«Бир Дүйнө – Кыргызстан 2025» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XIX эл аралык фестивалынын
Тема: «Каатчылык мезгилиндеги туруктуулук»
Фестиваль Бириккен Улуттар Уюмунун 80 жылдыгына жана
Хельсинки корутунду актысынын кол коюлушунун 50 жылдыгына арналат.
Бишкек шаарында 2025-жылдын 12-декабрынан 16-декабрына чейин «Бир Дүйнө – Кыргызстан 2025» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XIX эл аралык фестивалы өткөрүлөт.
Фестиваль салттуу түрдө Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн режиссёрлордун, укук коргоочулардын, эксперттердин, маданий ишмерлердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн баштарын бириктирүү менен документалдык чындык менен адам укуктарын илгерилетүү үчүн ачык аянтча катары кызмат өтөйт.
Ал 2025-жылы кинону, коомдук диалогду жана жарандык катышуунун чыгармачыл формаларын бириктирип, «Адам укуктары искусство аркылуу» (Human Rights through Art) инновациялык форматын өнүктүрүүнү улантат.
2025-жылдагы фестиваль Бириккен Улуттар Уюмунун 80 жылдыгына жана адам укуктарын урматтоонун жана эл аралык кызматташтыктын символу болгон 1975-жылдагы Хельсинки корутунду актысынын мааракесине арналат. Бүгүн, 50 жылдан кийин да анын негизги принциптерин – тынчтыкты, адамдык ар-намысты, демократияны жана элдердин кызматташтыгын колдоону кайрадан тастыктоо маанилүү.
100дөн ашуун бейөкмөт уюмдарды бириктирген ЕККУ алдындагы Жарандык тилектештик Платформасы Хельсинки актысынын 50 жылдыгына карата Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) түзүмдөрүн жана катышуучу мамлекеттерди Хельсинки принциптерин жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарга чакырган жана бул процессте активдүү жарандык коомдун негизги ролун белгилеген «Жарандык коом манифестин» кабыл алды.
2025-Фестивалы жаңы климаттык, гуманитардык, социалдык чакырыктардын, теңсиздиктин өсүшүнүн жана демократиялык институттарга келтирилген коркунучтардын шарттарында аталган принциптердин актуалдуулугуна көңүл бурууга басым жасайт.
Фестивалдын программасы өз ичине Кыргызстандан, Өзбекстандан, Канададан, Индиядан, Грузиядан, Швейцариядан, Германиядан, Чехиядан, АКШдан жана Жаңы Зеландиядан тартылган 22 тасманы камтыйт. Тасмалардын каармандары - социалдык, климаттык жана саясий чакырыктардын алдында эрктүүлүгүн жана ар-намысын сактаган адамдар. Тасмаларда аялдардын жана балдардын укуктары, өзүн билдирүү эркиндиги, билим берүү жана теңчилик үчүн күрөш, эс-тутумду жана маданий мурастарды коргоо, адамдын жаратылыш менен мамилеси жөнүндө баяндалат.
Фестивалдын программасы даректүү тасма чындыкты гана чагылдырбастан, өзгөрүүлөргө шыктандырган азыркы мезгилдин күзгүсү болмокчу.
Фестиваль кино аркылуу өзгөрүүлөр жөнүндө ачык айтып, коомчулукту шыктандырууга жөндөмдүү режиссёрлордун жаңы муунун өнүктүрүүгө багытталган жана жаш авторлорго жана студенттерге өз документалдуу тасмаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген «Жирөө» жаштар программасын камтыйт.
Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мырзанын колдоосун, фестивалды уюштурууга жана өткөрүүгө салым кошуп, Баткен облусунун Акташ айылынан 20 футболист кыз-келинди – тасманын каармандарын фестивалга катыштырууга көмөкчү болгондугун баса белгилей кетсек. Каармандар футбол ойноп жатып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, тартылышкан «Kickoff» даректүү тасмасын көрсөтүүнү коштошот. Тасма 15-декабрда Технопарктын Flutter залында көрсөтүлөт. Баса белгилей кетсек, тасманын каармандары Бишкек шаарына биринчи жолу келишмекчи. Тасмаларды көрсөтүүдөн тышкары адам укуктарын коргоо боюнча биргелешкен сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн практикалык идеялар жана материалдар менен алмашуу үчүн дискуссиялык лабораториялар, тегерек үстөлдөр, окуу семинарлары жана консультациялык аянтчалар өткөрүлөт.
Фестиваль адам укуктары үчүн эл аралык Федерация (FIDH), анын өнөктөштүк тарамдары, аялдар жана экологиялык уюмдар, укук коргоочулар, документалисттер, сүрөтчүлөр жана маданий коомдун өкүлдөрү менен кызматташтыкта өткөрүлөт. Фестивалдын биргелешкен уюштуруучусу - Кыргыз Республикасынын Омбудсмен (Акыйкатчы) Аппараты.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» фестивалы — коммерциялык эмес жана саясий эмес демилге. Бардык көрсөтүүлөр жана чыгармачыл жолугушуулар кеңири коомчулук үчүн ачык жана кайтарымсыз негизде өткөрүлөт.
Кошумча маалыматтар https://www.birduino.kg./festival/сайтында жеткиликтүү.
Өнөктөштөрдөн сунуштар жана колдоо үчүн билдирүүлөр: birduino.festival@gmail.com, birduinokyrgyzstan@gmail.com даректери боюнча кабыл алынат.
Фестиваль-2025 жаатында байланышуу үчүн:
Лира Асылбек, тел.: 0551 08 90 99
Накинай Айдакеева, тел.: 0500 62 62 21
Коопсуздук, мурастарды урматтоо жана келечекке даярдык үчүн – биргеликте!





