«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамынын конституциялык эмес нормалары четке кагылышы керек

«Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы Өнөктөш уюмдардын тармагы менен биргеликте КРнын Конституциялык соту адам укуктарын жана эркиндиктерин, мамлекеттик түзүлүштүн негиздерин коргой тургандыгыңыздарга ишеним артуу менен, конституциялык укуктардын үстөмдүгүн камсыз кылуу менен акыйкат чечим чыгарат деп ишенебиз.
2023-жылдын 17-майында саат 9.30да Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун отурумунда «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренесинин 2-3-пункттарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-, (2-бөлүгүнө), 8- (1-бөлүгүнө), 23- (1,2 3, 4, 5-бөлүктөрүнө), 32- (1, 2-бөлүгүнө), 36-беренелерине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө ходатайствосу каралат.
Аталган мыйзамдык нормалар убаракерчилик мүнөзүнө ээ, түзүмдүк басмырлоо багытын көздөйт, коммерциялык эмес уюмдар үчүн кошумча түйшүк жаратт жана жарандардын биригүүлөр эркиндигин жана теңдеш мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
«Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы коомдук бирикмеси Конституциялык сотко алардын Конституцияга туура келбей тургандыгы жөнүндө ходатайство келтирген.
КР Конституциясынын 36-беренеси ар бир адамдын биригүү эркиндигине кепилдик берет, бул мамлекет менен коомдун базалык баалуулугу болуп саналат. Бул укук улуттук коопсуздукту коргоо, коомдук тартип, саламаттыкты жана калктын адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарында гана чектелиши мүмкүн.
Анткени менен, жогоруда көрсөтүлгөн максаттар “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам өзгөрүүгө дуушар болгондо коюлган эмес. Натыйжада конституциялык норма бузулган, себеби, мамлекет жарандардын биригүүлөргө эркиндигине укугун жүзөгө ашырууга кийлигишип жатат.
Мурда, 2021-жылдын июль айында мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн беренеси түзөтүүгө туш келип, ага ылайык кирешенин өлчөмү жана структурасы, ошондой эле, коммерциялык эмес уюмдун мүлкү, өлчөмү, анын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети болбойт деп түзөтүлгөн.
Мындан тышкары, түзөтүүлөр КЭУды жыл сайын акча каражаттарын табуунун булактары, алар багытталган чыгымдар, ошондой эле, алынган, пайдаланылган жана ажыратылышы мүмкүн болгон мүлктөрү жөнүндө маалыматтар жөнүндө кошумча отчетторду берип турууга милдеттендирген.
Бул Кыргыз Республикасында коммерциялык эмес уюмдардын башка субъектилер менен бирдей эле катарда үзгүлтүксүз отчет берип турганына карабастан, мыйзамдаштырылган.
Биригүүлөр эркиндигине эл аралык стандарттар дагы мамлекеттерди мындай жүйөөсүз нормативдик жоболорду карманбоого милдеттендирет. Бул жөнүндө ЕККУ Демократиялык институттар Бюросу (ДИАУБ) менен биргеликте, Демократия үчүн укуктар Европа Советинин укугу Комиссиясы (Венециялык комиссия) аркылуу биригүүлөр эркиндигине укуктарды жүзөгө ашырууга көмөкчү болуу максатында иштелип чыккан “Биригүүлөр эркнидиги боюнча жетектөөчү принциптерде” айтылат.[i]
Андыктан, КРнын Конституциялык соту конституциялык кепилдиктерди сактоодо жана коргоодо, ошондой эле, биздин өлкөбүздүн аймагында бардык кабыл алынган жана күчүнө кирген мыйзамдардын Конституцияга шайкеш келишин текшерүүдө өзүнүн туруктуулугун көрсөтө алышы керек.
«Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы КБ кызыктыруучу суроолор болсо, БДК-Ош кеңсесинин адвокаттарына Хусанбай Салиевге, Бир Дүйнө-КР аймактык директору, тел.+996 555 161 300, Вахитов Валерьян Ахметовичке +996 703 407 293 телефону, e mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com