Күчтөрдү бириктиребиз! Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн жигердүүлүк
Дек 07.2022Өтүүчү күнү: 8-декабрь, 2022-ж.
Өтүүчү орду: OloloErkindik, Эркиндикбульвары, 64Б, Бишкек ш.
Убактысы: 16:00-18:00
2022-жылдын 8-декабрында даректүү тасмалардын «Бир Дүйнө» XVI эл аралык фестивалы Women Learning Partnership (WLP) жана “Бир Дүйнө-Кыргызстан” УК ыктыярчылык кыймылы менен өнөктөштүктө “Гендердик зомбулук үчүн каршы аракеттердин 16 күндүгүнүн” алкагында даректүү тасмаларды көрсөтөт.
“Гендердик теңчилик боюнча мыкты тасма” номинациясы боюнча байгени жеңип алган “Кыз, космос, теңчилик” (13 мүн., 2022 , режиссеру Чистяков Е., продюссери Айзада Бекбалаева) даректүү тасмасы. Тасмада башкы каарман Кызжибектин турмушу сүрөттөлөт. Кызжибек Батырканова —спутник куруу программасынын директору. Бул Кыргызстандан наноспутникти учурууга даярдап жаткан биринчи программа, анын командасында жалаң кыздар бар. Мурда Кызжибекти мажбурлап нике кыйдырабыз деп коркутушчу, ал тургай анын артынан түшкөн абьюзивдик мамиледе турган. Бул жөнүндө эстөө ал үчүн дагы эле оор, анткени менен, ал өзүнүн мисалында феминизмди чагылдырып, абьюзивдик мамилелерге каршы турууну көрсөткүсү келет. Оор мезгилде ага достору менен наноспутникти куруу боюнча космостук программа жардам берген.
“Күйөрмандар көп болушат” (режиссеру Айкол Ибраева, 25 мүн, Кыргызстан) даректүү тасмасы. Тасмада “Шапак” кыздардын жападан жалгыз хоккей командасы тууралуу айтылат. Отрадное айылындагы мурдагы картошка эгилген талаада кыздар хоккей ойношот, андан кийин эркектердин командасына каршы музга чыгышат. Коомду жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган жана адамдарды жакшы көрүүгө шыктандырган машыктыруучунун жетекчилиги менен кыздар “Нарындын кыраандары” жолдоштук таймашында беттешишет.
Дүйнө жүзүнүн коомчулугу климаттык каатчылыктар, зомбулукка алып келген чыр-чатактар, экономикалык кыйроолор, пандемиялар, укук коргоочуларды кысмакка алуу жана авторитаризм дуушар кылган туруксуздуктун өсүшү жана кескин толкундоолор менен кагылышууда. Каатчылыктар мезгилинде кыз-келиндер өсүп жаткан зомбулук коркунучтары, эксплуатацияларга жана басмырлоолорго туш келишет. Быйылкы жылы WLP өнөктүгү жана Бир Дүйнө 16 күндүк жигердүү аракеттердин алкагында гендердик зомбулук жана башка глобалдык көйгөйлөрдүн ортосудагы байланышты белгилейт, ошондой эле, гендердик зомбулукту токтотуу үчүн биргелешкен аракеттердин стратегиясын көрсөтөт.
Иш-чара гендердик эксперттердин, жаштардын, жергиликтүү кеңештердин депутат айымдарынын, ок_өнөктөштөрүнүн жана кино сүйүүчүлөрүнүн катышуусунда өтөт. Көрсөтүүлөрдү тернер эксперттер WLP Асель Дунганаева, Диана Макембаева, Лира Асылбек коштошот.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» уюштуруу комитети, 0312317671, birduinokyrgyzstan@gmail.com