Биздин миcсиябыз
"Бир Дүйнө" уюмунун миссиясынын формулировкасын иштеп чыгууда башкармалыктын жана команданын ичинде, фокус топтордо талкуулары жүрүп, эксперттер менен адистердин узакка созулган кеңири кеңешмелери өткөрүлгөн.
Онлайн сурамжылоонун бардык респонденттери БДКнын иши жана программалык чөйрөлөрү уюмдун миссиясына туура келе турганын билдиришкен: «Бир Дүйнө» ар кыл деңгээлдеги адам укуктары боюнча активисттердин коалициясын бириктирүү менен адам укуктары боюнча эл аралык жана регионалдык дискурстун авангардында турат».
«Бир Дүйнө Кыргызстан» укуктук кыймылынын» миссиясы Кыргызстанда ассоциация эркиндигине, укук коргоочулар үчүн саясий мейкиндикти сактоого өзгөчө көңүл буруу менен адам эркиндигин маданият жана искусство аркылуу коргоо болуп саналат.
БДК эң оболу 1975-жылдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча конференциясынын (ЕККУ) Хельсинки Корутунду актысынын гуманитардык беренелеринин жана жүзөгө ашыруу үчүн иштелип чыккан башка эл аралык укуктук документтердин, мындан тышкары, адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жаатындагы башка милдеттенмелеринин практикалык аткарылышына көмөк көрсөтүүнү көздөйт.
[1]Булак: Сапаттуу онлайн сурамжылоо, 4 суроого жооп (ички документ).