Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “БДК" укук коргоо кыймылынын” ЦЕНЗУРЛООНУН зыян келтирүүсүнөн өз оюн билдирүү жана сөз эркиндигин коргоого уюмдун өтүнүч кат

Янв 24.2024

ПРЕСС – РЕЛИЗ

17-январь, 2024-жыл                                                                                Бишкек шаары

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “БДК" укук коргоо кыймылынын” ЦЕНЗУРЛООНУН зыян келтирүүсүнөн өз оюн билдирүү жана сөз эркиндигин коргоого уюмдун өтүнүч кат (ходатайство) келтирүүсүнүн негизинде кайрылуусу боюнча чечим чыгарды

"Бир Дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы” Кыргызстанда цензурага жол берген айрым нормативдик-укуктук актылар бар экендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылып, анда аталган нормалар Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ошондой эле, Кыргыз Республикасы сактоо үчүн кабыл алган эл аралык келишимдердин нормалары тарабынан кепилденген адам эркиндиктерин чектээри жана укуктарын буза тургандыгы айтылган.       

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасында ЦЕНЗУРАГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ. Бул норма ИМПЕРАТИВДИК норма болуп эсептелет.

  Биз тараптан талашылып жаткан “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамындагы нормалар жогоруда көрсөтүлгөн КОНСТИТУЦИЯЛЫК ЧЕКТӨӨнүн мазмунунунун жана маанисинин алкагынан тышкары чыгарылган.

Мыйзамдын 5-статьясынын 2-абзацына ылайык, ЦЕНЗУРАДАН ӨТКӨРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ, бирок, ошол эле учурда өзгөчө учурлар бар экендигине эскертме берилип, аталган мыйзамдын 6-статьясынын 2-абзацына шилтеме келтирилип, ошол эле цензурадан өткөрүүнү жүзөгө ашыруу тартибин бекиткен нормативдик-укуктук акты аныкталган: “Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген”.

Андан ары карасак, КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жобонун 4-пунктуна ылайык: “Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө болжолдонуучу аудиовизуалдык чыгармалар милдеттүү түрдө мамлекеттик жүгүртүү күбөлүгүн алуу үчүн "Кыргызфильмофонд" (мындан ары - Кыргызфильмофонд) кинематография уюмдары жана фильмдерди жүгүртүүчүлөр тарабынан берилет”. 

Ошентип, Жобо жарандарды атайын экспертизадан өтүүгө жана мамлекеттик күбөлүк алууга, тактап айтканда, фильмди көрсөтүүгө “расмий уруксат” алууга милдеттендирет, тагыраак айтканда, аудиовизуалдык чыгармаларды түздөн-түз цензурадан өткөрүүгө талап коет.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамынын 3-статьясынын 4-абзацына ылайык, фильмди жүгүртүү түшүнүгү - фильмди ар кандай формада жана ар кандай жол менен жайылтуу – деп түшүндүрүлөт. Мыйзам тарабынан фильмдер жайылтылган (көрсөтүлүүчү) иш-чаралардын бул толук тизмеси эмес. Иш жүзүндө ага элдик фестивалдар, семинарлар, ар кандай акциялар менен катар үйлөнүү үлпөттөрү, мааракелер, туулган күндөр сыяктуу көптөгөн жеке үй-бүлөлүк салтанаттар дагы кириши мүмкүн. Ошону менен бирге аталган иш-чараларда аудиовизуалдык чыгармалар өз алдынча жана ошондой эле, буйрутма менен даярдалышы, видеого тартылышы, монтаждалышы мүмкүн. Муну менен аталган процедуралар тасмаларды көрсөтүүнү уюштуруучуларга (физикалык жана юридикалык жактарга) өздөрүнүн ойлорун, пикирлерин жана ынанымдарын кандай жол менен болбосун тоскоолдуксуз  таратууга, билдирүүгө чектөө салат.

Бүгүн биз укукка каршы аракеттери үчүн ЦЕНЗУРА жана ЖООПКЕРЧИЛИК ИНСТИТУТУ деген институттардын ортосундагы АЙЫРМАНЫ АЧЫК белгилеп алышыбыз керек.

ЦЕНЗУРА маалыматка жеткиликтүүлүк менен ой билдирүү эркиндигин кысымга алуучу негативдүү институт болуп саналат. Жана бүгүнкү биздин контекстте кинематография чыгармаларынын жеткиликтүү болушу үчүн адамдарга шарттарды түзүүдө, киноискусство чыгармаларын жаратууда жана колдонууда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолдуктарды жаратат.

ЦЕНЗУРАДАН айырмаланып, ЖООПКЕРЧИЛИК ИНСТИТУТУ улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке, калктын адеп-ахлагын жана саламаттыгын коргоого, адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого залакасын тийгизген маалыматты жайылтууну ЧЕКТӨӨГӨ милдеттенет. Жана  ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЖАНА УКУКТУК МАМЛЕКЕТТЕ кылмыш жана кылмыш-процесстик мыйзам ченемдери менен аныкталган.

Биз ушуга байланыштуу негизги жүйөөнү келтиргенбиз -  мамлекеттин, анын органдарынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана алардын кызматтык адамдарынын ЦЕНЗУРАНЫ жүзөгө ашырууга УКУКТАРЫ ЖОК.

ДЕМЕК,  Кыргыз Республикасында ЦЕНЗУРАГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ.

2024-жылдын 17-январында Конституциялык сот ачык отурумунда укук коргоо уюмунун кайрылуусун карады.

Угууга: тараптар – жоопкер – КР Жогорку Кеңеши, үчүнчү жак – КР Конституциялык сотундагы Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Юстиция министрлиги, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги катышышты. Аталган ведомстволордун өкүлдөрү талашылган нормаларды коргоого алышты жана Кыргызстандын Конституциясына алардын карама-каршылыгын карашкан жок.

КР Конституциялык соту позицияларды жана тараптардын пикирлерин угуп, материалдарды өздөштүргөн соң, чечим кабыл алды жана анын резолюциялык бөлүгүн – укук коргоо уюму тарабынан талашылган “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамынын нормалары КР Конституциясына карама-каршы келбейт деп жарыялады.

"Бир Дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму КР Конституциялык сотунун толук негизделген жана мотивдештирилген чечимин алгандан кийин ой-пикирлер жана аларды билдирүү эркиндиги жөнүндө маселе боюнча БУУнун Атайын баяндамачысына кайрылууну көздөп жатканын билдирет.

Биздин уюм  ЦЕНЗУРАНЫН зыян келтирүүсүнөн өз оюн билдирүү жана сөз эркиндигин коргоо боюнча иште өнөктөштөрдүн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Бардык суроолор боюнча Тимур Арыковго: 0770341720 тел. номуру аркылуу кайрылыңыздар.

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg