Бишкек шаардык соту жана КР Жогорку соту тынч чогулуштар эркиндигине жарандардын укуктарынын чектелиши боюнча Бишкек ш.

7-апрель,2025-ж.
Бишкек шаардык соту жана КР Жогорку соту тынч чогулуштар эркиндигине жарандардын укуктарынын чектелиши боюнча Бишкек ш. Биринчи май муниципалдык райадминистрациясынын жана Биринчи май РИИБдин мыйзамсыз аракеттерине даттануусун кароодон баш тартууда
Бир Дүйнө КР соңку бир нече ай аралыгында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында, анын ичинде кийинки, 2024-жылдын 27-декабрындагы №01- 16-770 2025-жылдын 1-январынан 31-мартына чейинки аралыкта тынч чогулуштарга чектөө киргизүү жөнүндө мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып келген Биринчи май райондук муниципалитетинин терс практикасын өздөштүрүү менен төмөнкүлөрдү белгилейбиз:
Биринчи май райондук соту жарандардын тынч митингдерге жана демонстрацияларга конституциялык укуктарын жана КР тынч чогулуштар жөнүндө мыйзамынi бузуу менен, көрсөтүлгөн чечимдерди мыйзамдуу деп тапкан жана тааныган.
2025-жылдын 3-апрелинде КР Жогорку соту Биринчи май муниципалдык райадминистрациясынын 26.03.2025-ж. чыг.№01-16/602 “Тынч чогулуштарга орундарды чектөө жөнүндө” чечимин мыйзамдуу деп таануу менен Бишкек ш. Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 26-мартындагы чечимине “Бир Дүйнө-Кыргызстан” КБнин (а маңызында – кайсы кызыкдар жак болбосун) апелляциялык даттануу берүү мөөнөттөрүн калыбына келтирүүдөн толугу менен баш тартты.
Белгилей кетсек, буга чейин, 2025-жылдын 18-мартында "Бир Дүйнө-Кыргызстан" КБ тарабынан Бишкек шаарынын аткаруу бийлигине, атап айтканда, Биринчи май муниципалдык райадминистрациясына жана Биринчи май РИИБге даттануу берилип, анда Бишкек шаарынын аткаруу органдарынан “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамынын бир катар талаптарын сактоо жана бизди тынч чогулуштарга мүмкүн болуучу чектөөлөр жөнүндө ишти кароого тартуу өтүнүчү келтирилген.
Биз, эгерде, сот тарабынан чогулуштарга чектөө же тыюу салуу жөнүндө соттун чечими кабыл алынса, алар чыгарылган күндөн тартып 24 саат аралыгында «Бир Дүйнө - Кыргызстан» коомдук бирикмесине жазуу жүзүндө маалымат жана көчүрмөсүн жиберүү жөнүндө өтүнгөнбүз. Анткени менен, биздин билдирүүбүздү Муниципалдык администрация мыйзамсыз түрдө четке какты.
Даттанылган актынын көчүрмөсү Жарандык-процессуалдык кодекстин 325 талаптарын сактоо үчүн жана даттанылган чечимди мыйзамдуу көрсөтүү, аны чыгарган соттун мотивдерине даттануунун жүйөөлөрүн контраргумент катары келтирүү жана келтирилген даттануу өтүнүчүн мыйзамдуу түрдө түзүүгө керек болчу.
Муниципалитеттин мыйзамсыз аракетсиздигинин жыйынтыгында объективдүү себептер менен уюм тарабынан Бишкек шаардык сотуна даттануу үчүн кайрылуунун мөөнөтү сакталбай калган.
Буга байланыштуу "Бир Дүйнө-Кыргызстан" КБ эксперттери тарабынан Бишкек шаардык сотуна кайрылуунун сакталбай калган (жүйөөлүү жана объективдүү себептер менен) мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз берилген. 1-апрелде шаардык сот арызды карады, ошол эле учурда арыз маңызынан каралды, тараптардын пикирлери угулуп, териштирүү жүрдү. Анткени менен, жыйынтыгында сот апелляциялык даттануу келтирүү үчүн биздин уюм тарабынан мөөнөт сакталган эмес деген тыянак чыгаруу менен чектелди.
