Тобокелдиктер жана каргашалар боюнча биргелешкен кайрылуу
Авг 30.20222021-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын июль айына чейин болуп өткөн Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан лидерлер жана активисттер үчүн «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана “Аялдардын лидерлигин илгерилетүү менен чечимдерди кабыл алуу процессине аялдардын саясий катышуусун кеңейтүү” онлайн мектебинин катышуучулары улуттук бийликтин, мамлекеттик органдардын, Акыйкатчы Институтунун, эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын көңүлүн бийликтин бардык деңгээлдери менен жергиликтүү жамааттардын ортосундагы ажырымды төмөндөтүүгө, тоо экосистемаларын жана мөңгүлөрдү калыбына келтирүүгө, курчап турган чөйрөгө терс таасир этүүсүн төмөндөтүүгө, COVID-19 багытталган пандемиясынын жайылышы жана глобалдык жылуулуктун таасиринде суу ресурстарынын сакталышына багытталган биргелешкен аракеттер ишке ашыруу зарылдыгына бурат.
2018-жылдан бери «Бир Дүйнө» Кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча глобалдык ассоциация менен өнөктөштүктө өткөрүп келген «Алдыдан көз караш» («Взгляд с Передовой») иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча дүйнө жүзүндөгү эң эле радиоактивдүү жайлардын ондугуна кирген 92 уран калдыктарын сактоочу жайды камтыган тобокелдик зоналарында КРнын Коопсуздук Кеңешин, Министрлер Кабинетин, негизги мамлекеттик органдарды, ӨКМди, Саламаттыкты сактоо министрлигин, Акыйкатчы Институтун, ЖӨБну тартуу менен жергиликтүү жамааттар үчүн тобокелдиктерге жана кырсыктарга каршы туруу жана ачыкка чыгарууга ар тараптуу жана сапаттуу мамиле кылуу үчүн жергиликтүү пландарды жана аракеттердин стратегияларын иштеп чыгуу абдан маанилүү.
Мындан аркы антропогендик таасир этүүлөр учурларындагы бир кыйла тобокелдиктер жана коркунучтар радиациянын Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрдүн бардыгында таралышына байланыштуу. Суу түтүктөрүндөгү суу менен камсыз кылуу маселеси курч коюлууда. Өлкө боюнча жалпысы 653 айылда ичилүүчү таза суу жок. Жыл сайын курч ичеги-карын ооруларынын 30 миңдей учуру катталат. Суунун булгануусу жана санитардык шарттары боюнча Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн арасында 104-орунда жайгашкан. Калктын адекваттуу санитардык-гигиеналык шарттарга жеткиликтүү болуусу жаатында оор кырдаал байкалат.
Экологиялык натыйжалуулук индексинин (EPI) 2020-жылдагы дүйнөлүк рейтингине ылайык, Кыргызстан экологиялык абал жана экосистемалардын жашоо жөндөмдүүлүгү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы туруу, калктын саламаттыгынын абалы, экономикалык ишмердүүлүктүн практикасы жана анын курчап турган чөйрөгө жүктөмүнүн даражасы, ошондой эле, экология жаатында мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу боюнча 180 өлкөнүн ичинен 126-орунга чыккан.
