"Бир Дүйнө - Кыргызстан" шашылыш пресс релиз: Бишкек шаардык соту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому (чет элдик өкүлдөр жөнүндө) боюнча Бишкек шаарынын Административдик со

"Бир Дүйнө- Кыргызстан"
шашылыш пресс релиз:
Бишкек шаардык соту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому (чет элдик өкүлдөр жөнүндө) боюнча Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимине карата даттанууну кароосун баштайт
2025-жылдын 20-мартында саат 9:00дө Бишкек шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому (чет элдик өкүлдөр жөнүндө) боюнча Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимине карата "Бир Дүйнө- Кыргызстан" КБ даттануусу боюнча биринчи угуусу дайындалды.
Үстүбүздөгү жылдын 14-январында биринчи инстанциядагы сот КР Министрлер Кабинетинин чет элдик өкүлдүн функциясын аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар реестрин жүргүзүү тартиби жана Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамына (мындан ары – БӨУ жөнүндө мыйзам) ылайык алардын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүү жөнүндө Жобону (мындан ары - Жобо) бекиткен 2024-жылдын 27-августундагы №518 токтомун (мындан ары - Токтом) мыйзамсыз деп таануудан баш тарткан.
Жобо коммерциялык эмес уюмдарды (БӨУ) чет элдик өкүлдөр-БӨУ реестрине коммерциялык эмес уюмдарды (БӨУ) киргизүү процедурасын, БӨУ - чет элдик өкүлдөргө (БӨУ-ЧЭӨ) мамлекеттик текшерүү жүргүзүү тартибин жана милдеттүү финансылык аудиттерди жүргүзүүгө талаптарды жана башка талаптарды бекитет.
Уюмдун эксперттери Токтомду талдап чыгып, Министрлер Кабинети тарабынан аны басып чыгарууда төмөнкү нормативдик-укуктук актылар бузулган жана аткарылган эмес деген чечимге келишти:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) ЕККУ ДИАУБ биригүүлөр эркиндиги боюнча жетектөөчү принциптери;
3) «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;
4) «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамы.
Биринчиден, Жобо БӨУ жөнүндө Мыйзамдые чегинен тышкары чыккан жаңы укук нормаларын (укуктук нормаларды) бекиткен.
Экинчиден, Жобонун долбоору (http://www.koomtalkuu.gov.kg) бирдиктүү порталында коомдук талкуу үчүн жарыяланган эмес. Ошону менен катар БӨУ өкүлдөрү жарандык коомчулук менен эч кандай консультациялар, талкуулар жүргүзүлгөн эмес. Бул нормаларды чыгаруу процессинин бузулушу болуп эсептелет.
Үчүнчүдөн, Токтом менен бекитилген жобо БӨУ-ЧЭӨгө текшерүү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесин кеңейткен. БӨУ жөнүндө Мыйзамга ылайык (17-1-беренеси), БӨУ ишмердүүлүгүнө “текшерүү жүргүзүүгө” жападан жалгыз мамлекеттик органга (аталган жагдайда - Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине) ыйгарым укук жүктөлгөн.
Төртүнчүдөн, Жобо (36-пункт) БӨУга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын же жалпыга маалымдоо каражаттарынын БӨУ жөнүндө мыйзамдын БӨУ тарабынан болжолдуу бузулушу же анын уставдык максаттарына БӨУ ишмердүүлүгүнүн ылайык келбеши жөнүндө ал тургай оозеки кайрылуунун негизинде текшерүү жүргүзүүгө уруксат берет. Ошол эле убакта анда негизделбеген же жүйөөсүз арыздануулардан БӨУну коргогон так механизмдер жок.
Бешинчиден, Жобо ошондой эле, БӨУ-ЧЭӨ текшерүү процессине тийиштүү так жана конкреттүү процедураларды камтыбайт. Биринчи кезекте, анын узактыгына, текшерүүнүн жыштыгына жана мөөнөттөрүнө, мындан тышкары, бийлик органдары бейөкмөт уюмунун саясий ишмердүүлүккө жана Жободо каралган башка маселелер боюнча ишмердүүлүктөргө тартылышына байланыштуу маселелерди баалоо жана көзөмөлдөөгө тийиштүү процедураларды.
Алтынчыдан, ЕККУ ДИАУБ биригүүлөр эркиндиги боюнча жетектөөчү принциптердин 22-пунктуна ылайык, «…биригүүлөргө тиийштүү укуктук жоболор жакшы иштелип чыгышы керек. Алар ачык, так жана талашсыз болушу зарыл. Мындан тышкары, мыйзамдын мазмуну кызыкдар тараптардын бардыгынын колдоосуна ээ болушуна кепилдик кылуу үчүн мындай жоболорду кабыл алуу процесси ачык, так, бардыгы үчүн жеткиликтүү жана бардык кызыкдар тараптардын катышуусуна негизделиши керек».
Биринчи инстанциядагы сот тарабынан "Бир Дүйнө-Кыргызстан" КБ арызын кароодо ачыкталган суроолорду жана маселелерди белгилей кетүү зарыл:
1) Жоопкердин өкүлү Жобого ылайык тийиштүү органдарга (Юстиция министрлигине, салык жана статистика кзыматтарына) суралган маалыматтар берилерин, натыйжада кезектеги маалыматтын берилүүсү кайталанма болорун жана БӨУ үчүн эки милдеттенме катары санала тургандыгын мойнуна алды;
2) Юстиция министрлигинин өкүлү чогултулган маалыматтардын сакталышын камсыздоодо (“Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамдын 21-беренеси боюнча) жетишерлик чаралар көрүлөбү? – деген суроого түшүндүрмө бере алган жок;
3) БӨУ текшерүүнүн башталышына оозеки кайрылуу дагы негиз боло алат, анткени, Жободо жазуу формасында арыз берүү жөнүндө талап жок;
4) Министрлер Кабинетинин өкүлүнүн айтуусунда – текшерүүлөрдүн саны (анын ичинде бир жолку) чектелбеген болушу мүмкүн;
5) БӨУ чет тилдериндеги документтерди текшерүүгө суроодо кыргыз жана орус тилдерине которууга милдеттүүбү? – деген суроо дагы ачык бойдон калды.
Бардык кызыкдар тараптарды, активдүү жарандарды, журналисттерди Бишкек шаардык сотунун имаратына 2025-жылдын 20-март күнү саат 9:00гө: Орозбеков көч. 37 дарегине келүүгө чакырабыз.
Кыргызстанда биригүүлөр жана ассоциациялар эркиндигине жарандардын фундаменталдык укугун бирге коргойлу
Бардык суроолор боюнча юристке 0770 341 720 номери жеbirduinokyrgyzstan@gmail.comэлектрондук дареги аркылуу байланышыңыздар