“КРда ЦЕНЗУРАГА ЖОЛ ЖОК”

Мар 26.2023

"Бир Дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылы” КБ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин өздөрүнүннормативдик-укуктук актыларындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген адам укуктарын чектеген жана укуктарын бузган конституциялык эмес жобосун алып салууга чакырат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт деп көрсөтүлгөн. Ал эми баш мыйзамдын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат.  

Анткени менен, азыркы тапта Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө” жобо бар. Аталган жобо ар бир чыгармачыл адамды Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору” мекемесине фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда таратуу жана көрсөтүүгө мамлекеттик күбөлөңдүрмө алуу үчүн ТАРАТУУГА ЖАНА КӨРСӨТҮҮГӨ болжонгон аудиовизуалдык чыгармаларды берүүгө милдеттендирет. Аны менен катар бул ФАКТ чыгармачылык ишмердүүлүккө ЦЕНЗУРАны бекитет.  

Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинде:Аудиовизуалдык чыгармаларды жараткан чыгармачыл кызматкерлер көркөм изденүүгө, өздөрүнүн кинематографиялык идеяларын жана ойлорун ар кандай түрдө чагылдырууга, фильмди ар кандай тилде тартууну жүзөгө ашырууга, чет өлкөлүк адамдар жана юридикалык жактар менен биргелешип кино тартууга катышууга, фильмдерди мамлекеттик тилде жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган башка элдердин тилдерине которуп сүйлөтүүгө укуктуу” деп көрсөтүлгөн.Аталган берененин 2-абзацында: “Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган учурларды кошпогондо жол берилбейт” деп айтылган.

АНТКЕНИ МЕНЕН, андан ары ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган өзгөчө учурларда ЦЕНЗУРА болушу мүмкүн деген КОНСТИТУЦИЯЛЫК ЭМЕС эскертме берилет. 

Буга байланыштуу "Бир Дүйнө-Кыргызстан"укук коргоо кыймылы” коомдук бирикмеси” жогоруда көрсөтүлгөн нормативдик-укуктук актылардагы конституциялык эмес жоболордун аракеттери тез арада токтотулушу керек деп эсептейт жана жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин калыбына келтирилиши үчүн чечимдерди кабыл алуусу жана мындан ары КРнын Конституциясынын бузулушуна жол бербөө үчүн чараларды көрүү боюнча КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылат. 

КР Конституциясынын бузулушу жана басмырлоо фактылары мындан ары дагы орун алган учурларда Бир Дүйнө командасы жарандык тилектештик тармагы менен биргеликте укук бузуулардын фактылары боюнча бардык деңгээлдердеги соттордо өзүбүздүн таламыбызды талашууга жана КРнын Башкы Прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мекемелердин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүнү талап кылууга даяр экендигибизди билдиребиз.  

Бардык суроолор боюнча Бир Дүйнө юристтеринеbirduinokyrgyzstan@gmail.com e-mail дареги, 0312 317671 же +996 770 341 720 телефон номурлары аркылуу кайрылыңыздар.

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg