2024 – жылдын 17 – ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоосун өткөрүү алкагында юридикалык консультацияларды берүү боюнча «Түз байланыш» 0500 341720
Ноя 11.20242024 – жылдын 11 – ноябрынан баштап «Бир Дүйно Кыргызстан» коомдук
бирикмеси 2024 – жылдын 17 – ноябрында боло турган жергиликтүү
шайлоого карата шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка
катышуучуларынын шайлоо укуктары боюнча юридикалык консультацияларды
берүү боюнча «Түз байланыш» ишин баштап жатат. Шаардык жана айылдык
кенештерге талапкер аялдардын укуктарын камсыздоого жана коргоого
өзгөчө көңүл бурулууда.
Юридикалык консультациялардын маанилүү максаты – бул шайлоочуларга
жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына шайлоону уюштуруу жана
өткөрүү алкагында алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө
маалымат берүү.
Анын ичинде:
16 – ноябрь күнү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлө турган добуш
берүүчү жайдан тышкары добуш берүү тартиби;
17 – ноябрь күнү боло турган добуш берүүнү уюштурүү жана өткөрүү;
добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө;
шайлоо мыйзамын бузууларга карата даттануулардын тартиби жана
шайлоочулардын укугун камсыз кылуу жөнүндө маалымат берилет.
Эгерде жарандар алардын шайлоо укугу бузулду деген ойдо болушса, алар
озүнүн конкреттүү көйгөйү боюнча керектелүүчү аракеттерин көрүү боюнча
түшүндүрүү маалыматты ала алышат.
«Түз байланышка» түшкөн кайрылуулар, маалыматтар анализденип, шайлоо
мыйзамдарын бузуусун, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктырын
бузулуусун алдын алуу жана аларга бөгөт коюу максатында компетенттүү
укук коргоо органдарына кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
«Түз байланыш» боюнча консультациялар Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын жана Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелеринин
негизинде жүргүзүлуп жатат.
Жарандардын кайрылууларын юрист - консультанттар 2024 – жылдын 11 -
ноябрынан 15 – ноябрына чейин саат 9:00 дон 18:00 го чейин, ал эми 16,
17 – ноябрь күндөрү күнү - түнү кабыл алышат. Кайрылуу телефондору:
0500 341720 (ВотсАп ошондой эле бул номер боюнча - кызыкдар жарандар
маалымат алмашуу үчүн түзүлгөн тиешелүү топко киргизилиши мүмкүн).