«2020-жылдын 12-июнунда саат 16.00дө Бишкек шаардык административдик сотунда Азимжан Аскаровдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө административдик доосун кароо боюнча соттук отурум улантылат».
Июн 11.2020«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылынын
ПРЕСС-РЕЛИЗИ
2020-жылдын 12-июнунда саат 16.00дө Бишкек шаардык административдик сотунда (Ибраимов көч. 64, телефон: 0312 681390, 622731) Азимжан Аскаровдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө административдик доосун кароо боюнча соттук отурум улантылат.
Буга чейин, 2020-жылдын 1-июнунда болуп өткөн сот процессинде судья Ч. Досмамбетова анын соттогу келтирген жүйөөлөрүн тастыктоочу материалдарды чогултууга Өкмөттүн өкүлү үчүн убакыт берүү максатында 2020-жылдын 12-июнуна чейин тыныгуу жарыялаган.
Байкоочу катары катышууну каалаган эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн, уюмдардын дипломатиялык миссияларын түздөн-түз Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылуусун же катышуучунун аты-жөнүн 2020-жылдын 11-июну, саат 12.00гө чейин birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги, көчүрмөсүн aidabaikg@gmail.com дареги, 0550184095 телефону, вотсап номери аркылуу жиберүүнү өтүнөбүз.
2020-жылдын 1-июнундагы процесс боюнча маалымат:
Соттун курамы: судья Досмамбатова Ч.М., катчысы Назарбекова А.
КР Өкмөтүнөн: Бараков Д., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сот өкүлчүлүгүнүн борборунун» эксперти.
КРнын Акыйкатчы Институту: Токтобек уулу Албан, «Эксперттик-укуктук бөлүмдүн эксперти».
Процессте Азимжан Аскаровдун кызыкчылыгын адвокаттар Валерьян Вахитов жана Хусанбай Салиев, коомдук коргоочу Толекан Исмаилова жакташты.
Эске салсак, 2019-жылдын 23-ноябрында журналист, сүрөтчү, укук коргоочу Азимжан Аскаров Кыргыз Республикасынын премьер-министри М. Д. Абылгазиевдин наамына БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин
мамлекет тарабынан Азимжан Аскаровдун укуктары: 7-берененин өз алдынча жана 2-берененин 3-пункту менен биргеликте; 9-берененин 1-пунктунун; 10-берененин 1-пунктунун жана Жарандык жана саясий укуктар боюнча Пакттын 14-беренесинин 3 (b) жана (e) пункттарынын бузулушу таанылган 2016-жылдын 31-мартындагы чечимин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө маалымат берүү боюнча кайрылуу жолдогон.
БУУнун Адам укуктары боюнча Комитети укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата кыйноолор жана катаал, адамгерчиликсиз жана кадыр-баркын басмырлаган мамилелер колдонулгандыгын аныктаган. Ошондой эле, мамлекет жогоруда көрсөтүлгөн Пактта каралган келишимдик милдеттенмелерди бузуу менен, мамлекеттин укуктук системасында каралган жана мыйзам тарабынан белгиленген натыйжалуу укуктук каражаттарды камсыз кылган эмес. Аскаров мыйзам тарабынан белгиленген процедуралардын бузулушу менен эркиндигинен ажыратылган, кишенделген жана камоого киргизилген. Аскаровдун адвокаттары жана жактоочулар топтун кол салуусуна дуушар болгон, адвокаттардын өмүрүнө коркунуч келтирилген, соттор басмырлоо жана коркутуп-үркүтүү атмосферасында өткөн.
Бул иш боюнча Түшүндүрмөнүн 10-пункту аркылуу Комитет мүчө-мамлекетти Азимжан Аскаровду токтоосуз бошотуу боюнча чараларды кабыл алууга, зыяндын ордун толугу менен толтурууну камтуу менен соттуулугун жок кылууга милдеттендирген. Административдик доодо Азимжан Аскаров
Адам укуктары боюнча БУУ Комитети Түшүндүрмөлөрдү кабыл алгандан бери 4 жылдан ашуун убакыт өткөндүгүн белгилеп өттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КРнын Конституциясынын 83-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат, ал өзүнө конституциялык мыйзам тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында 2016-жылдын 31-мартындагы адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткаруу боюнча эч кандай практикалык чараларды жүзөгө ашырган жок.
Ошондой эле, сот процессинин жүрүшүндө аныкталгандай, Өкмөт тарабынан "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамынын талаптары бузулуп, Азимжан Аскаровдун кайрылуусуна жооп өз убагында кайтарылган эмес.
Процессте А.Аскаровдун кызыкчылыгын коргогон тараптар төмөндөгүдөй позициясын билдирип, соттон өтүнүштү:
Мамлекет тарабынан Адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин Түшүндүрмөлөрүнүн аткарылбагандыгы, Азимжан Аскаровдун укуктары:
7-берененин өз алдынча жана 2-берененин 3-пункту менен биргеликте; 9-берененин 1-пунктунун; 10-берененин 1-пунктунун жана Жарандык жана саясий укуктар боюнча Пакттын 14-беренесинин 3 (b) жана (e) пункттарынын бузулушу таанылган 2016-жылдын 31-мартындагы № 2231/2012 CCPR/C/116/D/2231/2012 иш боюнча КРнын Өкмөтүнүн аракеттерин жараксыз деп таануу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн төмөнкүлөрдүн негизинде милдеттендирүү:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пункту менен ага берилген ыйгарым укуктарына ылайык, Азимжан Аскаровдун бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча чаралар өңүтүндө; анын негизинде жана аткарылышында:
- Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Пакттын жана аталган Пактка Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 12-январындагы КРнын Жогорку Кеңешинин токтому менен кошулган № 1406-XII факультативдик протоколунун 1-беренеси менен;
- Кыргыз Республикасы 1996-жылдын 26- июлунда кошулган N 46 "Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиле жана жазанын түрлөрүнө каршы" Конвенциясынын;
- Кыргыз Республикасы 1997-жылдын 5-июлундагы № 49 (КР үчүн 10-июнь, 1999-жылы күчүнө кирген) мыйзамы аркылуу кошулган эл аралык келишимдер жөнүндө Вена Конвенциясынын;
Адам укуктары боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткаруу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
2016-жылдын 31-мартындагы анын укуктары бузулду деп таанылган № 2231/2012 CCPR/C/116/D/2231/2012 иш боюнча БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Түшүндүрмөлөрү жаатында Өкмөт тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө А. Аскаровго кабарлоо.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: Өкмөт тарап административдик доого өзүнүн каршылыгын жана жүйөөлөрүн келтирди. Сурамжылоонун жүрүшүндө Өкмөттүн өкүлү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун укуктарын калыбына келтирүү боюнча БУУ Комитетинин чечиминин аткарылышы боюнча кабыл алынган көрсөтүлгөн жана ырасталган чаралар жөнүндө материалдарды келтире алган жок.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту: Акыйкатчы институтунун өкүлүнүн позициясы таң калыштуу болду, ал судьянын "Доону колдойбу же жокпу" деген суроосуна: «Соттун кароосуна жараша" деп жооп берди. Акыйкатчы өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекке алгандыктан, "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (омбудсмени) жөнүндө" мыйзамдын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун талаптарына туура келбейт деп эсептейбиз.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы сот процесси административдик сот өндүрүшүнүн бардык негизги принциптерин сактоо менен иштиктүү конструктивдүү нукта өткөндүгүн белгилейт.
Бардык суроолор боюнча адвокат В. А. Вахитовго 0703 407 293 телефону аркылуу кайрылыңыздар.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы