Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу гуманитардык жардам алды
Ноя 19.2020Буга чейин ушул жылдын октябрь айында “Бир Дүйнө – Кыргызстан” Чүй облусундагы бир катар психиатриялык ооруканаларына, балдар үйлөрүнө коронавирусту алдын алуу жана андан сактануу үчүн каражаттарды тапшырган. Булар: Красная речка жана Дмитриев мектеп-интернаттары, Беловодскидеги көмөкчү мектеп-интернаты, Военно-Антоновкадагы балдар үйү; Токмоктогу аралаш психоневрологиялык оорукана жана Токмоктогу эркектер психоневрологиялык ооруканасы.
Ушул айда гуманитардык жардам Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына өткөрүлдү жана андан ары төмөнкү жабык мекемелерге тапшырылышы керек: №2, №3, №14, №19, №47 жана СИЗО-1.
Коргонуу жана дезинфекциялоочу каражаттар 2 мин АКШ долларга чукул баага сатылып алынып, ичине буларды камтыйт: комбинезондор, респираторлор, санитайзерлер, бетти коргоочу экрандар, коргоочу көз айнектер, үч катмарлуу бет каптар, латекстен кол каптар, дезинфекция шаймандары, кир жуучу күкүм. Жалпысынан жогоруда саналып өткөн бардык жабык мекемелерге жана балдар үйлөрүнө тапшырылган гуманитардык жардамдын биринчи партиясы дээрлик 4 мин АКШ долларына бааланат.
Бул каражаттардын тизмеси ушул жылдын 26-сентябрынан 23-октябрына чейин Кыйноолорду алдын алуу Улуттук борбору жана Акыйкатчы институту менен бирге мекемелерди кыдыруудан кийин түзүлгөн.
Аталган колдоо АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасы тарабынан колдоого алынган “Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде укуктарды коргоо жана CV-19 вирусунун кесепетин алдын алуу” аттуу долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Гуманитардык жардам 2021-жылдын 30-майына чейин квартал сайын берилет.