“Бир Дүйнө – Кыргызстан 2023” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык XVII фестивалы

“Бардык адамдар үчүн кадыр-барк, эркиндик жана адилеттүүлүк!”
2023-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейин “Бир Дүйнө – Кыргызстан 2023” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык XVII фестивалы болуп өтөт.
Фестиваль “Искусство аркылуу адам укугу” – “Human Rights trough Art” жаңычыл форматы аркылуу жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин, документалисттердин катышуусунда адам укуктары жаатындагы даректүү чындыктарды талкуулоо үчүн кенен аянтча түзүп берет.
БУУнун Укук коргоочуларды коргоо боюнча Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына жана БУУнун Адам укуктары боюнча Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата аталган фестиваль адам укугунун универсалдуулугу жана бөлүнбөстүгү боюнча билимди тереңдетүүгө, ошондой эле адам эркиндигин жана укугун коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик теңчилик, инклюзивдүүлүк жана басмырлоого жол бербөөгө багытталган эл аралык кампанияга кошулат.
Кыргыз Республикасынын демилгеси менен жарыяланган БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 2023-2027-жылдары “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” резолюциясын колдоонун алкагында “Бир-Дүйнө Кыргызстан” фестивалы тоолуу өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо механизмдерин талкуулоо, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерине каршы күрөшүү стратегиясын иштеп чыгуу, биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо жана тоолуу аймактардагы табият кырсыктарын алдын ала эскертүү боюнча иш-чараларды өткөрөт.
“Бир Дүйнө – Кыргызстан” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык XVII фестивалы жогорудагы демилгени колдоонун алкагында даректүү тасмаларды көрсөтүүдөн сырткары, талкуу лабораторияларын, тоолуу өлкөлөрдөгү адам укуктарынын корголушу жаатындагы абалды талкуулоо жана алдыдагы биргелешкен адвокациялык ишмердик үчүн практикалык сунуштарды иштеп чыгуу боюнча тегерек столдор жана семинарлар сыяктуу кошумча иш-чараларды өткөрүүгө бел байлоодо.
Фестивалдын конкурстук программасында эркиндик, адамдын кадыр-баркын, адилеттүүлүктү жана чечим кабыл алууда жарандардын бирдей катышуусун жактаган даректүү тасмалар орун алган. Конкурстук программада адам укуктары боюнча жалпысынан 25 даректүү тасма: анын ичинен 11 чет өлкөлүк жана 14 улуттук даректүү тасмалар катышат.
Фестиваль укук коргоочулардын тобу, дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн болгон аялзатынын өкүлдөрү жана экологиялык өнөктөштөр, ошондой эле балдар жана жаштарды тартуу менен бирге өнөктөштүк байланышта өткөрүлөт.
Массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурабыз: “Бир Дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалы коммерциялык жана саясий эмес акция.
Фестивалдагы кино көрсөтүүлөргө жана чыгармачыл жолугуушуларга кирүү АКЫСЫЗ
Кошумча маалымат бул жакта:
2023-Кинофестиваль каржылык жана техникалык көмөк алууга ачык[1].
Фестивалга катышуу арыздарын жана сунуштарды төмөндөгү электрондук дарекке жиберүүгө болот: birduino.festival@gmail.com жана birduinokyrgyzstan@gmail.com
“Бир-Дүйнө Кыргызстан – 2023” фестивалынын уюштуруу комитети
Лира Асылбек тел: 0551089099 Накинай Айдакеева тел:0500626221 Демократия, эркиндик жана адам укугу үчүн биргебиз!