"МЫЙЗАМ ҮСТӨМДҮГҮН, АДИЛЕТ СОТ АКЫЙКАТТЫГЫН, КЫЙНООЛОРДУ БОЛТУРБОО ЖАНА ПОТЕНЦИАЛДЫ БЕКЕМДӨӨНҮ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ" (ЕККУ)
Сен 01.2016"Мыйзам үстөмдүгүн, адилет сот акыйкаттыгын, кыйноолорду болтурбоо жана потенциалды бекемдөөнү илгерилетүү" долбоору ЕККУ тарабынан каржыланат, долбоордун жүзөгө ашыруу мөөнөтү: 1-апрелден 30-ноябрга чейин.
Аталган долбоордун алкагында:
- юридикалык консультациялык жардам берилет;
- адам укугун коргоо боюнча стратегиялык соттук талаш-тартыштар жүргүзүлөт;
- кыйноолордун курмандыктарына; мыйзамсыз кармоолордо; басмырлоого туш болгондорго; ой жүгүртүү, абийир жана дин эркиндигине укуктардын бузулушунда; корреспондеция купуялуулугуна же турак-жайга ыктыярдуу же мыйзамсыз тартып алуу аракеттеринде; жашы жете электерге; мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга; жаш балдары бар жалгыз бой энелерге; кош бойлуу аялдарга адвокаттык көмөк көрсөтүлөт.