Тобокелдиктерди жана коркунучтарды жеңүү үчүн жергиликтүү жамааттарга региондордун добушун локалдыктан глобалдыкка чейин принциби боюнча чечимдерди кабыл алуучу жактарга жеткирүү абдан маанилүү, айрыкча көңүлдү өтө кооптуу райондордо жашашкан жергиликтүү жамааттардын ден соолугуна жана өмүрлөрүнө кыйла коркунуч келтириши ыктымал болгон курч чек ара чыр-чатактарына буруу зарыл. Азыркы тапта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ушундай кооптонуу бар. Баткен облусундагы куралдуу чыр-чатактын жыйынтыгында Кыргызстандын 36 жараны, анын ичинде 12 жаштагы кыз, 5 жаштагы бала жана ушул өңдүү адамдар курман болушту, 100дөн ашуун адам жабыркады, жергиликтүү миңдеген жашоочулар кыйроого учураган жана тонолгон турак-жайларын калтырып кетүүгө аргасыз болушту. Инфраструктуранын бир топ бөлүгү, мектептер, ФАПтар, социалдык объектилер жана үйлөр толугу менен жок болду. Ошону менен бирге болуп өткөн чыр-чатактын кайрадан кайталанышы мүмкүн деген коркунуч жана тобокелдик бар, бул жергиликтүү жамааттардын арасында олуттуу коркунучту жаратат. Калктын көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик органдар тарабынан кыйроого учураган имараттарды калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер жөнүндө сапаттуу маалымат алууга муктаж, буга байланыштуу жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процесстеринде жарандардын бирдей катышуусун камсыз кылуу мааниге ээ.
Кыргызстандын бардык аймактарындагы активдүү айымдар үчүн Лидерликтин онлайн мектебинин катышуучулары тобокелдиктерди жана коркунучтарды жеңүү боюнча, айрыкча, чыр-чатактардын жана кырсыктардын терс таасиринин биринчи кезектеги курмандыгы болушкан аялдар жана кыздар сыяктуу жарандардын аярлуу топтору үчүн биргелешкен аракеттер үчүн конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгү жөнүндө бийлик менен диалог түзүү үчүн натыйжалуу инструменттерди издөөнүн үстүндө иштешти.
Ушуга байланыштуу, биз Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров мырзаны, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин, КРнын аял парламентарийлеринин форумун, Министрлер Кабинетин, Акыйкатчы Институтун, эл аралык уюмдарды жана финансылык институттарды төмөндөгүдөй демилгелер менен чыгууга чакырабыз:
- Басмырлоо жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук кылуу фактыларында жарандык мониторингдин жана көзөмөлдүн натыйжалуулугун күчөтүүгө көмөкчү болууга, аймактарда чыр-чатактарды жана кырсыктарды алдын алуу боюнча комплекстүү өбөлгөлөрдүн форматын биргелешип иштеп чыгууга;
- Шаарлар менен жамааттардын ортосундагы ажырымды төмөндөтүү үчүн донордук программалардын жардамы жана гендердик теңчилик жана өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук программаларды локалдаштырууга көмөкчү болуу;
- Жамааттардан Аракеттердин Сендай платформасы сыяктуу глобалдыкка чейинки көп тараптуу шериктештикке көмөкчү болуу, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №1325 резолюциясын аткарылышын жүзөгө ашырууну, Универсалдуу Мезгилдик отчет алкагында Кыргызстандын катышуусун жана БУУнун туруктуу өнүгүү Максаттарын илгерилетүү;
- Жаратылыш ресурстарын келечек муундардын кызыкчылыктарын эске алуу менен үнөмдүү колдонуу. Азыр экосистемаларды коргоо жана калыбына келтирүү, жарандардын экологиялык аң-сезимин кескин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген чараларды кабыл алуу маанилүү;
- Улуттук жана трансчектик аймактык масштабда ыкчам таасир этүүчү чараларды кабыл алуу үчүн кырдаалдын төмөндөшүнүн себептеринин конкреттүү тизмесин аныктоо. Тобокелдиктердин, чыр-чатактардын жана кырсыктардын көйгөйлөрүн чечүүдө Министрлер кабинетинин жана эксперттик, илимий жамааттардын, демилгечил жарандардын күчтөрүн бириктирүү маанилүү;
- БУУ мамлекеттеринин демократиялык стандарттарынын жана Сендай алкактык программасынын принциптеринин негизинде тобокелдиктерди жана коркунучтарды алдын алуу боюнча Иш-аракеттердин улуттук пландарын иштеп чыгуу боюнча көп тараптуу диалогдук платформаны түзүү;
- КРнын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №58 «Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын 2018-2030-жылдарга өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо Концепциясы жөнүндө» Токтомуна мөңгүлөрдүн азайышына байланыштуу уран калдыктарын сактоочу жайлардан радиациянын таралуусунун жогорулоосунан келип чыккан тобокелдиктердин жаңы тобокелдиктерди жана кырсыктарды эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө;
- Коронавирус пандемиясынын таасиринде жергиликтүү жамааттарда социалдык-экономикалык жагдайдын оорлошу менен катар тобокелдиктер жана кырсыктар шарттарында жашаган алыскы калктуу пункттардын, айылдардын ортосундагы ажырымды кыскартуу зарылдыгына чечимдерди кабыл алуучу жактардын көңүлүн буруу өтө маанилүү;
- Жамааттардагы аял лидерлердин иштерин таануу жана колдоо, чечимдерди кабыл алуу процесстеринде аялдар лидерлиги жана саясий катышуусу боюнча өнөктөштүк тармактарын түзүү боюнча демилгелерге көмөкчү болуу.