Бишкек шаардык сотунун негизги корутундуларын белгилей кетсек:
Сот арыз берүү мөөнөтүнүн сакталбагандыгын сыйлабагандык деп эсептейт, ошол эле учурда тынч чогулуштарга чектөө жөнүндө чечимди кароодо бизди тартуу жөнүндө алдын ала берген өтүнүчүбүз жөнүндө бир дагы сөз айтылбайт.
Мыйзамда каралган мөөнөттө соттун чечимине жазуу жүзүндө жеткиликтүүлүктү камсыз кылбаган Муниципалдык администрациянын мыйзамсыз аракетсиздигине баа берилген эмес.
Биз муниципалдык администрациянын мындай чечимдерди соттук тартипте даттанууга өтө кыйынчылык жараткан же мүмкүн болбогон атайын шарттарды түзгөн алардын тынч чогулуштарга чектөөлөрдү коюу же тыюу салуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулук алар кабыл алынгандан кийин гана жалпыга маалымдоо каражаттарынан билген терс практикасын токтотуусун талап кылганбыз.
Сот өз чечиминде кандайдыр бир мыйзамга негизделген жүйөө келтирбестен, тынч чогулуштарга орундарды чектөө жөнүндө чечим публикалык мүнөзгө ээ экендигин жана жарандарга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же оозеки формада жеткирилерин белгилейт. Ошондой эле, 2025-жылдын 27-мартында саат 08:51дө жана 11:49да Акипресс жана 24.KG жаңылыктар порталдарына талашылган соттун чечими жөнүндө маалымат жарыялангандыгына шилтеме берет. Анткени менен, сот тарабынан бул жаңылык түрүндөгү маалыматтарда юридикалык жактан жүйөлөштүрүлгөн апелляциялык даттанууну даярдоо үчүн зарыл болгон соттук чечимдин толук тексти камтылбагандыгы эске алынган эмес.
Тынч жыйындарга чектөөлөр жөнүндө муниципалитеттин мыйзамсыз чечимннин пайдасына уюмдун негизги жүйөөлөрүн келтиребиз:
“Тынч чогулуштар жөнүндө” Мыйзамдын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук караштуулуктагы аймактарында чогулуш өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда каралган негиздер болгондо жана чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын каттамы боюнча чектөө же өткөрүлүп жаткан чогулушка тыюу салуу жөнүндө, ошондой эле чечим кабыл алууга укуктуу.
Соттун чечиминен, ал конкреттүү өткөрүлгөн чогулушка (жекелик санда) карата эмес, соттун чечими менен аныкталган үч ай аралыгында келечекте кызыкдар тараптар демилгелениши же уюштурулушу ыктымал болгон аныкталбаган сандагы тынч чогулуштарга карата кабыл алынган. Бул мыйзамдын көрсөтүлгөн нормаларынын бузулушу болуп саналат.
Эгерде тынч чогулуштарды өткөрүү (жекелик санда) чектелиши мүмкүн деген негиздемеге кайрылсак, анда “Тынч чогулуштар жөнүндө” Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, “Чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын каттамы боюнча чектөө тууралуу чечим чогулуштун катышуучуларынын жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон башка жарандардын коопсуздугуна чыныгы коркунуч келтирген жагдайлар сакталып турган мезгилге карата кабыл алынат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына чогулушка чектөөлөр киргизүүнүн себептери жөнүндө маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүү”.
Бирок, соттун чечимине караганда Муниципалдык администрация тарабынан 2025-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна (камтуу менен) чейин, мисалга, “Ала-Тоо” аянтында жүрүү жарандарыбыз жана борбордун меймандары үчүн кооптуу экендиги жөнүндө ой жорууга мүмкүнчүлүк берген факты жүзүндө тастыкталган жана ишенимдүү кандайдыр бир маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Мындай маалыматтар жана далилдер келтирилген эмес. Бир гана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн жана айрым жарандардын субъективдүү (жана анонимдүү) ой жүгүртүүлөрү жана Муниципалдык администрациянын өзүнүн аныкталган божомолдору менен күмөн саноолору бар.
