ЭЧ КИМ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАБЫК МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ НАБЫТ БОЛБОШУ КЕРЕК!
Июн 15.2022Күч түзүмдөрүнүн, аткаминерлердин, соттордун жазага тартылбай калуусу, сот акыйкаттыгына жана иликтөөгө жеткиликсиздик Кыргызстандын жабык мекемелериндеги соттон тышкаркы өлүм жазаларынын жаңы учурларына алып келет.
ЖАМК[1] мекемелеринде камалгандардын өлүмгө кириптер болуусунун статистикасын карап көрсөк, адамдар абактарда Жашоого болгон фундаменталдык укуктарынан ажырап, көз жумуп жатышат. Мамлекет адамды соттоо менен, аны эркиндигинен ажыратат, анткени менен, анын жашоосуна жана коопсуздугуна кепилдик болушу керек!
Политолог Марат Казакбаевдин кайгылуу өлүмү, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өз мезгилинде, сапаттуу медициналык жардам албай көз жумушу - соттон тышкаркы өлүм жазасынын коомчулукка белгилүү болгон учурлары.
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров мырзага, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А.Б. Абдрахматова айымга Кыргызстандын жабык мекемелеринде жазаларын өтөгөн жана тергөөгө алынган жарандардын өлүмгө учуроо фактыларын ыкчам, ар тараптуу иликтөө зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жолдошууда.
«Бир Дүйнө Кыргызстан» УК уюму түптөлгөндөн баштап эле КРнын абактарында жашоого болгон укук үчүн күрөшүп келе жатышат, 2005-жылы жабык мекемелерге мониторингдерди жүргүзгөн болсо, 2005, 2007-жылдардагы төңкөрүштөр маалында укуктардын бузулуу фактыларын документтештирген.[2]
2010-жылдан бери укук коргоочу, абийир туткуну жана укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу жана коргоо үчүн күрөшүп келди. 11 жыл аралыгында укук коргоочулар, адвокаттар анын иши боюнча 49дан ашуун сот жараяндарына катышышты. [3]. Тилекке каршы, 2020-жылдын 25-июлунда Азимжан Аскаров 47-абакта каза тапты. Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун көзү өткөн күндөн баштап эле биз укук коргоочунун өлүмүнө көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жана анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы үчүн күрөшүп келе жатабыз.
Бүгүнкү күндө эркиндикке чыгуудан үмүттөрү үзүлгөн адилетсиз соттолгон миңдеген башка курмандыктар, акырындап өлүмгө жетеленип бараткан оорулуулар түрмөлөрдө калууда.
Буга байланыштуу:
- Кыргызстанда абактагылардын укуктарынын корголушунун стандарттарына кепилдик берген "Н.Манделланын принциптери" сакталышы керек!
- КРнын жабык мекемелериндеги оорулуу, аярлуу адамдарга жаза өтөөнүн альтернативдүү чаралары колдонулушу керек!
- Абактардагы өлүмгө учуроонун бардык учурлары көз карандысыз иликтөөгө алынышы зарыл!
- Кыргызстандын мыйзамдарын бузган аткаминерлердин жоопкерчиликке тартылбай калуусуна жол берилбейт!!!
ЭЧ КИМ ЖАБЫК МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ НАБЫТ БОЛБОШУ КЕРЕК!
ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛБАЙ КАЛУУ БҮТҮНДӨЙ КЫРГЫЗСТАНДЫ ЖОК КЫЛАТ!
Суроолор пайда болсо, кичи пейилдикке, «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмуна birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги, 0550184095 телефону аркылуу кайрылыңыздар.
[1] https://24.kg/obschestvo/125270_vtyurmah_kyirgyizstana_zapolgoda_umerli_23cheloveka/
[2] https://www.crisisgroup.org/ru/europe-central-asia/central-asia/kyrgyzstan/kyrgyzstan-s-prison-system-nightmare
[3] https://www.fidh.org/IMG/pdf/kyrgyzstanobsrusse2017bassdef.pdf
[4] https://rus.azattyk.org/a/30746383.html