демилгечи тобу, координатору Бермет Борубаева
- Кыргызстандын Жашыл Альянсы, директору Ильгиз Камбаров