ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРГА КАЙРЫЛУУ
Сен 27.2021Биз, "Аялдардын лидерлиги жана саясатка катышуусу" аталышында 2021 -жылдын 22 -сентябрынан 24 -сентябрына чейин Ош шаарында өткөрүлгөн Тренерлер үчүн улуттук тренингдин катышуучулары, Генералдык катчы Антониу Гутеррештин БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн, коопсуздукту жана өнүгүүнү камсыздоо максатында Ооганстанда жана Борбор Азияда аймактык өнөктөштүктү түзүү тууралуу сөзүнөн1 шык алдык.
"Бириккен Улуттар Уюмунун ар бир үй -бүлөсү тынчтыкты, туруктуу өнүгүүнү, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо максаттарына жетишүү үчүн Борбордук Азия жана Ооганстан өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жана интеграцияны кеңейтүүгө көмөктөшүүгө даяр."
Биз коопсуздук, өнүгүү жана тынчтык маселелерин чечүү үчүн жана карапайым калк менен бийликтин бардык деңгээлдеринде чечим кабыл алган чиновниктердин ортосундагы ажырымды азайтуу үчүн дүйнөдөгү жаңы тобокелчиликтерди жана кырсыктарды эске алуу менен коомчулуктардан баштап глобалдык деңгээлге чейин биргелешкен үгүт кампанияларын жүргүзүү үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-чи "Аялдар, Тынчтык жана Коопсуздук" Резолюциясынын принциптерине таянуу маанилүү деп эсептейбиз.
Аялдар менен кыздардын билим алуу, кесип тандоо жана ресурстарга жетишүү мүмкүнчүлүктөрү, дал бүгүнкү күндө, мурда болуп көрбөгөндөй тең укуктуулукка ээ болушу керек. Бул үчүн жарандардын жарандык жана саясий укуктарынын мейкиндигин тарытпастан, аларды чыңдоо жана жарандардын экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын кеңейтүү маанилүү. Борбордук Aзия чөлкөмүндөгү чыр -чатактардын жана кырсыктардын алдын алуу максатында, бул чөлкөмдө топтолгон системалык көйгөйлөрдү жана тобокелдиктерди туура чагылдырып берүүдө жарандардын өз оюн билдирүү эркиндиги жана сөз эркиндиги дал бүгүнкү күндө аябай чоң маанигэ ээ.
Мындан жыйырма жыл мурун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-чи "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" Резолюциясы, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого аялдардын тең жана толук катышуусун камсыздоонун канчалык маанилүү экендигин дагы бир жолу тастыктады. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-чи Резолюциясынын алкагында 4-чү Иш –чаралар планын кабыл алуу алдында турат.
Биз Кыргыз Республикасынын бийлигинин коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөөгө багытталган иш-аракеттерин колдойбуз жана ошол эле учурда Борбордук Азиядагы аймактык коопсуздук көйгөйлөрүн эске алуу менен адам укуктарынын универсалдуулугун коргоого жана илгерилетүүгө, качкындардын, укук коргоочу аялдардын укуктарын коргоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга, коопсуздукту жана өнүгүү үчүн позитивдүү реформаларды жүргүзүүнү камсыздоо максатында эл аралык милдеттенмелердин негизинде жамааттардан баштап глобалдык деңгээлге чейинки бийликтердин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, дискриминацияны жана зомбулуктун ар кандай түрлөрүн жоюуга көңүл бурууга чакырабыз.
Биз, Ооганстандагы гуманитардык катастрофа сыяктуу жаңы тобокелчиликтерден улам БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-чи Резолюциясынын регионалдык күн тартипке коюлушун жактайбыз. Биз, Ооганстандагы укук коргоочу аялдардын укуктарынын корголушун жана Борбордук Aзия өлкөлөрүнүн баш калка издегендерди коргоо жана качкын статусун берүү боюнча баардык эл аралык милдеттенмелерин аткарышын жактайбыз.
Биз аялдардын укуктарын коргоо, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо Күн тартибин, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-чи Резолюциясынын алкагында Улуттук иш-чаралар планынын аткарылышы жана мониторинги маселелерин жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо максатында кеңири консультацияларды өткөрүүгө чакырабыз.
Биз куралсыздануунун тараптарыбыз жана аймактагы, дүйнө жүзүндөгү аскердик агрессияга каршыбыз, биз аялдардын аймактык диалогдорго жана форумдарга тең укуктуу катышуусун, тынчтыктын, гендердик теңчиликтин жана адилеттүүлүктүн болушунун тараптарыбыз.
Биз БУУга, Европа Биримдигине, дипломатиялык корпуска жана эл аралык уюмдарга кайрылуу менен Ооганстандагы укук коргоочу жана активист аялдарга, кооптуу чөйрөдө турган жана чукул жардамга муктаж болгондордун баарына виза берүү маселесин тез арада чечүүдө жардам берүүлөрүн сурайбыз.
Урматоо менен,
"Аялдардын лидерлиги жана саясатка катышуу" ТүТдин катышуучулары, "Бир Дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы, WLP, өнөктөш уюмдар: