COVID-19 байланыштуу жабык мекемелерге жана балдар үйлөрүнө гуманитардык жардамдын биринчи партиясы тапшырылды
Ноя 04.2020Пресс-релиз
4-ноябрь 2020-ж.
COVID-19 байланыштуу жабык мекемелерге жана балдар үйлөрүнө гуманитардык жардамдын биринчи партиясы тапшырылды
Коронавирус пандемиясы маалында балдар үйлөрү, жабык жана психиатриялык мекемелерди колдоо өзгөчө актуалдуу болууда. Себеби, көпчүлүк учурда аларда жашагандар көнүл жаздымда калып, аярлуу келет.
Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрынан 23-октябрына чейин Улуттук кыйноолорду алдын алуу борборунун, Акыйкатчы институтунун жана “Бир Дүйнө – Кыргызстан” укуктук кыймылынын эксперттери аталган мекемелерди кыдырышкан. Анын алкагында кызматкерлер дагы, туткундар, бейтаптар, тарбиялануучулар дагы коронавирустун экинчи толкуну алдында аларды жеке коргоонуу каражаттары, медициналык жардам жана тиешелүү шарттар менен камсыздоо зарылчылыгын билдиришкен.
Жолугушуулардын жыйынтыгында туткундарга карата Бириккен Улуттар Уюмунун жобосунун минималдык стандарттарын сактоо зарылчылыгы (Нельсон Манделанын жобосу), ал эми психиатриялык мекемелер менен балдар үйлөрүн талаптагыдай шарттар менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн.
Өз кезегинде, пандемиянын терс таасиринен коргонуу жана мекемелерди эффективдүү башкаруу үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Блим берүү миинстрлиги ачык социалдык институттарга айланышы шарт. Алардын адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик органдар жана дегеле укук коргоочу уюмдар менен өнөктөштүк мамиледе болушу өтө маанилүү.
Аталган мекемелерди жана алардагы жарандарды колдоонун зарылчылыгын түшүнүп, “Бир Дүйнө – Кыргызстан” мониторингдер учурунда коронавирусту алдын алуу жана андан коргонуу үчүн зарыл каражаттардын тизмесин тактады. Натыйжада 3,8 мин доллардан ашык акчага товарлар сатылып алынды. Булар: комбинезондор, респираторлор FFFP3, респираторлор KN95, санитайзерлер, бетти коргоочу экрандар, коргоочу көз айнектер, үч катмарлуу бет каптар, баштык чокойлор (бахилдер), латекстен кол каптар, хлорсуз дезинфекциялоочу каражаттар, хлор, антисептикалык самындар, кир жуучу күкүм, жүз аарчылар.
Каражаттардын биринчи партиясы Чүй облусундагы төмөнкү мекемелерге тапшырылды: Красная речка мектеп-интернаты, Дмитриев толук эмес мектеп-интернаты, Беловодскидеги мектеп-интернаты, Военно-Антоновкадагы балдар үйү; Токмоктогу аралаш психикалык-неврологиялык стационардык социалдык мекеме, Токмоктогу эркектер үчүн психикалык-неврологиялык стационардык социалдык мекеме.
Андан тышкары, биз ЖАМКнын төмөнкү түзөтүү колонияларына гуманитардык жардам берүүгө даярбыз: №3, №19, №14, №2, СИЗО-1, №47.
Аталган колдоо АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынган “Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде укуктарды коргоо жана CV-19 вирусунун кесепетин алдын алуу” аттуу долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Гуманитардык жардам 2021-жылдын 30-майына чейин квартал сайын берилет.