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» аялдар лидерлиги онлайн мектебинин катышуучулары
№ |
ФИО, регион |
1 |
Калыкова Назбүбү, Баткен облусу, Кадамжай району |
2 |
Мамыралиева Венера, Баткен облусу, Кадамжай району. |
3 |
Ботобекова Жылдыз Жапаровна, Баткен облусу, Кадамжай району, Кудук айылы. Жергиликтүү Кеңештин депутаты. |
4 |
Капарова Эльмирахан Кочкоровна, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кызыл-Туу айыл өкмөтү, Таштак айылы |
5 |
Амасбаева Насипкүл Абдыкадыровна, Ысык-Көл облусу, Түп району, депутат |
6 |
Эгембердиева Бурулхан, Баткен облусу, Кадамжай району, Кудук айылы |
7 |
Наргиза Кичибаева, Баткен облусу, Кадамжай району |
8 |
Раимбабаева Орозгүл, Ош облусу, Араван району, Кичик-Алай айылы |
9 |
Жакыпова Мунира, Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл өкмөтү, Кудук айылы |
10 |
Джумабаева Карима Мирзалиевна, Ош шаары. |
11 |
Карымбаева Нурия, Нарын облусу, Кочкор айылы |
12 |
Мондурбаева Индира Муканбетовна, Нарын району, Дөбөлү айылы |
13 |
Иманалиева Мунара Рахатбековна, Нарын облусу |
14 |
Осмонкулова Гүлзада, Жалал-Абад облусу, Токтогул району. |
15 |
Абдыкасымова Курманжан Каныбековна, Сары-Колот айыл аймагы, депутат |
16 |
Курманбаева Жумагул, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы, жергиликтүү кеңештин депутаты. |
17 |
Дарманова Динара, Баткен облусу, Кадамжай району, Кудук айылы. |
18 |
Шалпыкбаева Роза Курманбековна, Бишкек, "Кайрымдуу Эне" КФ, жетекчи |
19 |
Шералиева Айсалкын Абдрахмановна, Кызыл-Кыя шаары |
20 |
Чалабаева Салтанат, Кызыл-Кыя шаары |
21 |
Кудайбердиева Үмүт, Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл өкмөтү |
22 |
Көчөрбаева Гулиза Таштанбековна, Чүй облусу, Панфилов району, Күрпүлдөк айылы, тарбиячы |
23 |
Жумаева Феруза, Баткен облусу, Кадамжай району |
24 |
Кабылбекова Назира, Токтогул району |
25 |
Кабылбекова Надира, Токтогул району, Бала-Чычкан айылы, башталгыч класстын мугалими |
26 |
Мансурова Гүлназ, Баткен облусу, Кадамжай району |
27 |
Джумалиева Чинара Саматбековна, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району |
28 |
Халбаева Светлана, Кызыл-Кыя, "Луч солнца" КБ директору |
29 |
Уметалиева Жанара Касымбековна, Нарын району, Лахол айылы. |
30 |
Шабдыраева Чолпон Амантуровна Репетитор ZA+ онлайн окуу борбору. тренер жана жарандык активист Нарын шаары |
31 |
Абдуллаева Айгул Баткен облусу Кадамжай району Орозбеков айылы |
32 |
Токтосунова Алия, Нарын облусу, Кочкор району |
33 |
Мелибоева Тазагул Жигитовна, Чуй облусу, Кара-Балта шаары, Полтавка айылы |
34 |
Колдошова Назила, Баткен облусу, Кадамжай району, Сырт айылы. |
35 |
Жусупова Роза, Араван району, Мангыт айыл өкмөтү |
36 |
Молдалиева Мээрим Болотбековна, Нарын облусу, Жумгал району, Байзак айыл аймагы, Байзак айылдык кенешинин төрайымы |
37 |
Бополонова Төлөбүбү Садыбакасовна, Нарын облусу, Оттук айылы, Жергиликтүү кеңештин депутаты |
38 |
Абдалим кызы Шахзада, Баткен шаары |
39 |
Жолболду кызы Ыхвалай, Кызыл-Кыя шаары, шаардык мэриянын башкы адиси |
40 |
Жумгал району, Жаңы -Арык айылдык Кеңешинин төрайымы, Акматалиева Медина |
41 |
Каракозуева Эркингүл, Телман айылы, котормочу |
42 |
Айгул Кочкор кызы, Баткен шаары, жеке ишкер |
43 |
Колдошова Гулнара Жолболдуевна, Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары |
44 |
Калыкова Клара, Нарын облусу |
45 |
Муратова Манзура Исраиловна, Кызыл-Кыя шаары, соцзащита, башкы адис. |
46 |
Мансурова Кайринса Абдикалиловна, Баткен облусу, Кадамжай району |
47 |
Насиридинова Бегимай, Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айылы |
48 |
Мурзабаева Нургүл, Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл өкмөтү, Кудук айылы |
49 |
Курманалиева Арзыгүл, Нарын облусу, Коңорчок айылы. |
50 |
Мадалиева Нургүл Акимовна, Жалал-Абад облусу, Көк-Серек айыл аймагы, Тенги айылы. Башталгыч кл. мугалими. АДК төрөайымы тоб |
51 |
Кулбачаева Анипакан, Талас району, Сасык-Булак айылы, мугалим |
52 |
Токтобаева Мария, Кара-Кулжа району, пенсионер, |
53 |
Эсеналиева Жыпар, Нарын району, Жерге-Тал айылы |
54 |
Жумабаева Гулмира, Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл өкмөтү, Кудук айылы |
55 |
Мыктыбек кызы Наристе, Ысык-Көл району, Бостери айылы |
56 |
Иманбекова Оксана Юрьевна, Талас облусу, Кара-Буура району |
57 |
Юсупова Сурмахан, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Ырыс а/к депутаты, мугалим |
58 |
Роза Мусалиева, Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы. |
59 |
Абакирова Назира Жумабековна, Нарын шаары |
60 |
Каракучукова Айсулуу, Нарын району, Куйбышев айылы. |
61 |
Сабатарова Махабат Джумабековна, Талас району, Бердике баатыр айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештин депутаты |
62 |
Сманова Расия Жалиловна, Талас облусу, Бакай-Ата району, Миң-Булак айылы, мугалим |
63 |
Жээнбаева Жумагул Эргешовна, Кызыл-Кыя шаары. |
64 |
Абдалим кызы Айкол, Баткен обл., Кадамжай району |
65 |
Ташибекова Гулбарчын, Алай району |
66 |
Джолдубаева Алтынай |
67 |
Темирбекова Гулкайыр, Чүй облусу, Орловка |
68 |
Алиева Зуура, Баткен облусу, Айдаркен шаары |
69 |
Табалдиева Наргиза, Ош облусу, Өзгөн району, Большевик айылы, мугалим |
70 |
Пазылава Карамат, Ош облусу, Алай району |
71 |
Раимбабаева Орозгүл, Ош облусу, Араван району, Кичик-Алай айылы |