КЫРГЫЗСТАН: ЖАРАНДЫК КООМЧУЛУК УЧУРДАГЫ КААТЧЫЛЫК МЕЗГИЛИНДЕ ПИКИР АЛЫШУУГА, АДАМ УКУКТАРЫН УРМАТТООГО ЖАНА МЫЙЗАМ ҮСТӨМДҮГҮН САКТООГО ЧАКЫРАТ
Окт 13.20209-октябрь, 2020-ж.
Биз, «Жарандык шериктештик» (ЖШП) Платформасынын - Европанын, мурдагы Советтер Союзунун жана Түндүк Американын укук коргоо тармактарынын мүчөлөрү Кыргызстандын жарандык коомчулугуна бул борбордук Азия өлкөсүндөгү учурдагы саясий каатчылык жана толкундоолор мезгилиндеги адам укуктарын урматтоого жана мыйзам үстөмдүгүн сактоону камсыз кылууга болгон күч-аракеттерине шериктештигибизди жана колдообузду билдиребиз.
Биз Кыргызстандын бийлигин, ошондой эле, бийликке барууну көздөгөн бардык топторду улуттук жана эл аралык укуктардын алкагында так аракет кылууга, азыркы тапта дүрбөлөң кырдаалды, бийлик үчүн күрөштү жана мыйзамсыздыкка келтирилген коркунучтарды алдын алуу максатында, ошондой эле, өлкөнүн демократиялык өнүгүү ыргагын улантуу мүдөөсүндө кызматташтык жана пикир алышуунун пайдасына тандоо жүргүзүүгө, зордук-зомбулукка жол бербөөгө чакырабыз. Атап айтканда, төмөнкүлөргө:
- Бардык тараптардын катышуусу менен учурдагы карама-каршылыкты токтотуу боюнча ыкчам чараларды макулдашуу, мамлекеттик органдардын иштөөсүн камсыз кылуу жана өлкөнүн мыйзамдарына жана Конституциянын талаптарына ылайык бийликти тынч өткөрүп берүүгө көмөктөшүү үчүн сүйлөшүүлөргө;
- Толугу менен эл аралык стандарттарга туура келген жана чындыгында элдин эркин чагылдырган жаңы, эркин жана акыйкат парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө;
- Азыркы каатчылык маалында адамдын негизги укуктарынын, анын ичинде сөз жана ЖМКнын эркиндигин, тынч каршылык көрсөтүүгө укукту, биригүүлөргө эркиндикти, демократиялык катышууга укукту, кыйноолорго же катаал мамилелерге, мунун ичинде ашыкча күч колдонуунун жыйынтыгында, туш болбоо укугун, мындан тышкары, жашоого жана жеке кол тийбестик укугун камтуу менен коргоого;
- Журналисттерди, укук коргоочуларды жана бузуулардын курмандыктарына жардам берген жана учурдагы окуяларды документтештирген башка жактарды коргоого;
- Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелеринин сакталышын камсыз кылуу жана каатчылыкты чечүү үчүн зарыл болгон чаралар жөнүндө жарандык коомчулук жана эл аралык уюмдар менен консультацияларга;
- Күчөп бараткан социалдык, анын ичинде регионалдык жана этникалык мүнөздөгү чыңалууну алып салуу жана жарандардын коопсуздугун сактоону камсыз кылуу боюнча натыйжалуу чараларга;
- Өткөөл учурдагы сот адилеттиги, айкындуулук, коррупция менен күрөшүү, мыйзам үстөмдүгү, бийликтин бөлүштүрүлүшү, демократиялык укуктук башкаруу принциптерин карманууга жана адам укуктарынын бузулушуна, анын ичинде өлкөдөгү учурдагы жана буга чейинки каатчылыктарга байланышкан бузууларга күнөөлүү тараптардын саясий жана башка таандыктыгына карабастан, жоопкерчиликке тартылышына;
- Мындан тышкары, кырдаал мүмкүнчүлүк берер замат парламенттик шайлоолор убагындагы бузуулар жөнүндөгү бардык ырасталган учурларды, ошондой эле, бардык күнөөлүү жактарды жоопко тартуу максатында шайлоолордон кийинки каршылыктарга байланыштуу жүргүзүлгөн адам укуктарынын башка бузулуу учурлары жана ашыкча күч колдонуу боюнча ырастоолорду тыкыр жана калыс текшерүүгө чакырабыз.
Биз ошондой эле, Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнө Кыргызстандагы азыркы таптагы каатчылыкты тынч жөнгө салууну камсыз кылууга көмөкчү болууга жана жогоруда көрсөтүлгөн чакырыктарды алдыга жылдыруу үчүн алардык карамагындагы бардык каражаттарды колдонуу өтүнүчү менен кайрылабыз.
«Жарандык шериктештик» платформасынын төмөнкү мүчөлөрү кол коюшкан:
Адам укуктары үчүн эл аралык шериктештиги (МППЧ, Бельгия)
Норвегиялык Хельсинки комитети
«Бир Дүйнө - Кыргызстан” укуктук кыймылы
«Кадыр-Касиет» (Казакстан) коомдук бирикмеси
Minority Rights Group Europe (Венгрия)
Армениянын Хельсинки комитети
Македониянын Хельсинки комитети
Ванадзор Хельсинки жарандык ассамблеясы (Армения)
ЕККУнун швед тармагы
Б. Звозсков атындагы белорус адам укуктары үйү (Литва)
«Согласие» ИЖЖ (ВПЛ) аялдар ассоциациясы
Promo-LEX ассоциациясынын кыйноолордун курмандыктарын психосоциалдык жана медициналык калыбына келтирүү грузин борбору (Молдова)
Болгария Хельсинки комитети
Адам укуктары борбору (Грузия)
Адам укуктарын жана демократияны өнүктүрүү борбору (Россия)
DRA - Немис-орус алмашуусу (Германия)
Адам укуктары боюнча Хельсинки комитети (Польша)
Truth Hounds (Украина/Грузия)
«Сова» маалыматтык-аналитикалык борбор (Россия)
«Дон аялдары» адам укуктарын жана жарандык коомду алдыга жылдыруу фонду (Россия)
«Коомдук вердикт» фонду (Россия)
Укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү адам укуктарынын сакталышынын украин мониторлорунун ассоциациясы (УМДПЛ)
Катышуу жана өнүктүрүү борбору (Грузии)
Нидерланд Хельсинки комитети
LIBERECO – адам укуктары үчүн шериктештик (Германия/Швейцария)
Тынчтык жана эркиндик үчүн эл аралык аялдар лигасы (Германия)
«Коомдук альтернатива» Харьков регионалдык фонду (Украина)
Crude Accountability (АКШ)
Адам укуктарынын үйлөрү фонду (Швейцария)
Кыйноолорго каршы эл аралык уюму (ККЭАУ, Швейцария)
Freedom Now (США)
Humanrights.ch (Швейцария)
Швейцария Хельсинки комитети
«Весна» укук коргоо кыймылы (Белоруссия)