Азимжан Аскаровдун иши - «Кыргызстандагы талылуу маселе»
Май 17.2024Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун көз жумганынан бери төрт жыл өтсө да, аны реабилитациялоо боюнча иштерди укук коргоочу кесиптештери али күнгө чейин улантып келишүүдө.
Азимжан Аскаров 1951-жылдын 17-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында туулган. Ал билими боюнча сүрөтчү болсо да, духу жактан чыныгы укук коргоочу болгон. Көп жылдар бою жарандардын укуктарын коргоо менен, кыянаттык менен жасалган катаал кыйноолорго туш келген. Ал тургай темир тордун артында отурганында да өз боюн таштап койбостон, камактагыларга жан дили менен жардамын берип турган. Өз убагында сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардам ала албагандыктан улам, Аскаров 2010-жылдын 25-июлунда №47 түзөтүү абагында өмүр бою эркиндигинен ажыратылган мөөнөтүн өтөп жатып, дүйнөдөн кайтты.[1]
... 2024-жылдын 17-майында Азимжан Аскаров 73 жашка чыкмак.
Көбүнесе өмүрлүк жубайынын арты менен укук коргоочунун жаркын элеси жөнүндөгү эскерүүлөр жашап жатат. Хадича Аскарова өмүр шеригинин эс-тутумда калган ысымы адилеттүү түрдө калыбына келтирилет деген ниетте. Анын иштерин «Бир Дүйнө Кыргызстан» коомдук бирикмесинин жамааты дагы көп жылдан бери колдоп-коштоп келишүүдө. Алар биргеликте элүүдөн ашуун сот процесстерин[2] баштан кечиришти, булардын көбү укук коргоочуларга кысым көрсөтүү, коркутуп-үркүтүүлөр, бузуулар менен өттү. 2021-жылы БДК Аскаровду көзү өткөндөн кийин актап берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылган[3].
Кыргызстандын адам укуктары боюнча Кеңештин мүчөсү болуп шайлангандыгын эске алуу менен, өлкө укук коргоочунун ак ниет ысымын калыбына келтирүү боюнча БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткарып, аны абийир туткуну катары таанып, жакындарына татыктуу компенсация төлөп берет деген үмүт бар. Мыйзамдуулуктун сакталышы бийликтин жарандарга карата гумандуу, урмат-сый менен мамиле кылышынын далили болуп саналат. Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык органдын сунуштамаларынын аткарылышы жалпы Борбор Азия региону үчүн эргүү берет.
Азимжан Аскаровдун иши укук коргоочулардын абалы жөнүндө маселелер боюнча Атайын баяндамачы Мэри Лолор айымдын көзөмөлүндө, ошондой эле, Кыргызстандагы эл аралык негизги өнөктөштөрдүн назарында тургандыгын эске сала кетсек.
М.Лолор 2020-жылдын июлунда[4] «Аскаровдун абактагы өлүмү Кыргызстандын адам укуктары чөйрөсүндөгү жүзүнө чиркөө болуп эсептелет», - деп белгилеген.
Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгын 2023-жылдын декабрында белгилөө учурунда КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов RFI журналистине интервью[5] берип жатып: «Мурдагы укук коргоочу деген болбойт… Мен баштагыдай эле адам укуктары боюнча ишке берилген бойдон калам», - деп айтты. Гелия Певзнердин (RFI автору) Азимжан Аскаровго жана анын үй-бүлөсүнө карата адилеттикти калыбына келтирүү процесси жүрүп жатабы - деген суроосуна жооп берип жатып, Байсалов иштин фабуласы менен айыптоонун шайкеш келбегендиги жөнүндө бир нече ирет эске салды.
Байсалов: «Азимжан Аскаровдун иши Кыргызстан үчүн талылуу маселе бойдон калганы талашсыз. Мен укук коргоо уюмдары, Аскаровдун үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү менен байланышта болуп турам. Мен Аскаровдун ишинин фабуласы анын адам өлтүрүүлөргө кандайдыр бир жагдайда катышкандыгы жөнүндө айыптоолорго шайкеш келбей тургандыгы маанисинде бир нече жолу ой-пикиримди айткам. Буга ишенүү мүмкүн эмес, бул жөнүндө айта турган анын ишинде бир дагы факты жок. Ал кандуу окуялардын курмандыгы болуп калды. Ал эми бул чоң кайгы, биз аны сактап кала алган жокпуз, ал өтө кымбатка турду. Бирок, мезгилдин өтүшү менен тарыхчылар жана тергөөчүлөр адилеттикти жана ага тагылган айыптоонун чыныгы картинасын калыбына келтиришет деп ишенем. Жеке мен, албетте, бул мамлекетибиздин жүзүнө чиркөө болуп калышын каалабайм», - деп жооп берген.
Жарандардын укуктарын сыйлоо жана мыйзамдуулукту сактоо демкоратиялык коомдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
###
Байланыштар:
«Бир Дүйнө Кыргызстан» КБ
Бишкек ш., Сыдыков к. 258,
+996 (772)163-229
[1] https://kloop.kg/blog/2023/06/15/bir-dujno-kyrgyzstan-potrebovalo-posmertno-opravdat-pravozashhitnika-azimzhana-askarova/
[2] http://birduino.kg/pressaru/xronologiya-sudebnyix-proczessov-i-zashhityi-pravozashhitnika-azimzhana-askarova-s-2010g
[3] https://kloop.kg/blog/2021/06/04/pravozashhitniki-prosyat-prezidenta-zhaparova-posmertno-opravdat-azimzhana-askarova/