2025 – жылдын 30 – ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосун өткөрүү алкагында юридикалык консультацияларды берүү боюнча «Түз байланыш»
"Бир Дүйнө Кыргызстан" адам укуктары кыймылы WLPнин колдоосу менен шайлоо мыйзамдары боюнча консультациялар үчүн ишеним телефонун ишке киргизүүдө. Ишеним телефону өнөктөштөргө жана коомчулук лидерлерине, айрыкча аялдарга басым жасап, шайлоо процессинде маалымат алуу үчүн юридикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган. Жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн консультациялар кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт. Демилге 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленгендей, аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине жана гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышуусун күчөтүүгө багытталган. Консультациялар төмөнкүлөрдү камтыган жол-жоболорду камтыйт:
• 29 – ноябрь күнү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлө турган добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү тартиби;
• 30 – ноябрь күнү боло турган добуш берүүнү уюштурүү жана өткөрүү;
• добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө;
• шайлоо мыйзамын бузууларга карата даттануулардын тартиби жана шайлоочулардын укугун камсыз кылуу жөнүндө маалымат берилет.
Эгерде жарандар алардын шайлоо укугу бузулду деген ойдо болушса, алар озүнүн конкреттүү көйгөйү боюнча керектелүүчү аракеттерин көрүү боюнча түшүндүрүү маалыматты ала алышат.
Ишеним телефону аркылуу чалууларды чогултуу жана иштетүү, ошондой эле тиешелүү компетенттүү органдар тарабынан шайлоо мыйзамдарын жана шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузуулардын өз убагында алдын алууга, аныктоого жана (же) бөгөт коюуга көмөктөшүү максатында жүргүзүлөт.
«Түз байланыш» боюнча консультациялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелеринин негизинде жүргүзүлуп жатат.
Жарандардын кайрылууларын юрист - консультанттар 2025 – жылдын 27 - ноябрынан 3 – декабрына чейин саат 9:00 дон 18:00 го чейин, 28, 29, 30 – ноябрь күндөрү күнү - түнү кабыл алышат. Кайрылуу телефондору: 0501 156390.





