«Бир Дүйнө - Кыргызстан» УКнын пресс-релизи 2021-жылдын 25-июлу — укук коргоочу Азимжан Аскаровду эскерүү күнү

Июл 23.2021

2021-жылдын 25-июлу — өз ишинин көз карандысыз жана бейтарап сот тарабынан адилеттүү каралышын күтүү менен №47 колонияда каза тапкан укук коргоочу Азимжан Аскаровду эскерүүнүн бир жылдыгы. Ал 69 жашта болчу.

Укук коргоо коомчулугу өлкө бийлигин анын ишине карата БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Түшүндүрмөлөрүн милдеттүү түрдө аткарууга чакырат. Абакта кармоо шарттарынын начардыгы, сапаттуу жана өз убагындагы медициналык жардамдын жеткиликсиздиги натыйжада укук коргоочунун абалынын начарлашына жана өлүмүнө алып келди, укук коргоочулар бул тууралуу бир нече жолу айтып чыгышкан. Колониядагы өлүм  ЖАМК, камактагылардын укуктарын жүзөгө ашырган жана кармоо шарттарынын сапатын камсыз кылган ошол эле мекеме тарабынан жүргүзүлгөн, буга байланыштуу иликтөөнүн көз карандысыздыгын камсыздоо жана бейтараптыгына кепилдик берүү мүмкүн эмес.

 «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы, адвокат Айдар Сыдыков укук коргоочунун түрмөдө өлүмгө учуроо фактысы боюнча анын үй-бүлөсүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону улантууда.

Аскаров камакта болгон жыл аралыгында үй-бүлөсү жана адвокаттар менен бирге бир нече багыттар боюнча: негизги иши, ишти кайрадан кароо боюнча, БУУнун Комитетинин чечими боюнча, мүлкү боюнча ж.б. 45ке жакын угууга катышышты. Ар бир процесс чыңалган шарттарда өттү, Аскаров жана аны жактоочулар кол салууларга жана коркутуп-үркүтүүлөргө туш болду, анын адвокаттарынын жүйөөлөрүнө көңүл бурулган жок, соттор айыптоо ыңгайында өтүп жатты. Мындай кыйынчылыкты баштан кечирүү үчүн канчалаган күч, эрдик жана чыдамкайлык талап кылынат? Сот системасынын бардык алсыз жактары бир укук коргоочунун мисалында – соттук зомбулуктун курмандыктары, бийликтин гумансыз мамилесинин жана кыйноолорунун курмандыктары ачык көрүндү. Аскаровду куугунтуктоо анын мурдагы кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу? Себеби, ал көп жылдар бою аярлуулардын, аз камсыздардын, соттолгондордун, кыйноолордун курмандыктарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоп  келген. Ал калыптанып калган тутумга каршы, алардын кемчиликтерин, жетишпегендиктерин жана тоготпогондуктарын көрсөтүп келген. Адилеттик үчүн күрөш ал үчүн абадай керек болчу, анын Базар-Коргондогу укук коргоо уюму дал ушундай “Аба” деп аталган.     

Ал өзү кыйноолорго жана катаал мамилелерге дуушар болду. Анын кыйноолор жөнүндөгү көп сандаган арыздары жыйынтык берген жок – күнөөлүүлөрдүн бири дагы жоопкерчиликке тартылган жок.  

Даттануулар берилгенден кийин көп жылдан кийин 2016-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун иши боюнча кийинки бузууларды аныктады: адилеттүү соттук териштирүүгө укук, абакка алынган жайдарда ар-намыстын корголушу укугу, кыйноолорго же катаал мамилелерге дуушар болбоо жана зомбулук менен кармалууга дуушарланбоо  укугу. Комитет Аскаровду укук коргоонун натыйжалуу каражаттарын камсыз кылуу максатында Кыргызстандын аны токтоосуз бошотуу жана айыптоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча тиешелүү кадамдарды кабыл алышы керек экендигин көрсөткөн. Кыргызстан Аскаровду абакта анын саламаттыгынын начарлагандыгына байланыштуу адекваттуу компенсация чектөөнү жана зарылдыгына жараша адилеттүү териштирүүлөрдүн стандарттарына жооп берген жаңы сот процессин өткөрүүнү камсыз кылышы керек болчу. Бирок, эмдигиче эч нерсе жасалган жок...

Өлкөдө бийлик мезгил-мезгили менен алмашууда, бирок, адилеттүү сот акыйкаттыгынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда көзгө урунарлык өзгөрүүлөр жокко эсе.   

Адвокаттар олуттуу оорулар менен жабыркаган Аскаровду гуманитардык түшүнүктөр менен бошотуу жөнүндө бийликке бир нече жолу кайрылды, бирок, ишке ишкан жок. Укук коргоочулар абактагыларга гумандуу мамиле кылуу максатында Н.Манделанын принциптерин киргизүү жана сактоо зарылдыгын көшөкөрлүк менен эске салышат. 

Адилеттикке жеткиликтүү болуудан айрылуу жашоодогу күч-кубаттан ажыратат. Азимжан Аскаровду биз алсыз, бирок, сынбаган адам катары эстейбиз жана анын кайраттуулугун, идеалдарга туруктуулугун, акыйкаттыкка умтулуусун, адамдарга жардам берүүгө каалоосун урматтайбыз. Эскеребиз, эстейбиз... 

 

###

 

 «Бир Дүйнө-Кыргызстан» УК КБ

22-июль, 2021-жыл.

Электрондук дарек: birduinokyrgyzstan@gmail.com

Уюмдун сайты: http://birduino.kg/

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg