COVID-19 пандемиясына каршы күрөштүн алкагында Чүй облусунун балдар мекемелерине жана убактылуу кармоо изоляторлоруна гумжардамдын кезектеги партиясы тапшырылды
Дек 23.2020Пресс-релиз
23-декабрь 2020-ж.
COVID-19 пандемиясына каршы күрөштүн алкагында Чүй облусунун балдар мекемелерине жана убактылуу кармоо изоляторлоруна гумжардамдын кезектеги партиясы тапшырылды
“Бир Дүйнө Кыргызстан” Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору менен бирге корановируска байланыштуу Чүй облусунда жабык мекемелерди жана балдар үйлөрүн кыдыруусун улантууда. Алардагы кызматкерлер жана адамдар менен жолугушуулардын алкагында COVID-19ду алдын алуу жана коргонуу жаатында көйгөйлөр аныкталып жатат. Мындан тышкары, адам укуктарынын корголушуна байланыштуу маселелер ачыкка чыгууда (алдын ала отчет www.birduino.kg сайтында жеткиликтүү)
Жолугушуулардын жыйынтыгы менен аныкталган зарыл каражаттар АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен “Балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде укуктарды коргоо жана CV-19 вирусунун кесепетин алдын алуу” аттуу долбоорунун алкагында акысыз тапшырылып жатат.
Гуманитардык жардамдын экинчи партиясы төмөнкү мекемелерге тапшырылды: Республикалык балдар жана үй-бүлө үчүн атайын адистештирилген борбор (Токмок ш.), Чүй балдар үйү (Токмок ш.), “Максат” калыбына келтирүү борбору (Бишкек ш.), Беловодскидеги психоневрологиялык балдар мекемеси, ошондой эле, Токмок, Кара-Балта, Кемин шаарлары жана Панфилов районундагы 4 убактылуу кармоо изоляторлору.
Аларга жеке коргонуу каражаттары (СИЗ), респираторлор, санитайзерлер, үч катмарлуу бет каптар, латекстен кол каптар, дезинфекциялоочу каражаттар, самын, кир жууганга күкүм жана жалаяктар (балдар мекемелерине) берилди. Экинчи партия 3 мин 700 доллардан ашык акчага бааланат.
Эске салсак, буга чейин мындай гумжардам Красная речка мектеп-интернатына, Дмитриев толук эмес мектеп-интернатына, Беловодскидеги мектеп-интернатына, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө; Токмоктогу аралаш психикалык-неврологиялык стационардык социалдык мекемеге, Токмоктогу эркектер үчүн психикалык-неврологиялык стационардык социалдык мекемеге жана №2, №3, №14, №19, №47 түзөтүү колонияларына, СИЗО-1ге тапшырылган.
Квартал сайынкы жардам үч этап менен 2021-жылдын 30-майына чейин тапшырылып турат.