Эгерде соттун чечиминин логикасына карасак, эгерде ошол эле “Ала-Тоо” аянтында (соттун чечими менен аныкталган башка жайларда) жарандардын коопсуздугуна реалдуу коркунуч жаралса, анда аны курчоого алып жана тийиштүү экстрендик жана өзгөчө иш-чараларды жүргүзүү зарыл болчу. Бирок, практика көрсөткөндөй – жарандар «Ала-Тоо» аянтында абсолюттуу түрдө убактыларын өткөрүшүп, тынч сейилдеп жүрүшөт. Ошондой эле, соттун чечиминин логикага сыйбаганы - «Ала-Тоо» аянтында мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларды өткөрүү убагында жарандардын курулай “коопсуздугуна коркунуч” кандайдыр бир түрдө убактылуу жок болуп же жоюлуп кеткендигинен көрүнөт.
Анткени менен, бийлик органдары тарабынан иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин “коопсуздукка коркунуч” токтоосуз түрдө пайда болот. 2025-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна (камтуу менен) чейин ушундай болмокчу.
Биринчи май райадминистрациясы тарабынан «Административдик ишмердүүлүк жана административдик процедуралардын негиздери жөнүндө» Мыйзамдын (мындан ары - Мыйзам) жоболорунун бир катар бузулууларын белгилей кетсек:
Мыйзамдын 4-беренесинин 6-пунктуна, 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 50-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Муниципалдык администрациянын административдик актысы, 26.03.2025-ж. чыг. №01-16/602, тынч чогулуштарга укукту чектеп, убаракерчилик жаратат.
Жыйынтыгында Муниципалдык администрациянын административдик актысы Мыйзамдын бир катар талаптарына карама-каршы келет:
1) индивидуалдык-аныкталган мүнөзгө ээ эмес (Мыйзамдын 4-беренесинин 6-пункту (а - подпункту);
2) административдик акт даректелген жактын фамилиясын, ысымын, атасынын атын; юридикалык жактын толук аталышын камтыган эмес (Мыйзамдын 50-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту);
3) аталган актыга даттанууну даректөөгө мүмкүн болгон орган жана актыга даттануу мөөнөтү камтылган эмес (Мыйзамдын 50-беренесинин 4-бөлүгү, 8-пункту).
Натыйжада, Мыйзамдын 55-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун жобосуна караганда, Муниципалдык администрациянын административдик актысы, эгерде актыда ал кимге даректелгени ачык болбосо, анда ал ошол себептен жана ошонун негизинде жараксыз болуп эсептелет.
“Бир Дүйнө - Кыргызстан” КБ эксперттери 2025-жылдын 1-апрелиндеги соттун апелляциялык жана 2025-жылдын 3-апрелиндеги кассациялык инстанцияларынын аныктамасынын негизинде соттор уюмдун арыздарын жана даттанууларын кароодо “Тынч чогулуштар жөнүндө” Мыйзамдын талаптарынын негизинде жана маңызы боюнча бийликтин аткаруу органдарынын аракеттерин баалоодон жана чечимдерди чыгаруудан баш тартуу максатында биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу үчүн мөөнөттөрдү аныктоого гана көңүл оодаруу менен формалдуу мамилени колдонушкан деген чечимге келишти. Ошол эле учурда КР Конституциясы тарабынан кепилденген демократиялык жана укуктук мамлекетте адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине соттук коргоо укугунун ишке ашырылышын камсыз кылышкан жок.
КР Бир Дүйнө юристтери жана укук коргоочулары дүйнөдө, Борбордук Азия регионунда, айрыкча, КРда жаңы тобокелдиктер, чыр-чатактар жана кырсыктар болгон учурда акыйкат сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы, укуктардын үстөмдүгү аркылуу эскертүү зарыл экендигин белгилеп, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин, тынч митингдерге жана жыйындарга жарандардын укуктарынын тутумдуу бузулушу жөнүндө чечимдерди кабыл алуучу башкы адамдардын көңүлүн өзүнө буратii.
”Бир Дүйнө” Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын жана мыйзамдуулуктун калыбына келтирилишин талап кылуу менен, тынч чогулуштарга жана жана демонстрацияларга жарандардын фундаменталдык укуктарын коргоону өнөктөштөрү, тилектештик тарамдары менен бирге улантат.
Бардык суроолор боюнча “Бир Дүйнө” юристи Тимур Арыковго: +996770341720 тел. номери же birduinokyrgyzstan@gmail.come mail аркылуу байланышыңыздар.
i https://cbd.minjust.gov.kg/4-4596/edition/713354/ru