"БДК - 2024" XVIII Эл аралык адам укуктары боюнча даректүү тасмалар фестивалы «Жаштар искусство жана адам укуктары үчүн: Туруктуулук, Ар-намыс жана Коопсуздук!»
Ноя 29.20242024-жылдын 3-7-декабрь күндөрү Бишкек шаарында XVII Эл аралык адам укуктары боюнча даректүү тасмалар фестивалы *"Бир Дүйно – Кыргызстан - 2024" өтөт. Быйылкы урааны: «Жаштар искусство жана адам укуктары үчүн: Туруктуулук, Ар-намыс жана Коопсуздук!»
Фестиваль быйыл 18 жылдыгын белгилеп, ыктыярчылардын кыймылынын өнүгүүсүнө жана фестивалдын калыптанышына кошкон зор салымын өзгөчө баса белгилейт. Кечээки ыктыярчылар бүгүнкү күндө билимдүү, активдүү жана демилгелүү лидерлер катары коомдун ар кайсы чөйрөлөрүндө ийгиликтүү иш алып барышууда. Адам укуктарынын идеяларынын муундан муунга өтүп жаткандыгы бизди өзгөчө сыймыктандырат.
Быйылкы фестиваль өзгөчө жаштардын ролуна көңүл бурат.
Программа 15 өлкөдөн келген даректүү тасмаларды камтыйт: Гвинея-Бисау, Португалия, Бразилия, Эстония, Улуу Британия, Судан, Түштүк Судан, Марокко, Молдова, Өзбекстан, Непал, Кыргызстан, Казакстан, Франция, Дания жана Ооганстан. Бул тасмалар коомдук адилетсиздикти, дискриминацияны жана зомбулукту терең изилдеп, аялуу топторду, анын ичинде аялдарды, балдарды, качкындарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Борбор Азиянын жергиликтүү көйгөйлөрүн да өзгөчө чагылдырып, тасмалар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашоо шарттарын, паллиативдик жардамды жана маданий өзгөчөлүктөрдү сактоонун маанисин камтыйт.
Фильмдер глобалдык көйгөйлөрдү гана көтөрбөстөн, аларды сезимтал жана жакын
көрсөткөн жеке окуяларга да терең кирет.
Гвинея-Бисауда аялдар жыныстык мүчөлөрдү майып кылууга жана патриархалдык нормаларга каршы күрөшүү менен эле чектелбестен, агроэкологияны колдонуп жана өзүн-өзү камсыздоочу институттарды түзүү аркылуу мажбурлап турмушка берүүгө каршы чыгышат. Алардын күрөшү көз карандысыздык үчүн кыймылдын лидери Амилкар Кабралдын мурасы менен тыгыз байланышкан, ал аялдардын укуктарын боштондук күрөшүнүн борбордук бөлүгү кылган. Бул аялдар өз күчүн калыбына келтирип, келечек муундар үчүн жол ачууда.
Афганистанда эки курбунун анимациялык күндөлүктөрү саясий режимдер адамдардын тагдырларын кандайча бөлүп-жарып, бирин үйдөгү репрессияларга туруштук берүүгө, экинчисин качкындар лагеринде жашоого аргасыз кылып жатканын көрсөтөт.
Борбор Азиядан келген тасмалар паллиативдик жардам айыккыс дартка чалдыккан адамдарга өмүрүнүн акыркы күндөрүн ар-намыстуулук менен өткөрүүгө кандай жардам берерин көрсөтөт, ал эми аутизм менен жашаган өспүрүмдүн окуясы үйбүлөнүн күчүн жана сүйүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Тасмалар ошондой эле искусствонун маданий эс-тутумду сактоодогу ролун чагылдырат: Кыргызстандагы репрессияларга карабастан жаратылган скульптуралар же социалдык көйгөйлөрдөн шыктанган сүрөттөр бул теманы ачып берет.
Судандык жаштардын Марокконун көчөлөрүндө жашоосун баяндагандар согуш жана зордук-зомбулуктун кесепеттерин ачып, адам өмүрүнүн морттугун белгилейт. Дүйнөнүн башка четинде, Ыйык Елена аралында кулчулукка кабылган курмандыктарга арналган мемориал түзүү күрөшү колониялык өткөндү жеңүүнүн символуна айланат.
Экологиялык көйгөйлөр да негизги орунду ээлейт: Казакстандагы сел табияттын кыйратуучу күчтөрүнүн символу болуп, айлана-чөйрө менен болгон мамилени кайра карап чыгуу зарылдыгын эскертет. Ошол эле учурда, пандемия учурунда Гималайдагы айылда пайда болгон изоляция күтүүсүз шарттарда адамдык байланыштын тереңдигин ачып берет.
Ар бир тасма глобалдык көйгөйлөрдү жергиликтүү көз караш аркылуу чагылдырып, теңдик, эркиндик жана адамдык ар-намысты коргоо үчүн күрөш тууралуу баяндайт. Бул фильмдер ар бир статистиканын артында реалдуу окуя турганын жана ар бир көйгөйдө өзгөрүүгө жана шыктанууга мүмкүнчүлүк бар экенин эске салат.
Фестиваль жаштарга замандын чакырыктарына жооп берүүгө, адам укуктарын илгерилетүүгө жана инклюзивдүү коомдорду түзүүгө үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Демократия үчүн кыйын мезгилде, фестиваль төмөнкү стратегиялык демилгелерге көңүл бурат: "Хельсинки +50" чакырыгы, Финляндиянын лидерлиги менен 2025-жылы Хельсинки келишимдерин кайрадан актуалдаштыруу, диалогду бекемдөө жана жарандык коомдун, жаштардын ролун күчөтүү зарылдыгын белгилейт.
эркиндиги жана ассоциациялык укуктарды коргоо жана эл аралык кызматташтыкты
бекемдөөгө чакырат.
Жаштардын укук коргоо жаатындагы ролун кеңейтүү, бул инклюзивдүү коом түзүү, теңсиздикти азайтуу жана туруктуу келечекке жетишүүгө өбөлгө түзөт. Даректүү тасмалардын көрсөтүүлөрүнөн тышкары, аялдардын жана жаштардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун кеңейтүү, эмгек укуктарын коргоо, региондордун үнүн күчөтүү жана искусстводо адам укуктарын илгерилетүү маселелери боюнча тематикалык иш-чаралар өтөт.
Фестивалдын ачылыш аземи: 2024-жылдын 3-декабрында «Новотель» мейманканасында (Бишкек ш., Манас проспекти 16, 2-кабат).
Фильмдерди көрсөтүү дареги: AUCA Makerspace (Бишкек ш., Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6).
Кирүү акысыз.
Суроолор боюнча: +996 (551) 089-099, +996 (772) 163-229 birduino.festival@gmail.com
ФЕСТИВАЛДЫН БАРДЫК ДОСТОРУН ЖАНА ӨНӨКТӨШТӨРҮН ЧАКЫРАБЫЗ!