“Бир Дүйнө – Кыргызстан» укуктук кыймыл коомдук бирикмеси” Кыргыз Республикасында АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынган
Фев 14.2021“Бир Дүйнө – Кыргызстан» укуктук кыймыл коомдук бирикмеси” Кыргыз Республикасында АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынган “Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде укуктарды коргоо жана CV-19 вирусунун кесепетин алдын алуу” аттуу долбоорунун алкагында анализ жүргүзүүгө тендер жарыялайт
Тендердин предмети жана темасы: «Кыргызстандагы жабык мекемелерде CV-19 менен каршы күрөшүүгө багытталган каражаттардын жана жардамдын ачык-айкын жана эффективдүү колдонулушуна анализ жүргүзүү”
Тендерге катышууга төмөнкүлөргө укук берилет: кызыктар эксперттер, эксперттер тобу, уюмдар, журналисттер.
Катышуучуларга негизги талаптар: «Бир Дүйнө Кыргызстан» тапшырыкты өз маалында, сапаттуу аткара турган жаш жана тажрыйбалуу эксперттер, уюмдар, журналисттер менен кызматташууга бирдей даяр жана алардын төмөнкү шык-жөндөмдөргө ээ болушун каалайт:
- Тендердин тематикасы боюнча билимдин/маалыматын болушу;
- Зарыл маалыматты чогултуп, анализдөөгө, ошондой эле сунуштарды берүүгө тажрыйбанын же мүмкүнчүлүктөрдүн/жөндөмдөрдүн болушу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын зарыл тармактарын жана эл аралык стандарттарды билүү, жабык мекемелерде аяр жарандарга жардам көрсөтүүнүн эффективдүүлүгүнүн стандарттарын түшүнүү;
- Анализдин жыйынтыктарын тартуулоодо инновациялык, креативдүү, визуалдуу ыкмалар колдоого алынат.
Тендер боюнча техникалык тапшырма:
- КРда жабык мекемелерде CV-19 менен күрөшүү үчүн чогулган/келип түшкөн ички жана тышкы фонддор, гранттар, гуманитардык жардамдар тууралуу маалыматты чогултуу;
- Бул каражаттардын, жардамдын мамлекеттик органдар тарабынан ачык-айкын, эффективдүү жана өз маалында колдонулушу боюнча анализ жүргүзүү;
- Тармактык органдар/ түзүмдөр үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
- Жүргүзүлгөн анализдин негизинде отчет даярдоо;
- Анализ жыйынтыктарын тартуулоодо инновациялык, креативдүү, визуалдуу ыкма-аспаптарды пайдаланууга артыкчылык берилет;
- Жумуштарды аткаруунун мөөнөтү 2021-жылдын 20-февралынан 31-мартына чейин
Талап кылынган документтердин тизмесин 2021- жылдын 18-февралына чейин birduinokyrgyzstan@gmail.com, aidabaikg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек.
Тендерге сунуштар анализ жүргүзүүнүн планын, анализдин негизинде отчеттун түзүлүшүн, аны тартуулоо боюнча сунуштарды, эксперттин/эксперттер тобунун резюмесин/уюм тууралуу маалыматты камтышы керек
Суроолор боюнча бул телефон номурга кайрылсаныздар болот: 996550184095