Белгилүү укук коргоочуу Ондүруш Токтонасыров:

Бир дүйнө - Кыргызстан аталган фестиваль жеке өзүм ар дайым чыдамсыздык менен күткөн салтанатка айланып калган. Эмнеси менен жагат? Эң башкысы, бул татаал дүйнөдө адамдар түрдүү шарттарда, кырдаалда, жашоо образдарыбыз ар башкача күн кечиребиз да. Ага жараша ар бир бирибиздин тагдырларыбыз түрдүү дегендей. Кайсыл өлкөнүн жараны болбойлук жашоодогу укуктарыбызды толук биле бербейбиз, билген күндө деле эмне себептен бузулуп жатканын эмне тоскоол болгонун аңдабайбыз же өзүбүз жашап жаткан системадагы ыкмалар жолтоо болот.Адам укуктары боюнча уникалдуу ушул фестиваль дал ушул көйгөйдү камтуусу, ушул маселеге басым жасап, түрдүү өлкөлөрдөн эксперт , көрүнүктүү ишмерлерди, темага байланыштуу маселени көтөрүп чыккан, эмгек жараткан кино документлисттерди бир аянтчага чогултатканы менен өзгөчө жагат.
Эмесе, адам укугунун корголушун жактаган катардагы эле жаран катары"Бир дүйнө Кыргызстан - 2022" фестивалга келген меймандарга салам жолдойм. Сиздер менен кызыктуу жана унутулгус кездешүү, маектешүү, талкуулар, кечтер бирге өттүү.
Бирге бололу!
ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ОТЧЕТТУ шилтемеден көрсөңүздөр болот
https://drive.google.com/file/d/16sBMm2aKC6Eu-4EnXCW4yzdu7q9hLy7B/view