"МЫЙЗАМ МЕНЕН ЧЫР-ЧАТАКТАГЫ БАЛДАР ҮЧҮН СОТ АКЫЙКАТТУУЛУГУНУН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮ ЖАНА ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕКТЕРДИН АРАСЫНДА УКУК БУЗУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ" (CARITAS FRANCE)
Авг 26.2016«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмесинин "Альтернатива" үй-бүлөнү калыбына келтирүү борбору 2013-жылы «Аярлуу категориядагы жарандарга: мыйзам менен чыр-чатактагы балдарга жана өмүр бою эркинен ажыратылган жактарга сот акыйкаттуулугунун жеткиликтүүлүгү» долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында «Секурс Католик-Каритас Франс» уюмунун каржылык колдоосунда түзүлгөн.
2016-жылдан бери Борбордун ишмердүүлүгү «Калктын аярлуу катмарындагы мыйзам менен чыр-чатакка туш болгон жашы жете элек өспүрүмдөргө сот акыйкаттуулугунун жеткиликтүүлүгү» долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында мыйзам менен чыр-чатакка туш болгон жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоого багытталып келет.
«Альтернатива» үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборунун максаты:
Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын (ИДН) каттоосундагы жашы жете электерди, жазанын альтернативдик түрүнө өкүм кылынган жашы жете электерди реабилитациялоо, жакшы реинтерграция болуусу үчүн мыйзам менен чыр-чатакка туш болгон жашы жете электерди социалдык коштоп жүрүү, тергөө жана соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө кылмыш кылууга айыпталган, шектелген жашы жете электерге адвокаттык коргоо көрсөтүү, соттук териштирүүлөргө мониторинг жүргүзүү, ювеналдык юстиция жаатында иштеген адистерди (судьялар, прокурорлор, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор ж.б.) окутуу.
Борбордун иштөө принциптери:
· кардардык-багыт алуучулук;
· жыйынтыкка жетишүүгө багыт алуу;
· жеткиликтүүлүк жана тең укуктуу мамиле;
· индивидуалдык мамиле;
· комплекстүүлүк;
· туруктуу маалымдуулук.
«Альтернатива» үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:
· Социалдык реабилитация жана соц. коштоп жүрүү;
· Укуктук жардам жана консультация;
· Психологиялык колдоо;
· Медициналык жардам жана консультация;
· «Ыкчам маалымат алуу» телефону аркылуу консультация берүү жана колдоо;
· Соттук териштирүүлөргө мониторинг жүргүзүү;
· Тренингдерди жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;
· Жашы жете электердин туугандары менен иш алып баруу.
Мыйзам менен чыр-чатактагы балдарга Жайкы мектепти өткөрүү.